Лекция №26

Тема: №13  Тап пайда болуу доорундагы коомдук мамилелер

 

               Лекциялык сабактын максаты:

·Патриархаттын пайда болушунун негизги себептерин аныктоо;

·Аялдар менен эркектердин коомдук абалындагы төңкөрүштү талдоо;

·Алгачкы уруулук жамаат жана уруулук бирикмелердин структурасынын өзгөрүшү менен таанышуу;

 

Негизги түшүнүктөр:  аванкулолокалдуулук, уксорилокалдуулук, травестизм, чоң үй-бүлө, кичине үй-бүлө, урукта коллективди социалдык идеологиялык интеграциялоо, патронимия, линиж, клан, алгачкы кошуналык жамаат, патриархалдык урук.

                                                                 

                                        План

1.      Патриархаттын пайда болушу

2.      Аялдар менен эркектердин коомдук абалындагы төңкөрүш

3.      Алгачкы уруулук жамаат. Уруулук бирикмелер

 

                   Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытног общества Изд.6-ое. М.: АСТ. Астрель, 2007.-350 с.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

 

1. Патриархаттын пайда болушу.

 Кечки жамаатык коомдун аягында үй-бүлө коллективтерди өзүнчө чарбалык бирдик катары обочолоно баштады, жамаат башкы чарбалык бирдик болбой калды. Жаңыдан жаралып жаткан жеке менчик мамилелер менен укук жамаатындагы коллективизимдин ортосундагы күрөшкө жаңы социалдык байланыштар пайда болду,  өндүрүштүк мамилелер  кандык  туугандык  мамиледен  алыстай  баштады. Ал эмнеден көрүндү?

Кечки урук жамаатын чегинде чоң, андан кийин ички үй-бүлөлөр бөлүнүп чыкты. Алардын экономикасы жеке менчикке негизделген. Үй-бүлөнүн өзү да үй-бүлө нике мамилелери да өзгөрдү.

Бөлүнүп чыккан үй-бүлөлөр бекем чарбалык коллективди түзө алганда гана өзүнчө чарба катары жашай алмак. Ошондуктан  түгөйлүү  нике жаңы, бекем нике менен алмашуу зарыл эле.

Кошумча  азык-түлүктүн көп бөлүгү үй-бүлөдө түзүлгөн жана жеке менчикке топтолгон. Эркектин эмгегинин өсүшү ал эркектин менчиги катары карала баштайт. Ошондуктан аны эркектин гана тукумдары мурас калтыруу маселеси келип чыгат. Ал үчүн энелик урукту аталык урукка алмаштырышы керек. Кечки жамаатагы үй-бүлөлүк мамилелер  коомдук өндүрүштүк керектөөгө  карама-каршы  келип калды. Анын өзгөрүүсү  зарыл  эле. Ошентип үй-бүлө эненин уругунан алыстай баштады:

1.      үй-бүлө түзгөн жубайлардын жашоо орду өзгөрөт

2.      урук ата тарабынан эсептелет

3.      эркек толук үстөмдүк кылат, б.а. патриархатка өтөт.

 Бул процесс көп убакытка созулган бир нече өтмө компромисттик вариантта ишке ашкан. Никелешүүдө жубайлардын жашоо орду  туугандык эсебин жүргүзүү  багытына караганда эрте өзгөрөт, б.а. колукту күйөөнүн уругуна барып жашаган бирок туугандык эне тарбынан жүргүзүлгөн.

Бул көрүнүштүн алгачкы формалары төмөнкүлөр:

1.      Авункулат жана авункулолокалдуулук.

2.      Убактылуу дислокалдуулук же убактылуу уксорилокалдуулук

3.      Бир туугандык үй-бүлө.

4.      Билетералдык эсеп – эки жактан тең мурастоо.

5.      Балдар эки жакка бөлүнөт.

Локалдуулуктун  өзгөрүшү  менен  никенин мүнөзү да өзгөрөт. Кечки жамаата эркек аялды алып кеткендиги үчүн компенсация берген. Бирок ал күйөө менен колуктунун туугандарын туугандаштыра  турган роль ойногон. Анын өлчөмү эске алынган эмес. Жаңы шартта реалдуу сатып алуу талап кылынат. Сатып алуу никеси пайда болот. Калыңдын баасы өсөт. Жеке менчик пайда болуп жаткан мезгилде калыңды чогултууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн, б.а. калың жеке менчикте байлык топтоонун бир булагы болуп калган. Алакачуу ошол кезде күчөйт.

Ошентип, үй-бүлө бекемделди, тууганчылыкты эне тарабынан эсептөө ата тарабынан эсептөө менен алмашты, ата мүлкүн өз баласына калтыра турган болду. Эски салт-жөрөлгөлөр үй-бүлөлүк салттарда гана калды. Патриархатка  өтүү мезгилинде пайда болгон  салттарды негизинен эркекти аялга алмаштыруу салттары катары аныктоого болот.  Мисалы, травестизм (1-сүрөт) – эркектин  аял кейпине айлануусу, кувада (2-сүрөт) баланы өзүмдүн  балам деп эсептөө үчүн эркектин бала төрөп жаткандай түр көрсөтүшү.

Жогоруда айтылган процесстердин натыйжасында жамаатын чоң үй-бүлө бөлүнүп чыкты. Анын эки варианты белгилүү: патриархалдык жана кечки энелик чоң үй-бүлө. Аталган чоң үй-бүлөлөрдүн экөө тең туугандардын тобу болуп саналат. Жерден башка мүлккө коллективтүү ээлик кылышат, чогу эмгектенишет, эмгектин  натыйжаларын  чогу  пайдаланышат. Бул мезгилде жекече эмгектин али төмөн болчу. Ошол эле учурда чоң үй-бүлө жалгыз чарбалык бирдик болгон эмес, ал жамаатын тутумунда  эле  жана  уруктун да мүчөсү болгон. Бул мезгилде жамаат да урук да өзгөргөн.

26-1.jpg

1-сүрөт

26-2.jpg

2-сүрөт

Патриархалдык  жана  аталык  чон үй-бүлө 3-4 кээде 5 муунду камтыган, кишилердин саны 200-300гө жеткен. Мындай үй-бүлөдө  аял  күйөөнүн  уругуна  келип жашайт жана туууганчылык ата тарабынан эсептелет.

     Патриархалык чоң үй-бүлө  эки типке бөлнөт: демократиялык жана аталык чоң үй-бүлө. Демократиялык тип  эрте пайда болгон жана универсалдуу мүнөзгө ээ. Аталык чоң үй-бүлө кеч таптык коомдо пайда болот. Жогоруда айтылгандар демократиялык типке тиешелүү. Мында  так ирархиялык структура бар. Аны эркектердин эң аксакалы башкарат, анын байбичеси үй-бүлөдөгү башка аялдарга башчылык кылат. Үй-бүлөөнүн  башчысы  коллективтин чарбалык, коомдук турмушун башкарат, ритуалдык милдеттерди аткарат. Үй-бүлөгө  тиешелүү маанилүү маселелер анын жашы улуу мүчөлөрүнүн  жыйынында  чечилген.  Башында бул жыйынга аялдар да катышкан, кечки мезгилде алардын катышуусуна тыюу салынган.

Чоң үй-бүлөнүн  бузулушу  үй башчысынын мүлкүнүн обочолонушу менен башталат жана тездейт. Чоң үй-бүлөлөрдүн  кичине үй-бүлөлөрдүн бөлунүп чыгуу этаптары төмөнкүдөй:

1.      Үй-бүлө башчысы толук бийлик жүргүзөт. Ал өлгөн учурда анын орду инилерине, кийинчерээк улуу баласына , кээде кичүү баласына өтөт.

2.      Үй-бүлө мүчөлөрунүн жалпы иштеген жерден башка өздөрүнүн тамаркалары пайда болот. Анын түшүмү айрым үй-бүлөнүн менчиги болуп саналат. Үй-бүлө башчысы эми жалпы жерге иштеген мезгилде гана аларды тамак аш кийим кече менен камсыз кылат, ал эми өз тамаркасында иштеген мезгилде  өздөрүн өздөрү  камсыз кылууга тийиш. Бирок, нике мамилелерин жөнгө салуу ритуалдык иштер атанын колунда турган.

3.      Ар бир үй-бүлөөнүн өз талаасы п.б. Экинчи этапта көрсөтүлгөн атанын функциялары бул этапта да сакталып турду.

4.      Кичине үй-бүлө социалдык-экономикалык өз алдынча ячейка катары толук бөлүнөт. Калың алуу, калың берүү озуйпасы кичине үй-бүлөнүн башчысына өтөт. Чоң атанын колунда ритуалдык иштер менен никеге уруксат берүү гана калат. Бул чоң үй-бүлөнүн толук бузулганын көрсөтөт.

 

2. Аялдар менен эркектердин коомдук абалындагы төңкөрүш.

 Аялдар менен эркектердин  коомдук абалындагы өзгөрүү алгачкы коомунун бузулушунун жана анын тездешинин көрүнүшү. Аялдар коомдун көптөгөн маанилүү чөйрөлөрүнөн сүрүлүп чыгарылды  жана  эркекке толук баш ийип калды. Эмгектин жаңы түрлөрүнүн пайда  болушу, эмгектин  бөлүнүшүнүн тереңдеши менен эркектин эмгегинин мааниси өсөт. Үй өндүрүшүндөгү эмгектин да көп түрлөрү эркектердин колуна өттү. Алгачкы жамааттык коом бузулуп, алгачкы  таптар пайда боло баштаганда аялдардын өндүрүшкө катышуусу үй иштери менен гана чектелген б.а үй-бүлөдө эркектерди гана тейлеген. Аялдар талаа жумуштарына катышкан, бирок ал эмгектин натыйжасына эркек кожоюндук кылган. Жеке менчик пайда болоор менен анын ээси эркек болуп калды жана эмгек натыйжаларын бөлүштүрүү ага кошкон салымы боюнча эмес, менчик ээси ким экендигине жараша жүргүзүлө баштады. Бул аялды дароо эле көз каранды абалга койду. Аял эркек менен тең эмес деген идеологиялык ишендирүүлөр пайда болду. Аялдардын коомдук абалынын өзгөрүшүнө, ошентип, менчик мамилелеринин өзгөрүшү, патрилокалдуулук, тууганчылыктын  ата тарабынан жүргүзүлүшү,ата мүлкүн уулдарына мурастоосу, калың төлөнүүчү нике таасир берди. Аял соода сатык объектисине айланып калды.

   Патриархатын калыптануу мезгилинде  аялдарга карата ыплас, кесепети тийүүчү нерсе катары түшүнүктөр пайда болот. Ошондон тартып аялдарга эркектер менен чогуу отурууга, чогуу тамактанууга ж.б. тыюу салынат. Калың төлөө менен баш кошуу аялдын ыктыяры менен ажырашууну  жок кылды, левират кеңейди. Аял өз балдарына укугу жок, мурасчы да боло албайт. Ойноштук кылгандыгы үчүн аялга карата өлүм жазасына чейинки санкиялар киргизилгет.

3. Алгачкы уруулук жамаат.Уруулук бирикмелер.

Ошонтип, үй-бүлө коомдун  чарбалык негизги бирлигине айланды. Бул өз кезегинде урук менен жамаатын структуралык өзгөрүшүнө алып келди. Урук жамааты чарбалык коллектив катары бириктирген  борбор болбой калды. Урукта коллективди социалдык идеологиялык интеграциялоого, нике, үй-бүлө мамилелерин  жөнгө салуу функцялары калды.

Кечки  урук  жаны  типтеги  социалдык ячейканы – чоң үй-бүлөнү же үй-бүлөлүк жамааты бириктирген. Бул тенденция урукка окшогон структуралардын – патронимия жана  линиж – патриархалдык жана кечки энелик формасындагы кечки урук калыптанган.

Тарыхта таза патриархалдык жана таза кечки энелик урук болгон эмес. Аларда бири-биринин калдыктары элементтери сакталган.

Кечки энелик урукта алгачкы  энелик уруктагы сыяктуу эле патриархадка алып келүүчү тенденция үстөмдүк кылган.

Чоң үй-бүлөлөрдүн  келечекте кичи үй-бүлөлөргө ажырары шексиз эле. Бирок анын толук  ажырашына  чейин  көптөгөн  өтмө  структуралар пайда болгон мисалы, бир атадан же бир энеден тараган бир нече үй-бүлөнүн бирикмеси. Аларда туугандык  идеалогиялык байланыш, чарбалык биримдик жана аймактык байланыш болгон. Мындай бирикмелер патронимия деп аталат. Патронимия – бир атадан таралган, бири-бирине жардам берүүчү, бирин-бири коргоочу, теги бир экендигин андаган туугандардын тобу.  Аталган бирикме матрилиниялык да болушу мүмкүн эле. Ошондуктан аны айрым окумуштуулар клан же линиж деп аташат. Жеке  менчиктин калыптануусунда  ал негизги  ролду ойногон эмес.

Чоң – үй-бүлө алгачкы  жамаатык коом бузулуп баратканда  өзүнүн чоңураак топтордун тутумуна кирген. Чарбалык бирдик катары ал жамаатын да, уруктун да тутумунда турган. Жамаатык коом бузулуп бараткан доордо  урук алсыздай баштайт. Экономикалык  функциялардын  көбүнөн ажырады, аймактык биримдигин жоготуп жатты.  Анын оорду жамаатка өтө баштады. Жамаат жаңы типке өттү:  анда уруктук, тууганчылык байланышты аймактык байланыш алмаштырды. Жамаат кошуна турган чоң үй-бүлөлөрдүн бирикмеси боло баштады. Албетте, тууганчылык байланыш дароо эле сүрүлүп калган жок, анын жоюлушу далай убакытка созулду. Ал турсун алгачкы учурларда аймактык байланышты туугандык байланыш катары кабыл алышкан. Кошуналык жамаат – үй-бүлөлөрдүн  жеке менчиги жамаатын жалпы менчиги менен  айкалышкан аймактык топ. Мында жер жалпы менчикте турган, ар бир үй-бүлө өзүнө бөлунгөн жерде дыйканчылык кылатжана түшүмун өзу алат. Мындай шартта жамаатка кирген үй-бүлөлөрдүн  тууганчылыгы эч кандай мааниге ээ эмес эле. Ошентсе да кошуналык жамаат урукту бир отоло сүрүп чыгуусу үчүн көп убакыт талап кылынган жана бир канча өтмө формаларды басып өткөн. Ошондуктан аны таптык коомдогу толук калыптанган кошуналык жамаатан айырмалоо үчүн алгачкы кошуналык жамаат деп аталат. Алгачкы  жамаатык коомдун бузулушу энелик уруктардын аталык уруктарга өтүшү болгон. Патронимиялар чогулуп аталык урукту түзгөн. Кечки аталык урукта патриархалдык тартиптер  үстөмдүк  кылганына байланыштуу аны патриархалдык урук деп аташат. Патриархалдык урукта  жердин жогорку менчик ээси урук ал өзү мүчөлөрүн  коргойт, өз ара жардамдашууну ишке ашырат, үй-бүлө, нике мамилелерин жөнгө салат. Айрым учурда экзогомияны кээде эндогомияны  урук эмес ага кирген патриархалдык үй-бүлөлөр сактаган. Патриархалдык үй-бүлөлөрдө ортокузендик нике кеңири тарган.

Айрым  элдерде  алгачкы  жамаатык  коомдун бузулушу  “кечки  матриархаттын” негизинде да ишке ашкан. Мында да негизги чарбалык  ячейка чоң үй-бүлөлөр болот тууганчылык эне тарабынан эсептелет аялдардын эмгеги алдынкы орунга чыга башайт. Үй-бүлөнү башкаруу да эркектердин колуна өтөт. Бирок аялдардын  коомдогу  ролу  патриархалдык  уруктарга  караганда  жогору  болгон.