Лекция №2

Слайд №2      Тема: Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын мезгилдештирүү жана анын хронологиясы.

Тарыхтын бардык ири бөлүмдөрү мезгилдештирүү аркылуу окуп үйрөнүлөт. Мезгилдештирүү -  бул тарыхты кандайдыр бир критерийлерге таянып ыраттуу түрдө  алмашылуучу, бири-биринен сапаттуу түрдө  айырмалануучу чон этаптарга, мезгилдерге ажыратуу.

  Алгачкы жамаатык  коомдун тарыхын мезгилдештирүү бир топ татаал.Ага карата атайын жана жалпы тарыхий мезгилдештирүү колдонулат. Атайын мезгилдештирүүгө археологиялык, палеоантропологиялык, геологиялык  мезгилдештирүүлөр кирет.

  Археологиялык мезгилдештирүүгө негиз катары эмгек куралдары жасалган материал жана алардын жасалуу техникасы пайдаланылат. Байыркы рим философу жана акыны Лукреций Кар алгач адамдар таш куралдарын пайдаланганын,аны коло куралдары, аларды болсо темир куралдары алмаштырганын жазган. 19-кылымда башталган материалдык маданияттын алгачкы эстеликтерин классификациялоо илимий жактан негизделген археологиялык мезгилдештирүүнү түзүүгө  алып келди. Даниялык окумуштуу К.Томсен археологиялык маалыматтарга таянып алгачкы жамаатык коомду таш,коло жана темир замандарына ажыраткан.Кийинки изилдөөчүлөр  (Француз археологу Г.Мортилье, швед  археологу  Монтелиус ж.б.) алардын ар бирин өз алдынча мезгилдерге бөлүштү. Азыр археологдор тарыхты замандарга (таш,коло,темир) замандарды доорлорго (палеолит,мезолит,неолит) доорлорду мезгилдерге (эрте,кеч) мезгилдерди маданияттарга (алгачкы табылган жердин аталышы боюнча) ажыратышат.Палеолитти үч (эрте,ортонку,кечки) кээде эки (төмөнкү,жогорку) мезгилге ажыратышат.

  Европада төмөнкү палеолитте – ашель, мустье маданияттары, жогорку палеолитте – ориньяк,солютрей, мадлен маданияттары, мезолитте – азиль, тарденуаз маданияттары бири-бирин ырааттуу түрдө  алмаштырган. Неолит доору, коло жана темир кылымдары да ар бири бир нече маданияттардан турат.

  Археологиялык мезгилдештирүү бир кыйла ынгайлуу,бирок аны алгачкы жамааттык коомдун тарыхынын негизги мезгилдештирүүсү катары кабыл алууга болбойт. Себеби, ал доорлорду эмгек куралы жасалган материалдар жана аларды жасоо техникасы боюнча гана айырмалаайт, ал эми коомдук мамилелердин эволюциясын көрсөтө албайт. Эмгек куралдары боюнча адамдардын коомдук мамилелеринин мүнөзүн аныктоо мүмкүн эмес. Анткени, бир эле археологиялык доордо ар кайсы элдер ар башка коомдук түзүлүштө жашаган. Мисалы, Чыгыштын айрым өлкөлөрүндө коло кылымында таптык коом түзүлгөн, ал эми Европада ж.б аймактарда бул кезде уруулук түзүлүш өкүм сүргөн. Экинчиден, жаратылыш  чөйрөсүнө жараша өнүгүү  денгээли бирдей эле болгон  элдердин арасында темирди пайдаланбагандар бар. Ошондой эле  жагдайды коло, кээде таш жөнүндө да айтууга болот. Археологиялык мезгилдештирүү региондор боюнча мезгилдештирүүдө чон роль ойноп жатат.

  Археологиялык  мезгилдештирүүнү хронологиясы менен төмөндөгүдөй элестетүүгө  болот:

               Геологдор жер кыртышынын өткөн мезгилин төрт эрага (архей,палеозой,мезозой,кайназой) бөлүшөт. Эралар мезгилге, мезгил доорлорго ажырайт. Адамзаттын тарыхы кайнозой эрасы менен байланыштуу.Ал эки: үчүнчүлүк жана төртүнчүлүк мезгилдерге бөлүнөт. Кээде төртүнчүлүк мезгилден азыркы деп аталган мезгилди бөлүп көрсөтүшөт. Үчүнчүлүк мезгил 69 млн.жыл, төртүнчүлүк мезгил – 1,2млн.жыл,азыркы мезгил – 14-10 мин жыл мурда башталган. Төртүнчүлүк мезгил эки доорнго: плейстоцен (муз каптоо алдындагы жана муз доорлору 1,2млн.ж.- 14-10 м.ж.) жана голоцен (муз каптоодон кийинки доор 14-10м.ж. башталат) бөлүнөт. Геологиялык мезгилдештирүүнүн негизинде адамзаттын жаш курагын,алгачкы жамааттык коомдун баштапкы этабын аныкташат.

        Палеонтропологиялык мезгилдештирүү адамдын биологиялык эволюциясына негиздешет. Ал археологиялык мезгилдештирүүгө үндөш. Анда архантроптун, палеонтроптун жана неоантроптун жашаган доорлору  бөлүнүп  көрсөтүлөт  жана алардын аталыштары ар кайсы окумуштууларда ар  түрдүү. Жалпысынан төмөндөгүдөй систематика колдонулат:

         Гомо хабилистердин (колу жөндөм адам) орду талаштуу.Айрымдар аларды али адамга айлана элек дешсе,башкалар адам катары киргизишет.

        Хронология – бул тарыхий эстеликтин мезгилин аныктоо.Эстеликтердин мезгилин аныктоо маанилʏʏ тарыхий милдеттердин бири болуп саналат,анткени тарыхий булактардын датасы баалуулукка ээ болот.Тарых илиминде мезгилди аныктоо ʏчʏн абсолюттук жана салыштырмалуу хронология колдонулат.

        Абсолюттук  хронология  окуялардын  миң жылдыгын, кылымын айрым учурда айын, күнүн да көрсөтөт. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы боюнча абсолюттук так датаны  мүмкүн  эмес. Бул мезгилге тиешелүү дата салыштырмалуу гана болушу мүмкүн. Салыштырмалуу хронология окуялардын так мезгилин  кɵрсɵтпɵйт,б.а.убакыт бирдигин колдонбойт. Ал  окуялардын иретин,б.а. кайсыл окуя мурда, кайсы окуя кийин болгондугун гана көрсөтөт. Салыштырмалуу хронология археологиянын, геологиянын, палеонтологиянын, маалыматтарына таянат,анткени эмгек куралдарынын кайсыл түрү качан пайда болгондугу, геологиялык катмарлардын качан пайда болгондугунун болжолдуу мезгили, жок болуп кеткен жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашаган мезгили, тигил же бул климаттын өкүм сүргөн мезгили белгилүү.

          Абсолюттук датаны аныктоонун төмөндөгүдөй ыкмалары колдонулат:

- изотоптук радиокарбондук жана калий  аргондук (датаны радиактивдүү  элементтердин  ажыроо мезгили боюнча аныктайт) Радиактивдүү элементтер өз алдынча башка элементтерге ажырайт, ал туруктуу ылдамдык менен өтөт, адатта жарым ажыроо мезгили менен, б.а.бир радиактивдүү  элементтердин атомдорунун жарымы башка элементтин атомдоруна айлануусу үчүн зарыл болгон убакыт менен өлчөнөт. Радиоуглероддук метод углерод изотобунун ( ) жарым ажыроо мезгилине аянат. Ал 5730 жылга барабар. Бул метод 40миң жылга чейинки мезгилди аныктоого жарамдуу, калий аргон методу калий бар жерлерде колдонулат. Дата калий менен аргондун сандык катышына жараша аныкталат, анткени калий ажырап аргонго айланат. Бул методдун жардамы менен 2млн жылга чейинки мезгилди аныктоого болот.

-геохронологиялык (чопонун жылдык катмарлары боюнча аларды,мезгилдерди,доорлорду ажыратуу;

-дендохронологиялык (дарактардын жылдык шакекчелери боюнча мезгилди аныктоо);

-гляциологиялык (жогорку кендикте муз каптоонун мезгилдери боюнча).Б.з.ч. 1,2млн. – 11-10мин жж.мурда Түндүк  Америка менен түндүк Евразияны муз каптап суу климат өкүм сүргөн. Германия, Польша,Улуу Британия аралдары муз астында калган. Памир,Тянь-Шянь, Алтай, Кавказ тоолорун этегине чейин муз каптаган.Муздун калындыгы 1-2км га жетип,алга жылып кайра тартылып турган. Изилдөөчүлөр аталган  мезгилдин ичинде 4 жолу муз каптоо болгонун, максималдуу чекке жеткенде 45млн. аянтты ээлегендигин аныкташкан. Ал мезгилдер Швейцариядагы айылдардын атынан гинц, миндель, рисс, жана вюрм деп аталат. Алардын мезгилдик шкаласы төмөндөгүдөй:

-палеоклиматтык (төмөнкү кеңдикте жаан чачын менен кургактыктын кезектешсү боюнча. Тропикалык аймакта (Түштүк Азия,Африка) Түндүктөгү муз дооруна жаан-чачын мезгили туура келет).

-археомагниттик метод (чоподон күйгүзүлүп жасалган буюмдардын датасын аныктайт). Чопонун  ферромагниттик аралашмасы бар. Алардагы магниттүүлүк чопонун 670 градуска ысытканда жоголот жана муздаганда кайра калыбына келет. Жердин магниттик талаасы дайыма өзгөрүп тургандыктан аралашмада чопонун муздаган мезгилиндеги Жердин манниттик талаасы сакталып калат. Атайын прибордун жардамы менен чопо буюмдагы калган  магниттүүлүк аныкталат,ал жердин магнит талаасынын мурдатан келаткан белгилүү вариациялары менен салыштырылат. Ошентип буюмдун күйгүзүлгөн датасы аныкталат.

-Фтор,коллаген,азот саны боюнча датаны аныктоо.Алар сөөктүн минералдашуу (органикалык заттар органикалык эмес минералдык эмес бирикмелерге айлануусу) процессин изилдөөгө негизделет. Жерде жаткан сөөктүн составы өзгөрөт. Топурактагы туздардын таасири менен органикалык бөлүгү  бузулат. Натыйжа анын химиялык составы менен минералдык жана минералдык эмес бөлүктөрүнүн сандык катышы өзгөрөт. Көп мезгил жерде жаткан сөөктө коллаген менен азот азаят,ал эми фтор көп болот.

      Коло доорунан баштап байыркы цивилизациялардын эстеликтеринин негизинде чыныгы датаны аныктоого мүмкүн.

       Цивилизациялар пайда болгонго чейинки ошондой эле алгачкы жана кийинки цивилизациялар менен жанаша жашаган коомдорду ажыратып кароо зарыл.Анткени кийинки цивилизациянын таасирине көбүрөөк кабылышкан. Цивилизацияга чейинки коомдорду апополитей, ал эми цивилизация менен жанаша жашаган коомдорду симполитей коомдору деп ажыратышкан.