Лекция №18

Тема: Үй-бүлө жана нике. Бийликти уюштуруу. Материалдык маданият

Кечки жамаатта да түгөйлөшүү никеси үстөмдүк  кылган. Өндүргүч чарбага жаңы эле өткөн урууларда дыйканчылыкта аялдын эмгеги маанилүү болгондугуна байланыштуу полигиния - көп аял алуучулук - кеңири тараган. Анын бир формасы - сорорат. Сорорат - эже-сиңдилердин бир күйөөгө чыгуусу.

Өнүккөн  аңчы, балыкчы жана жыйноочуларда эркектин ролу жогору болгондуктан полиандрия — бир аялдын  бир  нече күйөөсүнүн болушу - кеңири тарайт. Ал левират — күйөөлөр бир тууган — формасында  да болгон. Алгачкы учурда эки чарба тең бирдей болгондуктан полигиния полиандрия менен айкалышкан б.а. эркектин бир нече кошумча аялы,  ал эми аялдын бир нече кошумча  күйөөлөрү  болгон. Расмий никелешкенге чейин эле кыздарга жыныстык мамилеге эркиндик берилген жана коомдук пикир аркылуу кубатгалган.

Мурдагыдай  эле  кросскузендик нике — бир тууган ага- карындаштардын же эже-инилердин уул-кыздарын милдеттүү үйлөндүрүү - үстөмдүк кылган. Жамааттык- уруктук байланыштардын кеңейиши менен жана аны кеңейтүү максатында мындай никелешүү милдеттүү болбой калды, бара-бара ал жоюлду. Кыздарды алмашуучулуктун  ордуна  кетип жаткан жумушчу күчтүн кемтигин  толтуруу зарыл болуп калды. Анын алгачкы формасы күйөө  баланын келечектеги колуктусунун төркүнүндө белгилүү  бир мөөнөттө кызмат кылуусу болгон. Кадыр-барк экономикасынын өнүгүшүнүн  натыйжасында кызмат кылуу калың төлөө менен алмашты. Калың төлөө  бир топ чыгымдарга алып келген, ошого байланыштуу ага жардамдашчу туугандардын ролу жогорулайт. Төрөлө  элек же бешиктеги кезинде, кичинекей жана бойго жете элек кезинде кудалашуу  пайда болду. Үйлөнүү  салты өнүктү: мурда баш кошууда үлпөт той, салтанат болгон эмес, эми үйлөнүү аларсыз өтпөй турган болуп калды. Үйлөнүү тоюнун эц маанилүү каадасы — бул кудалардын бири-бирине кийит ж.б.  белектерди беришүүсү болгон. Той өтүп жатканда колуктуну, кээде  күйөө баланы уурдай качуу аракети да ушундай каадалардын бири болуп саналат.

Кечки жамаатта алгачкы учурларда матрилокалдуулук да, патрилокалдуулук да бар эле. Албетте, матрилокалдуулук  сан  жагынан басымдуулук кылган. Үй-бүлөнүн менчиги  маанилүүлүгү боюнча жамааттын  менчигинен төмөн турган. Күйөөсү же аялы бири-биринин  мүлкүнө  зыян келтирсе анын өзүнө же  анын туугандарына төлөп берүүгө  тийиш болгон. Эркектин  мүлкүн  мурастоого балдары менен катар туугандары да умтулган жана көпчүлүк учурда үстөмдүк  кылышкан. Матрилокалдуулук шартта эркектер аялдын тобунда жашоо менен өз уругунан кол үзгөн эмес б.а. ал «эки үйгө» иштеген. Патрилокалдуулук шартта  алгачкы  учурда  аялдар  да так  эле  ошондой  жасашкан.

Кадыр-барк экономикасынын өнүгүшү  патрилокалдуулук басымдуулук кыла баштайт. Ага өтүүдө өтмө форма катары авункулолокалдуулук пайда болгонун жогоруда эскерткенбиз.

Эмгегине жараша бөлүштүрүү  атанын өз  балдарын жашоого зарыл болгон нерселер менен толук камсыз кылуусуна мүмкүнчүлүк берди. Бул жагдай түгөйлүү никени бекемдеди, аял менен күйөө чогуу эмгектенет, эмгек натыйжаларын чогуу пайдаланат, жалпы менчик пайда болот ж. б. Акырында ажырашуу сейрек боло баштайт. Кадыр-барк экономикасы эркектердин социалдык статусун жогорулатат. Патрилокалдуулук үстөмдүк  кылган жамааттарда аялдар күйөөсүнүн  уругуна тец укуктуу мүчө катары кабыл алынат: күйөөсүнүн  уругунун салт - жөрөлгөлөрүнө катышат, каза болсо сөөгү ошол уруктун көрүстөнүнө коюлат ж.б. Ушул мезгилден тартып «чыккан кыз чийден тышкары» деген салт калыптанат. Ата мүлкүн өз балдарына мураска калтырууга умтулат, б.а. түгөйлүү үй-бүлөнүн моногамдык үй-бүлөгө өтүүсү башталат.

Түгөйлүү үй-бүлө менен катар энелик чоң үй-бүлөлөр же үй-чарбалар да жашоосун уланта берген. Аларга матрилокалдуулук же авункулолокалдуулук, дислокалдуулук  же амбилокалдуулук мүнөздүү. Анын негизин эне менен анын балдары түзгөн жана бир туугандары, таекелери менен байланышы бекем болгон. Аял - күйөө, ата-бала байланыштары  жаңы эле башталган. Мындай үй-бүлөдө эркек иштеп тапканын турмушка чыккан эже-карындаштарына берген, ал эми өз үй-бүлөсүн аялынын ага-инилери берген каражат менен баккан. Балдарды тарбиялоо, алардын келечеги жөнүндө кам көрүү таекенин милдети болгон. Таекеннн мүлкүн жээндери мурастаган. Жээндердин таекеси менен бекем байланышы авункулат деп аталат. Энелик чоң үй-бүлөлөр таптар пайда болгонго чейин сакталып турган.

Бийликти уюштуруу. Кечки  жамаатка өткөн  алгачкы учурларда элдик бийликтин негизи сакталып турду. Бардык маанилүү маселелер мурдагыдай эле жамаат мүчөлөрүнүн же туугандардын жыйналышында каралган жана чечилген. Бирок эми жыйналыштарга жашы боюнча улуулар гана катыша турган болуп, жыйналыштар эркектер үйүндө өтө турган болуп калды. Чечим кабыл альшуусу үчүн жыйналышка катышкандардын баары макул болууга тийиш эле. Ошондуктан башчылардан өтө билгичтик, адамдарды ынандыра билген чечендик шык-жөндөм талап кылынган.

Сегментардык уюмдун  өнүгүшүнө байланыштуу коллективдүү бийлик органдары иерархиялашты. Жамаатгын, уруктун кеңештерине үй-чарбалардын башчыларынын өкүлү, ал эми фратрия менен уруу кеңештерине урук менен жамааттын өкүлдөрү  кирген. Бийлик иерархиясынын ар бир баскычынын өзүнө тиешелүү компетенциясы бар эле. Yй-чарбалардын кеңешинде алардын ички маселелери каралат. Урук кеңештеринде  уруктун  чарбалык, коомдук  жана идеологиялык турмушунун маселелери, уруу кеңешинде  уруктар  арасындагы, башка уруулар менен болгон өз ара мамилелер каралат. Уруу кеңеши уруунун кызыкчылыгын коргогон, урук башчыларын бекитүү, башчылыктан алуу маселелерин караган, уруктар арасындагы  конфликтерди  жөнгө салган, элчилик жөнөткөн, элчиликти кабыл алган, согуш жарыялаган жана ага  жетекчилик  кылган, тынчтык келишимдерин түзөн, башка уруулар менен биримдикти түзүү  ишин аркалаган. Уруу кеңеши сейрек  чогулган, ошондуктан  дайыма башкаруу үчүн  уруктардын  биринин  башчысы  уруу  башчы  болуп  шайланат. Бирок анын укугу  чектелүү болгон. Бардык денгээлдеги башчылыкка  чарбалык  иштерди, аскердик өнөрдү,  диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүнү  мыкты билген, чечендик  жөндөмдүүлүгү,  уюштургучтугу, тажрыйбалуулугу менен өзгөчөлөнгөндөр шайланган.

Айрым урууларда чарбалык, аскердик жана идеологиялык функцияларды бир эле башчы аткарса, айрымдарында  алардын ар бири үчүн ар башка башчылар тандалган. Бийлик бөлүштүрүлгөн урууларда шартка  жараша  алардын  бири белгилүү  мөөнөткө  эң башкы болуп эсептелет. Бир башчы болгон урууларда да кайсы бийликтин түрү маанилүү болсо, ошол учурга кыйла жөндөмдүү  делген кишини шайлашкан.

Башчы болуучу лидер аксакалдардын арасынан чыгыш керек. Көп уруктуу жамааттарда  лидер чоң уруктан  шайланат, өтө  кеңири  аймакты камтыган учурда бул аймакка алгач көчүп келген урук артыкчылыкка  ээ болот. Ошентип  лидерликти  айрым уруктардын же линиждердин ээлеп алуу тенденциясы башталат.

Артыкбаш азык-түлүктүн, өзүмдүк  байлыктын  пайда  болушу менен башчылардын шайланышы мүлктүк  факторго  да байланыштуу  болуп калды. Көпчүлүк  урууларда өзгөчө  лидерлер — чоңдор, маанилүү  кишилер - пайда болду. Аларды «бигмендер» деп аташат (1,2,-сүрөт). Алар бай, жоомарт кишилер болгон. Аларды кадыр-барк экономикасы алдыга сүрүп  чыгарган. Бигмен  көп аял алууга умтулган, аялдары, туугандары  ага  иштеген. Бигмен  шайланган эмес. Ал өз  кадыр-баркы менен бигмен болгон. Ага жогору кадыр-баркты,  албетте,  туугандары, жактоочулары  жасашкан. Бигмендердин  да чоң,  кичинеси болгон. Чоң  бигмен болуу үчүн  байлык менен жоомарттыктан башка да, күч, акыл, уюштуруучулук, элди алдыга жетелей турган жөндөм керек эле.

                                 1-сүрөт 

        18-1.jpg 18-2.jpg

                                                                     2-сүрөт

Бул стадияда лидерлик мураска калган эмес, ал же шайланат, же бигмен сыяктуу өзү алдыга суурулуп чыгат. Эл көзүнө  урунуу үчүн  мал-мүлкүн  чачкан, той-тамашаларды уюштурган, ашыкча белектерди берген, жыйналыштарда, согуштарда өзүн  көрсөткөнгө  аракет кылган. Кантсе  да  бул кезде лидерликги мурастоого өбөлгө түзүлгөн. Чарбалык, коомдук, идеологиялык  иштердин татаалданышы лидерден аларды мыкты билгичтикти талап кылган. Ал эми аларды билүүгө, даярданууга лидердин чөйрөсүндө жүргөн кишилердин — уулдары,  жээндери ж.б.—мүмкүнчүлүгү  көп болгон. Бигмендин балдары атасынын барында көп байлык топтоого, көп аял алууга жетишкен, ошентип акыры бигмен болуп калышчу. Бул стадияда  (кечки жамаатта)  эркекгер  менен аялдардын потестардык ролу, статусу жөнүндөгү маселе так эмес, б.а. бийлик аялдарда болгонбу же эркектерде болгонбу?  Изилдөөлөр  бардык жерде — үй-чарбаларда, урукта, жамаатта — аялдар бийликти эркектер менен бөлүшкөнүн көрсөтүүдө. Бул стадияда матриархат жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес.

Топтун ички консолидациясы чыңдалган. Конфликтер бир топтун ичинде эмес, ар башка топтордун арасында көп болгон. Линиж, урук, жамаат мүчөлөрү бири-бирин коргогон, башка топтун мүчөлөрүнүн ызалантуусуна  жол  берилген эмес. Бир топтун мүчөсүн  башка топтун мүчөсү  өлтүрүп  койгон учурда ал үчүн өч алышкан. Өч алуу канга кан принциби боюнча ишке ашкан. Ошентип кан кууп өч алуу калыптанган. Байлыктын көбйүшү  менен анын ордуна кун төлөмөй пайда болот. Бул стадияда экономикалык тең салмакты бузуу киши өлтүргөнгө караганда өтө  коркунучтуу кылмышкатары карала баштаган.

Материалдык маданият. Өндүргүч чарбанын пайда болушу менен мурда колдонулуп  жүргөн  эмгек  куралдары өркүндөтлдү  жана алардын жаңы түрлөрү  пайда болду. Дыйканчылыкта учтуу таяктар, чот, күрөк, балта, таштан жасалган дан сүргүчтөр, соку жана сокбилек, эгин жыйноо үчүн орок, бычак колдонушкан. Аңчылыкта капкан, тузак ж.б. пайда болду.

Жашоо  ыңгайындагы  өзгөрүүлөр  турак жайлардын да өзгөрүшүнө  алып келди. Үйлөрдүн  курулушунда төмөндөгүдөй универсалдуу тенденциялар байкалат:

1.   Аңчылардын алачыгынан жарым жер төлөөлөргө  жана жер төлөлөргө, ал эми алардан жер бетине салынган үйлөргө өтүштү.

2.   Үйлөрдүн  алгачкы тегерек формасынан чарчы же тик бурчтук формасына өтүшү.

3.   Бир бөлмөлүү үйлөр бара-бара көп бөлмөлүү типтеги үйлөргө коет.

Үйлөрдүн курулушундагы мындай өзгөрүү дыйканчылыкка өткөндөн  кийинки бир жерде туруктуу отурукташууга ыктоо менен байланыштуу (1,2-сүрөт). Отурукташып дыйканчылык  менен кесиптенген  элдерде көп бөлмөлүү  тик бурчтуу жамааттык үйлөр  пайда болот. Айылдардын тиби да географиялык шартка жараша ар кандай болгон. Алардын эки тиби кеңири тараган: 10го чейинки үйлөр жайгашкан хуторлор жана 10-50 үйлөр топтошкон айылдар. Алардын айланасы жыгач тосмолор менен кашааланат. Мындай жайгашуу кол салуудан да коргогон.

Айылда үйлөр, адатта, тегерек формада жайгашат. Сырт жагында тегерете аялдар үйлөрү жайгашат, ал эми борбордук аянтта эркектердин салтанат уюштурулуучу үйлөрү  орун алат. Ар бир айылда чарбалык максаттагы имараттар, короо-сарайлар болгон.

Үйлөрдүн  дубалдары көп аймактарда саман аралаштырылган ылайдан тургузулган. Үйлөрдүн үстү жалпак, дубалдары жана асты шыбалган, терезеси жок, эшиктин ордуна парда тартылып коюлат. Географиялык чөйрөнүн шартына жараша бир аймакта камыш, экинчисинде таш, үчүнчүсүндө жыгач ж.б. негизги курулуш материалы катары пайдаланылган.                              

                                                                       1-сүрөт

18-3.jpg

18-4.jpg

                                                                                    2-сүрөт

Неолит доорундагы кийим-кече тууралу толук маалымат жок. Ташка чегилип калган  айрым сүрөттөргө караганда жылуу аймактарда дененин айрым бөлүктөрүн гана жапканга ьщгайлаштырылган  жөнөкөй  кийимдер болгон. Адатта ал жалбырак же чөп-чар булалары ж.б.у.с. эле. Кээ бир сүрөттөрдөн жөнөкөй  жамынгычтарды  көрүүгө болот. Алар жылдык сезондорго ылайык өзгөрүп турган, айрым аймактарда эч кандай  кийим-кече  пайдаланылган эмес. Климаты суугураак келген аймактарда жашагандар жаныбарлардын,  балыктардын  терисинен, ал эми өтө суук аймактарда бугунун, аюунун, тюлендин терисинен кийим тигип кийишкен.

Салтанаттарда  кийилүүчү  кийимдер ар түрдүүлүгү, кооздугу менен айырмаланган.  Мончок, билерик ж.б.у.с. кооздук  буюмдар  жаныбарлардын  тиштеринен, үлүл  кабыктарынан, куш канаттарынан ж.б. жасалган. Денени боёо, татуировка жасоо кеңири тараган. Ритуалдык кийимдерде бет кап да колдонулган. Магиялык максаттарда  кашка тишти жулуп салышкан же өгөөлөп формасын өзгөртүшкөн. Тагынган буюмдар, денедеги  татуировканын мүнөзү, аянты ж.б. кишинин социалдык. экономикалык ж.б. абалы тууралу маалымат берген.

Жерди оюп, түбүн жана капталдарын күйгүзүп, суу жана тамак-аш азык түлүктөрүн сактаганга пайдаланышкан. Бул  адамдарды карапа жасоо тууралу ойго түртүшү  мүмкүн.  Карапаны жасоодо чырпыктан токулган кепти чопо менен капташкан  же  жумуруланган чопо аркандарын спираль түрүндө бириктирип жасашкан.

Кечки жамааттагы рухий маданият. Өндүргүч  чарбанын пайда болушу, коомдук турмуштун татаалданышы  рухий маданияттын андан ары өнүгүшүнө жаңы түрткү болду. Пайдалуу билимдер, искусство,  мифология,  дин ар бири өзгөчөлүккө ээ боло баштады. Дыйканчылыкта өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүн (10-220) өстүрүүнү, жерди кык менен семирткенди билишкен. Жасалма жол менен малдын жаны породаларын чыгарышкан. Неолитте малдын эркегин биттегенди билишкен. Түштүк Америкада  лама  менен  альпака жасалма жол менен алынган. Кадыр-барк экономикасы  арифметикалык билимдердин өнүгүшүнө  алып келди. Эсептөө үчүн  таш (лат.Calcus—таш), саман, жипке тизилген үлүлдүн  кабыгы ж.б. колдонулган. Жер бөлүштүрүү, ирригациялык курулуштар геометриялык билимдердин өнүгүшүнө алып келет. Аңчылыкта  механизмдерди жасоо механикалык түшүнүктөрдүн пайда болушуна, өнүгүшүнө  алып келди. Карапа жасоо үчүн химиялык билимдер керектелери түшүнүктүү. Мейкиндик,  убакыт жөнүндөгү түшүнүктөр өзгөрдү. Соода, аскер жүрүштөрү топографиялык, географиялык билимдердин пайда болушуна алып келди. Алгачкы карталар пайда бооду. Пиктография - сүрөт  аркылуу жазуу өнүктү. Жиптеги түйүн аркылуу жазуу пайда болот.

Көркөм  искусстводо спираль, айлана, крест, жарым ай, свастика ж.б сыяктуу шарттуу белгилер аркылуу түшүндүрүү көбөйөт, декоративдик багыт ( буюмдарды кооздоо, сайма, аппликация ж.б.) кеңири тарайт. Палеолиттеги  искусствого мүнөздүү  реализм жоголот. Бул боюнча турдуу көз караштар бар, бирок толук чечиле элек. Оозэки чыгармачылык, музыка, бий өнөрү өнүктү. Алар дыйкнчылыкка, мал чарбачылыкка байланыштуу боло баштады. Мифтер пайда болду: жер-асман кошулуп баарын жаратат, жаныбарларды биттөө – жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат, эркектин ролу жогорулаган сайын дүйнөнү жаратуучунун образы эркек болгон миф жаралат.

Дин  татаалдана баштап, ал бара-бара байкалбаган күчтөн көз каранды болгондой сезим пайда болду. Ал күчтөрдү жакшы жана жаман деп ойлошот. Тотемдик түшүнүктүн мазмуну өзгөрөт. Тотемдик туугандарга сыйынуу башталат. Зооморфтук ата-бабалар антропоморфтук ата-бабалар менен алмашат. Анимизмдин негизинде  жаратылыш күчтөрүнө сыйынуу жаралат. Жаныбарлардын пирине сыйынуу, ата-бабанын арбагына  сыйынуу пайда болот. Алар тирүүлөргө жардам берет, ал үчүн алардын арбагын ьраазы кылуу керек деген түшүнүктөр пайда болот.