Лекция №23

Тема:Таптардын пайда болушу, эксплуатациянын алгачкы түрлөрү.

Кечки жамаатык коомдун аягында чоң үй-бүлөлөр өзүнчө чарба катары обочолоно баштады. Чарбалык негизги ячейка чоң үй-бүлөлөр  болгондон  кийин алардын  ортосунда экономикалык мүмкүнчүлүгү боюнча айырмачылык келип чыккан. Натыйжада артыкбаш азык түлүк бир же бир нече үй-бүлөдө башкаларга караганда көбүрөөк  топтолот. Ал эми аларды сактоо жайлары эми эле түзүлө баштаган. Мындай учурда мүлктүк теңсиздиктин байыраак үй-бүлөлөрдүн пайдасына чечилишинин маанилүү жолу кадыр-барк экономикасы болгон. Ал потлачтын кеңири жайылышынын дагы бир себеби болгон. Жеке менчик мамилелеринин чыңдалышы жеке үй-бүлөлөрдүн  да чыңдалышына алып келет. Бул  чоң-үй-бүлөгө да кадыр-барк экономикасына  тиешелүү мамилелердин кирүүсү менен коштолот. Бул жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы байлыктар менен кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу принцибине алмаштырды. Бул эквиваленттүү алмашуудан бара-бара бир жактын көп алышына өтөт. Коомдук азык-түлүктү өз пайдасына бөлүштүрүүгө коомду башкаруу функциясына катышкан үй-бүлөнүн мүчөсүнүн мүмкүнчүлүгү бар болчу. Коомдук, чарбалык  турмуштун татаалданышы менен башкаруу функциясы өндүрүштөн бөлүнүп чыга баштаган. Кийинки өнүгүү процессинде башкаруу иши адистешүүнү талап кылды. Артыкбаш азык-түлүктүн болушу адистешүү мүмкүндүгүн пайда кылат. Башкаруу ишинин коомдук баркы да өсөт.Ошентип башкаруу ишине катышуу коомдук азык-түлүктү бөлүштүрүүгө катыштырат. Азык-түлүктү мындай кайра бөлүштүрүү башкарууга катышкан кишилердин кадыр-баркын көтөрөт. Анын артынан ошол кишилердин жамаатынын да кадыр баркы көтөрүлөт.

Башкаруу функциясынын  адистешүүсү ага катышкан кишилердин чарбалык жумуштан бошогондугун билдирет. Андан ары алардын үй-бүлөсү жумуштан бошойт. Ошентип кошумча азык-түлүктү кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен  жашаган өндүрүштө эмгектенбеген адамдардын тобу пайда болот. Демек, эксплуатация  да калыптана баштайт. Өндүрүштө иштебеген катмардын пайда болушу жогорку социалдык статус коомдук азык-түлүктүн көпчүлүк бөлүгүн  ээлеп алууга ммүмкүнчүлүк берерин билдирет. Ошентип, коомдук  азык-түлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн  негизинде социалдык жиктелүү пайда болот.

Коомду башкаруу функциялары да маанилүүлүгүнө  жараша жиктеле баштайт. Ошого жараша коомдук азык-түлүктүн алуу иерархия пайда болду. Мындай көрүнүш коомдун бардык мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат жана ал жол башчы менен катардагы мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара милдеттүүлүк катары түшүнүлөт. Башкаруу функциясын аткаруучулараны толук өздөрүнүн монополиясына айландырат жана үстөмдүк кылуу,баш ийүү. Көз карандылык келип чыгат. Алгачкы  эксплуатация  үстөмдүк кылуу, баш ийүү, көз карандылык менен мүнөздөлөт. Анын формалары: үй кулчулугу, жамааттын ичиндеги эксплуатация, салык толөө. Алар бир эле мезгилде чогуу болгон, бара-бара бирөө алдыга чыккан.

Кулчулук. Кулчулук коомдун социалдык жиктелүүсүн  тездетген жана таптардын, мамлекеттик түзүлүшүнө жол ачкан. Алгач согушта туткунга түшкөндөр кулга айландырылган. Алар  жол башчылардын үй-бүлөсүнө алынган – бул да жол башчылардын статусун көтөргөн. Алгач аялдар менен балдар алынган. Алгачкы учурда туткундардын статусу жеңгендердин статусу менен бирдей эле каралган. Кошумча азык-түлүктү алуу мүмкүнчүлүгү  пайда  болгондон аларга мамиле өзгөрөт. Аларды аялдар аткара турган жумуштарга чегеришет. Ошентип үй кулчулугу пайда болот.

Бул этапта кулга жакшы мамиле кылышкан. Ал белгилүү  бир убактан кийин жамаатын толук  мүчөсүнө айланган, мүлккө ээ болууга үйлөнүүгө ж.б. укуктары болгон. Ошентсе да алардын абалы төмөн турган: алар курмандыкка чалынган, жол башчылар өлгөндө кошо көмүлгөн.

     Коомдук өндүрүш өскөн сайын кулдардын эмгеги да кеңири пайдаланыла баштайт. Кул эмгеги үй чарбасынан  сырткары иштерге  пайдаланыла  башайт. Ошентип, өндүрүштүк кулчулук келип чыгат. Кулдардын санын көбөйтүүгө кызыкчылык жаралат, кулчулуктун мураска калышы, андан ары туугандарды үчүн кулга айландыруу сатып алуу булактары пайда болот.

 Жамаатын ичинде эксплуатациялоо  биринчиден, жамаатын ичинде өндүрүлгөн  кошумча  азык-түлүктү уруктун же  жамаатын ак-сөөктөрү өз пайдасына көбүрөөк бөлүүсү аркылуу жүрсө экинчиден, жамаатын жерин өзү каалагандай пайдалануу укугу аркылуу ишке ашырылган. Натыйжада жамаатын катардагы мүчөлөрүнүн көз карандылыгы пайда болот. Бул көз карандылык жол башчынын уюштуруучулук – башкаруучулук  функциясы  аркылуу улам  күчөп  олтурган.

Жамаатын ичинде экплуатациялоо кызмат принциби аркылуу да жаралышы мүмкүн. Мында мүлктүүлөр муктаждарга көрсөткөн жардамынан көп пайда тапкан: жардам алгандар  ал үчүн көбүрөөк иштеп берүүсү зарыл. Мындай сүткорчулуктун  натыйжасында  карызга батып күнкор болгондор пайда болот. Мал, дан, эмгек  шаймадарын ж.б. арендага  судага берүү  аркылуу да мүлкүн артырып турушкан.

Салык төлөөнүн пайда болушу таптардын пайда болуусу менен байланыштуу. Бирок кандайдыр бир формада алгачкы  жамаатык  коом бузулуп  баратканда  эле жаралган. Мисалы, натуралдык милдеткерлик. Тап пайда болуу доорунда согуштун күчөшү менен салык төлөө кеңири тарайт. Жеңилгендер жеңген  тарапка милдеткер болушат.  Ушундай эле милдеткерлик мамиле жамаатын ичнде жол башчылар менен катардагылардын  ортосунда  да  келип чыккан. Мында жолбашчылар коллективдин кошумча азык-түлүктөрүн, кээде зарыл болгон азык-түлүктү алып коюшчу.

Мүлктүн жана социалдык жектелүүнү ички себептерден (коомдук өндүрүштүн өүгүшү, артыкбаш азык-түлүктүн такай болуп турушу, кошумча азык-түлуктүн пайда болушу) тышкары сырткы себептер ( талоончул максаттагы согуш, алмашуу сооданын кеңейиши жана өнүгүшү) да тездеген.

Алгачкы жамаатык коом бузула баштаганда согуш башкы маанилүү иш чаралардан болуп калды. Кошумча кээде зарыл болгон азык-түлүктү талап тоноо жеңгедерге женил эле байлык топтоого мүмкүндүк берген. Бара-бара  согуш  дайыма жүргүзүлө турган иш болуп калды. Эркектер көбүнчө согуш ишине тартылат. Курал жарактар байыраак кишилерде  гана болгон. Ошентип мүлктүк теңсиздик күчөй баштайт. Аскер башчылардын ролу өсөт. Анын кесиби – согуш. Элден бөлүнгөн бийликтин пайда болушунун жана коомдук конфликтин  пайда  болушунун  бир жолу ушул  жерде. Коомдук  конфликт:  эски  бийлик  менен жаңы пайда болуп жаткан бийликтин конфликти.

Согуштун ролунун өсүшү коргонуу зарылдыгы социалдык топтун кеңейүүсүн талап кылат. Эми уруу алдыга чыгат. Ал  аскердик потестардык структурага  ээ болот. Андан ары уруулар союзу, уруулар конфедерациясынын түзүлүү тенденциясы пайда болот. Аскердик уюмдун андан ары чыңдалышы коомдук уюмдун аскердик-демократиялык, аскердик-ирархиялык формаларынын пайда болушуна алып келет. Алар таптардын жана мамлекеттин пайда болушундагы бир этап болуп калды. Согуш өзүнөн өзү тап, мамлекет түзүүгө объективдүү өбөлгөлөр  бар балсо согуш  алардын түзүлүшүшүн  тездетет.

Согуш таптар пайда болоор мезгилде талоончул мүнөздө болсо, бул процесстин аяктаар мегилинде басып алуучулук мүнөзгө ээ болгон. Басып алуучулук согуш таптардын түзүлүшүнө алып келген, ал универсалдуу эмес.

Таптардын  пайда  болушуна  жана  политогенездин  өбөлгөлөрүн  жаратууга алмашуу менен  сооданын да ролу бир топ. Жөнөкөй эле белек алмашуу белгилүү бир өлчөмдө  аны алгачкы  жамаатык коомдун бузулушун  алгачкы этабындагы  кадыр-барктуу алмашуудан көрүүгө болот. Кадыр-барктуу алмашууда алмашылуучу  буюмдар  реалдуу керектөөчү  наркы жок, бирок социалдык мааниден алганда ал өзгөчө баалу. Аларды алмашууга катышуу лидердин кадыр-баркын көтөргөн статусун бекемдеген.

Соода мүлктүк теңсиздикти тездеткен жана келечекте таптык  структуранын калыптанышынын эфектидүү  факторлрунун  бири болгон.  Бул өзгөчө алыска соода  кылууда ачык көрүнөт, себеби алыскы аралыкка  соода  кылуу  уюшкан  структураны талап кылат. Мындай структураны түзүүнү  коомдун башкаруучу  чөйрөлөрүнөн  чыккандар колго алат. Башкаруучу чөйрөдөн чыккандар же уруктун жана жамаатын  ушундай  структурага  ээ болгон төбөлдөрү  соодадан  түшкөн бир нече жамаатын кошумча азык-түлүлүгүн бөлүштүрүүнү өз колуна топтойт жана бир кыйла чоң этносоциялдык топтун башкаруучу катмарына айланат.

Көз карандылык, эксплуатация  мамилелеринин орношу, социалдык жана мүлктүн  дефференциясынын тереңдеши  коом  таптардын калыптанышы  аяктап калган чекке жеткендигин көрсөтөт. Андан ары коом таптык  коомго  айланат. “Таптар өндүрүштүн  тарыхий  жактан аныкталган белгилүү бир системасында ээлеген оорду боюнча, өндүрүш  каржатына  карата мамилеси  боюнча, эмгекти  коомдук  уюуштуруудагы ролу боюнча, байлыкты алуу жолу жана алган өлчөмү боюнча айырмалануучу адамдардын чоң тобу” (В.И.Ленин). Коомдук өндүрүштө ээлеген оордуна жараша бир топ экинчи топтун эмгегин өзүнө ыйгарып алат. Алгач жамаатык коом таптардын пайда болушу менен таптык коомго өтөт. Таптык коомдун мүмкүн болгон  вариянттары: кул ээлөөчүлүк коом,  феодалдык коом,  айрым  авторлордун ою боюнча азиялык коом.

Коомдун жиктелүүсүнүн натыйжасында башкаруу функциясын аткарган кишилер өзүнчө  социалдык катмарга айланат. Коомду башкаруучулук мураска кала баштайт. Коомдук кызмат жана коомдук фонд  бир топтун жеке менчиги катары кабыл алына баштайт. Ошентип коомдо өндүрүлгөн кошумча азык-түлүктү каалагандай пайдалануу укугун күч менен тартып алышат. Бул башкаруу функциясын аткарган кишилерде артыкча укуктардын пайда болушу менен коштолот. Мисалы: эгин айдаганга ыңгайлуу жер  участогун алат, туткундардын  арасынан  аялдарды  биринчи  болуп  тандайт,  көп аял алууга жол башчынын  гана укугу болот ж.б.

Таптардын түзүлүшүнүн аяктоо поцессинде жерге жеке менчиктин орношу милдеттүү шарт. Ошол эле учурда коомдо мүлксүз адамдардын тобу да калыптанды. Алар ар кандай жолдор менен көз каранды абалга айланат.