Лекция №20

Слайд №19  2.Мал чарбачылыктын өнүгүшү жана көчмөн чарбанын калыптанышы.

Эски дүйнөдө жана Түштүк Американын  айрым областтарында өндүргүч чарба башынан эле  комплекстүү болчу. Малдын түрлөрү географиялык-климаттык шартка жараша болгон. Байыркы малчылыктын өзгөчөлүгү мындай: күндүз мал ээн эркин жайылып  жүргөн, ал эми кечинде атайын короого же үйгө камашкан. Айрым кургакчылык райондордо жайында алыскы жайыттарга  айдап кетишкен. Малды өспүрүмдөр менен уландар баккан.

Дыйканчылыктын  интенсивдүү  түрлөрүнүн өнүгүшү менен малдарды дыйканчылыкта айдоо, эгин  бастыруу, ташуу, кыгы  менен  жер  семиртүү ж.б. пайдалана баштаган. Жерди тез-тез алмаштырып  турган  жерлерде тезек отун катары пайдаланылган. Ысык  жерлерде кык жер семирдүүгө жарабай калган.

Мал  чарбачылыкта сүттү жана жүндү пайдалануу меннен өнүгүүнүн жаңы деңгээли пада болгон.  Малдын жаңы асыл тукумдары  өстүрүлө башталды. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда Алдыңкы Азияда, Түндүк Африккада, Европада б.з.ч. V  м.ж. 2чи жарымында,  ал эми Түндүк  Месоподамияда  андан да мурда, б.з.ч. VII м.ж. эчки, кой саала баштаган. Сүт тамак-аш азыгы катары канчалык деңгээлде кызмат кылганы белгисиз. Алгач ритуалдык максаттарда  пайдаланылышы мүмкүн Б.з.ч.   Vм.ж. 2чи жарымынан тарта уй саала баштаган.

Мал  чарбачылыгы  менен  кесиптенген элдердин баары эле сүт азыктарын пайдаланган эмес. Ал мал  чарбачылыктын өнүкпөгөндүгүнө, саалуучу малдын жоктугуна, энтостук салттарга байланыштуу. Чыгыш  Африканын  элдери, европалыктар, түрк-монгол  элдери  малдардын  канын  да тамак ашка кеңири  пайдаланышкан.

Жылкы, төө. Эшек колго үйрөтүлгөндөн тартып унаа катары чоң мааниге ээ болду.

Жүк ташууда алгач кайык менен катар эчки жана кой пайдаланышы мүмкүн (азыр Кашмирде, Тибетте ушундай). Б.з.ч. VI-Vм.ж. жүк ташуу, минип жүрүү кеңири тараган. Букаларды чанага да чегишкен.

Арабанын табылышы унаадагы төңкөрүш болгон (1-сүрөт). Ал европанын түштүк-чыгыш бөлүгүндө б.з.ч. V м.ж. алгач жасалган деген божомол бар. Арабага алгач өгүздөрдү, эшектерди чегишкен. Б.з.ч.III м.ж. Орто Азиянын түштүгүндө  бактриан төөсү чегиле баштайт (2-сүрөт). Б.з.ч. II м.ж. тарта арабага жылкыны чеге башташкан.  Египетте анын бир түрү - эки дөңгөлөктүү араба (колесница) колдонулган. Алгач ага жылкы кийин букалар чегилген.

Жылкыны минип жүрүү качан, кайсыл жерден башталганы да талаш пикирлерди жаратып  келүүдө  (Түндүк Африка, Россиянын түштүгү ж.б.) Араба чарбанын өнүгүшүндө чоң роль ойносо да, таптык коомдун жаралышында анын ролун ашыра баалооого болбойт (араба колдонбогон элдерде да таптык коом жаралган). Ошол элде учурда адамдар өз күчү менен мегалиттик курулуштарды курган, өз буюмдарын өздөрү бир нече километр алыстыкка ташып барып соода кылышкан.

20-1.png

                                                                        1-сүрөт

20-2.jpg

   2-сүрөт

Көчмөнчүлүк калыптануу мезгили, орду жөнүндөгү маселе да талаш – тартыштуу. Азыр төмөндөгүлөрдү айтууга болот:

1.      Ар кайсы аймакта ар башка мезгилде пайда болгон.

2.      Ар кайсы аймакта аны стимулдаштырган факторлор башка болгон

3.      Анын өбөлгөлөрү комплекстүү чарбанын өнүгүшүнүн белгилүү  бир этабында пайда болгон.

Ошондуктан көчмөнчүлүктүн бир нече  модели жөнүндө сөз кылууга болот.

Калктын баары, же көпчүлүгү мал жайып туруктуу жылып жүрүүчү жашоо ыңгайы көчмөнчүлүк деп аталат. Эмгектин бөлүнүшү жамаатар же этностор арасында жүрөт. Мындай чарбада дыйканчылыктын да мааниси бар, бирок аны жүргүзүүгө бир аз гана киши калтырылат.

Көчмөнчүлүктүн  вертикалдык, меридионалдык, радиалдык (стационардык) түрлөрү бар. Вертикалдык түрү алгач пайда болгон.

Көчмөнчүлүктүн  эволюция моделдери:

1. Калктын өсүшү менен жердин жетишпегендиги, жамаатар арасындагы эмгектин бөлүнүшүнүн  натыйжасында  комплекстүү  чарбадагы элдердин бир түшүмдүү жерлердин бир тобу түшүмдүү жерлердин чет жакаларына жайгаша баштайт жана мал-чарбачылыкты өнүктүрөт ( Түштүк Африка, Алдыңкы Азия, Иран, Бактрия, Кытайдын түндүк жагы).

2. Интенсивдүү дыйканчылык жайытты тарытат да малга болгон муктаждыкты күчөтөт. Ошондуктан  дыйкандар өз малдарын артта калган кошуналарына берип бактырат же алардан мал алып турат. Бул дыйканчылыктын чет жакаларында малчылыктын өсүшүнө түрткү берет. (Түндүк-чыгыш Индия, Африка, Нубия, Ливия, Перу,Боливия).

3.Малчы мигранттардын таасири менен айрым  дыйканчылыктагы элдер көчмөнчүлүк – малчылыкка өтүшкөн (Чыгыш  Африка, Евразия ж.б.)

4.Аңчы элдер кошуна малчылардан үй-жаныбарларын алып, андан ары көчмөн болушу мүмкүн ( Жактоочусу С.Н.Вайнштейн)

Алгачкы экөө баштапкы көчмөнчүлүктү, ал эми акыркы экөө экинчи даражадагы көчмөнчүлүктү билдирет. Баштапкы көчмөнчүлүк алгачкы жамаатык коом бузула  баштаганда жана баштапкы мамлекетүүлүктүн мезгилинде пайда болгон жана байыркы таптык коомдун калыптанышында маанилүү роль ойногон эмес. Бирок тап пайда болуу процессин интенсивдештирген.

Металлургиянын жаралышы, үй өндүрүшүнүн өнүгүшү жана кол өнөрчүлүктүн калыптанышы. Металлургиянын байыркы тарыхынын көптөгөн маселелери али так эмес. Анын пайда болуусу тууралу моноцетристтик  жана полицентристтик көз караштагы окумуштуулардын ортосунда талаш – тартыш дале токтой элек. Моноцентристтердин арасында болсо таза жездин табылышы жана аны кенден бөлүп алуу менен куюунун кайсынысы бир жерден таралгандыгы жөнүндө талаш жүрүп жатат.

Металлургия техналогиясы төмөндөгүдөй  ырааттуулукта өнүккөн: таза жезди иштетүү (алгач муздак, кийин кызытып ийлөө) – кенден жезди бөлүп алуу жана куюу-аралашмаларды алуу.

Жезди алууда биринчи оксиддик, карбоннаттык (малахит,азурит) кийин сульфиттик кендерди пайдаланышкан. Мунун мезгили менен аймагы так белгисиз.

Кантсе да жезди иштетүү Алдыңкы Азияда (Түркия, Ирак, Сирия) б.з.ч. VIII м.ж. баштап белгилүү. Б.з.ч. VII м.ж. 1-жар. кызытып ийлөө пайда болот, Иранда б.з.ч. VIм.ж. эритип куюу ыкмасы табылат. Б.з.ч. V-IV м.ж.жезге никелди, мышьякты кошуу менен коло ала баштаган. Калай кени Афганистанда жайгашкан. Кенден жезди бөлүп алуу Алдыңкы  Азияда  качан ишке ашкандыгы белгисиз. Ошондой эле Балкан-Карпатта металл кандай жол менен пайда болгондугу ( импорт же өз алдынча ) да талаш маселе. Иберия жарым аралында өз алдынча металл пайда болгондугу далилденген. Б.з.ч. IV-III м.ж. металлургия бүт Европага тарайт. Минусун өрөөнүндө металлды б.з.ч.  III-II м.ж. афанасьев  маданиятын  жаратуучулар  алып келген.

Кол өнөрчүлүк да таптар түзүлөр алдында бардык региондордо пайда болгон жана ишмердиктин туруктуу түрүнө айланган. Ал универсалдуу мүнөзгө ээ. Марксисттик илимий адабиятта үй өндүрүшү жана кол өнөрчүлүктү айырмалашат. Үй өндүрүшүндө буюмдар буюртмага, сатууга чыгарылат. Кол өнөрчүлүктө атайын даярдыгы бар, башкаларга жашыруун сырларды билген кишилер иштейт.

Энгелс Ф. кол өнөрчүлүктүн дыйканчылыктан бөлүнгөндүгүн көрсөтөт. Кийинки изилдөөлөр ал дароо эле ишке ашкан процесс эмес экендигн көрсөттү, ал түгүл эрте таптык коомдордун айрымдарында андай бөлүнүү болгон эмес. Көпчүлүк учурда буюртмага  иштөө  саттыкка  жасоодон  эрте болгон. Буюртмага иштөө - базарга иштөө - кол өнөрчүлүктүн бөлүнүшү – бир процесстин ар кайсы учурлары. Анын өнүгүшүндө локалдык варианттар көп болгон.

Кол өнөрчүлүктүн калыптанышынын айрым этаптарын бөлүү критерийин бирдиктүү эмес, ар кайсы авторлор ар кандай пикирлерди айтышат. Р.Чайлд   Р.Форбес   В.М.Массон, Е.Н.Черных ж.б. металлургдар башынан эле кесипкөй – кол өнөрчүлөр болушкан деп эсептешет.

Темирди кумдан ажыратып алышкан. Бул жумушту негизинен аялдар менен балдар аткарышкан. Алынган массаны чөйчөк сыяктуу чуңкурларга эритишкен. Усталар темир балка, дөшү, кыпчуур пайдаланган. Алынган металл уютмасы, алмашуу үчүн өндүлөт, айрым  уруулар буюртмага иштеген. Айрым уруулар жыл бою темир эритишкен, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн  бир  бөлүгү  дыйканчылык, мал-чарбачылык менен иштөөгө мажбур болушкан. Айрымдар металл куймасын даярдайт, башкалар андан буюмдарды жасайт.

20-3.gif

20-4.jpg

 Айрым уруулардын ичинде металл менен атайын иштегендер болгон, бирок алар металл иштетүүчү катары бөлүнүп чыккан эмес. Жамааттын бардык мүчөлөрүнө металл өндүрүшүндө  иштөөгө жол берилген, бирок иш жүзүндө айрым гана урук иштеген, себеби бул кесип адамдын статусун төмөндөткөн. Индияда  металл менен иштеген урук дыйкандардан обочо жашайт. Өздөрү али дыйканчылыкты толук таштай элек. Темир эритүүдө  эркектер да, аялдар да катышкан, ал эми буюмду эркектер гана жасайт.

Адегенде  металл  иштетүү  аз гана кишилер билген иштин өзгөчө түрүнө айланат. Аны иштетүү үчүн атайын темир усталар бөлүнүп чыгат. Алгач темир устачылык бир уруктун монополиясы болсо керек, ал эми металлды иштетүүнүн башка түрлөрү жамаатын бөлөк мүчөлөрүнүн иши болгон. Темир устачылыкка үйрөтүү татаал иш болгон. Ошондуктан аны усталардын жакындарынын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү көп болгон жана усталар эмгек сырларын балдарына же жээндерине үйрөтүшкөн. Кээде иштетүүнү балдарына үйрөтүп, бирок металлургия буюмдарын жээндерине мураска калтырган учурлар бар. Андан ары металлургдар эндогамдык кастага айланат. Темир устачылык сырдуу кесип болгон, андан коркушкан, темир усталарга кыздарын күйөөгө беришкен эмес, өп-чан жашагандыктан кээде калың төлөөгө малы болгон эмес. Усталар өздөрү да сырларын катуу сактаган жана обочолонгон.

Кен табуу жана металл эритүү  устачылыктан бөлүнөт, кен казуучу – металлургтарга жана темир иштетүүчүлөргө бөлүнөт. Андан ары кен табуу металл иштетүүдөн бөлүнөт, темир усталардын арасынан зергерлер бөлүнүп чыгат. Булардын ыраатын билүү мүмкүн эмес. Темирди иштетүүдө  жогоруда көрсөтүлгөн бөлүнүү этностун ичинде жүргөн, ал эми андан сырткары этностордун арасында да эмгек бөлүнгөн. Айтылгандарды төмөнкүдөй жыйынтыктоо болот:

1.Металлурктардын кесипкөйлөргө ажыроосу кийинчерээк болгон. Алгач темир устачылык бөлүнүп чыгат.

2.Металлургиянын айыл чарбадан бөлүнүшү эрте таптык коомдо  ишке ашкан, бирок бардык жерде бирдей ишке ашкан эмес.

3.Металлургиянын өнүгүшү жамаатын ичмндеги эмес, жамааттардын арасындагы эмгектин бөлүнүшүнө байланыштуу.

4.Байыркы металлургдар буюртмага иштеген. Базарга иштөө кийин чыккан.

5.Металлургдардын иши сезондуу мүнөздө болгон.

6.Металлургтардын жашооо ыңгайы ар кайсы жерде ар башка. Бир жерде отурукташып тейлесе, башка бир жерде кыдырып жүрүп тейлешет.

Карапачылыктын калыптанышында да ушундай эле мыйзам ченемдүүлүк бар. Кээде металургиядан  артта калган. Карапачылыкта негизинен аялдар иштеген. Карапа жасагандар дыйканчылыкты таштаган эмес. Товардык мүнөздө болгонуна карабай жасоо техникасы өтө жөнөкөй болгон.

Айрым жамааттарда карапа жасоо эркектерге өткөн. Айрымдарда темир усталардын аялдары жасаган жана экөө эки башка корпорацияга кирген.

Токуучулук  да  аялдар эмгеги менен байланыштуу. Аялдар өздөрүнө да, башкаларга да токуган, буюртмага  иштеген. Айрым  жерлерде бара-бара токуучулук эркектерге өткөн.

Металлды билбеген элдерде да кол өнөрчүлүк бөлүнүп чыккан. Полинезияда карапачылык болгон эмес, бирок башка буюмдарды жасагандар бөлүнүп чыккан.

Кээде  бүт уруу кол өнөрчүлүктүн бир түрүнө адистешкен учурлар болгон.

Кээде бир жамаатарда металлургтарды жек көрүшкөн, айрымдарда алардын статусу жогору болгон жана урмат сыйга бөлөнгөн.

Алгач  карапаларды жөнөкөй эле чуңкурларда күйгүзүшкөн, ошондуктан сапаты төмөн болчу, андай идишке суюктук куюга болбойт эле. Карапаны атайын жасалган меште күйгүзө баштагандан тартып анын сапаты жакшырган. Андай мештердин эң байыркысы  Алдыңкы  Азиядан (Анатолия) табылган. Ал б.з.ч. VII м.ж. таандык. Б.з.ч.  VII м.ж. 2-жар. эки кабат мештер жасала баштайт.  Месопотомияда, Иранда б.з.ч. VI  м.ж. карапа чарыгы пайда болгот. 

20-5.jpg

20-6.jpg                   20-7.jpg

 20-8.jpg

 

Карапачылыктын өнүгүшүн күйгүзүү жана чарктын табылышы менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ал экөө тең жок болгон уруулар деле карапаны базарга сатуу үчүн жасашкан. Кол өнөрчүлүктүн  өнүгүшү менен шаарлардын түзүлүшүнүн ортосундагы байланышты көрүүгө болот.