Семинардык сабак №14,15

IV- БӨЛҮМ

Слайд №14                         Алгачкы жамааттык коом

 

Тема №8

Аткаруунун түрү жана тапшырмалар

Компе-

тен-

циялар

б-ча тек-

шерүү коддору

Алгачкы жамааттык коомдун эрте мезгили

 

Максаты:

·         Жогорку палеолиттеги өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнүн себептерин талдоо;

·         Мезолит доорунданы чарбага мүнөздөмө берүү;

·         Эрте мезгилдеги нике жана үй-бүлө жана рухий маданият менен таанышуу аркылуу өзгөчөлүктөрүн аныктоо;

ИК-5,

ИК-4

ИК-4,

ЖКК-1

Аткаруунун түрү:   "Зигзаг"

Бул эмне?

Бул окуучуларга көп сандагы окуу материалын аз убакыттын ичинде иштеп чыгууга мүмкүндүк берген биргелешип окутуу методу.

Эмнени өнүктүрөт?

Социалдык (коммуникативдик) көндүмдөрдү.

Аналитикалык-синтетикалык көндүмдөрдү (эң маанилүү идеяларды, өз ара байлыныштын  бардыгын, резюме жасоо жөндөмүн  бөлүп  көрсөтүү ж.б.у.с.

Презентациялоо көндүмдөрүн.

Кантип аткаруу керек?

1-кадам.

Материалды тандап, аны логикалык бөлүктөргө бөлүңүз (4-6 бөлүктөргө).

2-кадам.

Тандалып алынган  материалдын бөлүктөрүнүн санына жараша 4-6 адамдан турган топторду  түзүңүз. Бул («боордош») топтун ар бир мүчөсүнө өзү үйрөнө турган материалдын бөлүгүнө туура  келүүчү номер бериңиз.

3-кадам.

Үйрөнүлүүчү материалды бөлүштүрүңүз.

4-кадам.

«Эксперттик» топторду түзүңүз. Окшош номерлүү студенттер бир топко биригишет. «Эксперттик» топтун милдети материалды үйрөнүү жана «боордош топто» эң мыкты презентациялоо ыкмасын аныктоо.

5-кадам.

Студенттер «боордош» топторуна кайтып келишет жана өз ара маалымат менен алмашат. Эксперттин милдети топтун ар бир  мүчөсү материалдын өзү жооп бирген бөлүгүн өздөштүрүүсүн камсыз кылууда  турат.

Иштин жыйынтыгында топтун ар бир мүчөсү бүтүндөй материал менен тааныш болот.

6-кадам.

Студенттердин  материалды түшүнүүсүн текшерип, жыйынтыктарды чыгарыңыз.

Текшерүүнүн түрлөрү:

·  Эксперттердин презентациялары;

·  Жазуу иштери;

·  Суроолорго жооп берүү;

·  Тесттик тапшырмалар.

«Зигзагтын» вариациялары

Материалды мындан да терең, максаттуу окуп-үйрөнүү үчүн тексттин ар бир бөлүгү боюнча ачык суроолор камтылган «эксперттик барактарды» даярдаңыз.

Окутуучуга биздин кеңештер

·                    Коллективдүү таанып – билүү ишмердигиндеги кыжы-кужуга даяр болуңуз.

·                    «Эксперттик» жана «боордош» топтордогу иш үчүн жетишерлик өлчөмдөгү убакыт бериңиз (20 минута).

·                    Жардам көрсөтүүгө умтулуңуз, зарыл учурда топторго консультация бериңиз.

 

1-кадам: Боордош топтор

1-11.png     1-12.png 

 

1-13.png

2-кадам: Эксперттик топтор

1-14.png         1-16.png 

 

1-15.png

3-кадам: Боордош топтор

 1-11.png   1-12.png

 1-13.png       4-кадам: (милдеттүү эмес) Эксперттердин презентациялары

      1                           2                            3                               4

1-20.png 

 

Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      История первобытного общества. Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

5.      Марков Г.Е. История хозяйства и материальной культуры в первобытном и раннеклассовом обществе. М.,1976.

6.      Муравьев В.В. Производство жизни, болезнь и смерть, в древнем обществе: пербытная эпоха и Древный Восток. Сыктыквар; СПб.,2006.

7.      Померанцев Н.А. Первобытное искусство: От древнейших культур к ранним цивлизациям. М.,2006.

8.      Шер. Я.А. Происхождение искусства: одна из возможных гипотез //ВДИ. 1997. №1. С.61-82.

9.      Марков Г.Е. Релгиозные верования. Предпологаемый гензис и история //Этно-Журнал// http:www.ethnonet.ru/rupub/0503-02.html