Лекция №29

Тема: Сыйынуу, мифология, дин, ритуал, космостук цикл, эсхатология жана фаталисттик түшүнүктөр

Аталган мезгилде эркектердин жашыруун сыйынууларынын негизинде жашыруун союздардын сыйынуулары, ага байланыштуу ата-бабаларга сыйынуу жана жол башчыларга сыйынуу пайда болду. Жашыруун союздар өз мүчөлөрүн арбактар, зооантропоморфтук жандар менен окшоштурат, башкаларды коркуту өз укуктарын бекемдөө максатында бийлерди пантомиаларды пайдаланышат. Ушундай эле максатта союздун мүчөлөрү бет капта тагынып жүрүшкөн. Инициация да союздун ичинде өтөт. Жашырууун союздардын мифологиясында аял арбактар башка ролду ойногон. Башкаларды коркутуу, талап-тоноо максатында салт болуп калган ишенимдер да пайдаланылган. Мисалы, жез  кемпирлерге  аңчылык,  кубулууга  ишенүү ж.б.       Социалдык  жиктелүү тереңдеген сайын жашыруун союздар да иерархиялашты.

Ата-бабаларга сыйынуунун маанилүү белгиси 3-4 муунга чейин аталарды эстеп жүрүү. Ата-бабалардын арбагы топтун мүчөлөрү менен тиги дүйнөнү байланыштырып турат. Алар байкатпай баарын көрүп турат, топтун баардык иш чараларына катышат. Топтун  мүчөлөрүнө мээримдүүлүк  кылышы, же тескерисинче каарын келтириши мүмкүн. Ата-бабалар уруктун, жамааттын жана уруунун пирлерине айланат. Мамлекет пайда болордо жол башчылардын ата-бабалары пантеонго киргизилет.

Жол башчыларга сыйынууда социалдык тартипке көмөктөшүүчү ритуал жана табият, тиги дүйнө менен байланыштуу ритуалдары өткөрүлгөн (1,2-сүрөт) .

29-1.jpg

 1-сүрөт

29-2.jpg

2-сүрөт

Бул сыйынуу бардык сегментардык сыйынууларды бириктирген. Жол башчы диний кызматчынын да ролун аткарган, б.а. ал   сакыралдык (ыйык)  жол башчы эле. Анын табияттан сырткаркы күчтөр менен байланышын табуу аркылуу ишке ашкан: жерди басууга, пенделер менен мамиле кылууга тыюу салынган. Коом жол башчыны ыйык, анын бийлиги жогортон башкарылат деп кабыл алган. Мындай  түшүнүктөр аны кээде  ритуалдык  фигурага  айландырган. Жол башчы жогортон берилген кудрет-күчкө ээ, бирок ал күч жол башчы картайганда азаят, таштап да кетиши мүмкүн, ошондуктан аны атайын ритуал менен жаңылап туруу керек. Жол башчынын алсыздыгын, кудуретсиздигин сезгенде аны алмаштырышкан же өлтүрүшкөн. Көбүнчө бул иш-аракеттер ритуал түрүндө өтүп жол башчынын бийлиги бекемделген (кайра жаралган).

Жол башчынын ритуалдык функциясы жаратылышта жана коомдо шайкештикти, чарбада түшүмдүүлүктү камсыз кылуу эле (3,4-сүрөт). Жол башчыны жана анын бийлигин сакралдаштыруу жол башчынын бийлигин чектеген, жеке өз максатында пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Алгачкы коом бузулуп баратканда сословие-каста сакралдаша баштайт. Касталарда

29-3.jpg

3-сүрөт

29-4.jpg

4-сүрөт

гипергамия, эндогамия үстөмдүк кылат. Жогорку касталар менен төмөнкү касталар тобу системасы аркылуу каршы коюлат.

Кээде  диний  кызматчылар өз колуна кеңири биийликти топтой алган жана мындай учурда  теократиянын ар кайчы формалары калыптанган. Экинчи жактан жол башчылар өз колдоруна сыйынууну ишке ашыруу функциясын да топтойт жана дин кызматчыларынын функциясын чектөөгө умтулат. Коомдун катмарларга жиктелүүсү менен сакралдык функция да адистеше баштады. Диний кызматчылар атайын билими менен бакшылардан, көзү ачыктардан  айырмаланган. Диний кызматчылар да өз ичинен бир нече адистикке бөлүнөт: дубалоочулар, сыйкырчылар. Диний  кызматчылардын  функцияларындагы  иерархия кудайлардын иерархиясы менен дал келген. Жамаат ичиндеги сыйынууларды уюштуруу аксакалдардын колунда эле. Уруунун, уруулар апалык сыйынуулар атайын дин кызматчылары тарабынан ишке ашырылат. Башка дин кызматчы калыптанып жаткан мамлекеттин башкы дин кызматчысы болуп калат. Сыйынуунун формалары көбөйөт жана татаалданат: диний майрамдар, театралдашкан оюн-зооктор ж.б. (5,6-сүрөт).

29-5.jpg

5-сүрөт

Айрым элдерде майрамдарда курмандыка чалуу ишке ашырылган. Сакралдык текстерди айтуу өзгөчө чеберчиликти талап кылган, аны айтууда адашуу бүтүндөй жамаатка жамандык алып келет деп түшүнүлгөн. Ошондуктан адашкан учурда дин кызматчы

кызматынан же өмүрүнөн айрылышы мүмкүн.

 29-6.jpg

                                    6-сүрөт

Аталган мезгилде дарылоо, дубалоо, бакшылык, акыркы сапарга узатуу гимндери, календарлык салт ырлары өнүгөт, сыйынууну ишке ашыруучу имараттар пайда болот. Сыйынууга багышталган пластикада аялдардын образы басымдуулук кылат. Бирок, ошол эле учурда ата-бабаларга, жол башчыларга сыйынууну чагылдырган курулуштар, мүрзөлөрдүн үстүндө чоң дөбөлөр пайда болот. Жол башчылар менен аялдар кошо көмүлгөн, кулдар курманыкка чалынган. Кудайлардын ырайымына жетишүү үчүн да курмандык чалышкан.

Урук, уруу сыйынган арбактар уруунун кудайларына айланат жана пантеон түзүлө баштайт. Ал али зооанропоморфтук мүнөздө болуп, бирок так антропоморфтук функцияларды аткарган. Сырткы күчтөрдүн функцияларынын жиктелишинен жана алардын суу, токой ж.б. “ээлеринин” синтезинен пантеон менен политеизм калыптанат.

Мифтерде кол өнөрчүлүктүн адистешкен кудайлары пайда болот жана алар адамдарды кол өнөрчүлүкө үйрөтөт. Бул  жерде  мифтин  жана  социалдык  мамилелердин  бири-бири  менен  байланышын  көрүүгө болот.

Пантеондогу кудайлар сыйынуунун уруулук адистешүүсүнүн, уруулардын ортосундагы эмгектин бөлүнүшүнүн негизинде калыптанат же согушта жеңгендердин кудайы башкы кудайга айланып, жеңилген тараптын  кудайлары пантеондун төмөнкү тепкичтеринен орун алат.

Алгачкы  коом бузулуп  бараткандагы дин синкреттик мүнөздө болгон жана ал синкретизм бузулуу алдында турган. Сыйынуунун  социялдык  функцияларынын өзгөрүшү менен абал татаалданган. Бул мезгилдеги сыйынуу карама-каршылыктуу системаны түзөт. Анын башкы тенденциясы сырткы күчтөрдүн жана ритуалдын жикке бөлүнүп иерархияланышы болуп саналат. Сыйынуулар эски уруулук мүнөздө ишке ашырылып, жаңы социялдык кубулуштарды чагылдырган. Аристократтар жамаат мүчөлөрүнө, дин кызматчылары кадимки пенделерге каршы коюлат.

Диний системанын  ичиндеги  карама-каршылык  мүлктүн  жиктелүүнүн натыйжасында андан ары татаалданды. Коомдо байлыкка, баюуга мамиле карама-каршылыктуу болгон. Бир жагынан жеке менчик сакралдашты, кадыр-барк экономикасы жол башчыга баюуга мүмкүнчүлүк берди жана анын мүлкү табуу аркылуу корголот, экинчи жагынан ритуал өткөрүлүп жатканда бул байлык коом мүчөлөрүнө таратылууга тийиш. Байлыктын өз кудайлары пайда болот, ошол эле учурда бай адамдардын бөлүнүп чыгышы социялдык гармонияга коркунуч катары кабыл алынган: көп түшүм алгандарды, жолдуу аңчыларды көз байлоочу сыйкырчы катары карашкан (көз байлоочуга коом терс мамиледе богон).

Ошентип салттуу идеология мүлктүн жиктелүүгө тоскоолдук кылган.

Мифология адамдын коллективге, коллективди чөйрөгө, чөйрөнү космоско бириктирген эрежелер катары ритуалдардын мазмуну болуп саналат. Бирок миф менен ритуал дайыма эле дал келе бербейт. Дүйнөнүн мифологиялык  картинасы  анын диний картинасына караганда кенен. Мифологиялык картина жаратылыш жана социялдык объектилердин илимге чейинки классификациясын да камтыйт. Анда космос, мейкиндик, убакыт жөнүндө абстрактуу түшүнүктөр пайда болгон. Мифологиянын четинде акындык өзгөчө талант жөнүндө түшүнүк калыптанган.

Тап  пайда  болуу доорунда дүйнө турпатын жиктелген абалда кабыл алуу пайда болгот. Мисалы: космостун үч катмары; асман, жер, жер асты (мурда дүйнө уруунун аймагын гана элестеткен). Бул мезгилде чыныгы космогония пайда болот. Эң алгачкы  космогониялык миф дуалистик мүнөздө богон: эркек-аял, оң-сол ж.б. бинардык каршы коюулар. Көп элдерде үстүңкү дүйнө менен астыңкы дүйнөнү бириктирген ортоңку дүйнө-байтерек. Ал дайыма калк жашаган аймактын ортосуна коюлат. Мындай дүйнө турпатында анын борбору сакралдык мүнөзгө ээ. Мындай борбордун  модели айылдын ортосунда, сыйынуучу имараттарда ж.б. түзүлгөн. Ошентип социялдык дүйнөнүн идентификациясы ишке ашат. Мурда мейкиндикти “маршруттук” кабыл алуу үстөмдүк кылса, эми мейкиндиктин структурасын геометриялаштыруу тенденциясы пайда болот: анын борбору, иерархиялык бөлүктөрү бар. Горизонталдык  планда  алганда анын кош (оң-сол), төрттүк (дүйнө жактары)  структуралары  бар. Вертикалдык планда дүйнөнүн деңгээлдери катмарланат. Анда тогуз жана андан көп катмарга ажыроо байкалат. Аларда ар кандай күчтөр, жандар жайгашат. Сандар символу өзгөчө роль ойнойт. Дүйнөнүн төрт тарабы жана үч деңгээли биригип ыйык жети санын берет.

 Өнүккөн  космогонияларда космос антропоморфтоштурулат. Космосту кудайлар жаратат: дөөлөр өлтүрүлүп алардын денесинен жер ж.б. жаралат.

 Хаостон (алгачкы океандан, түпсүздүктөн, караңгыдан, түндөн)  космосту жаратуу ал экөөнүн белгилерин карама-каршы коюу, бир негизден ажыроо катары сүрөттөлөт: суу жана кургактык, жарык жана караңгы ж.б. Кийинки этапта асман менен жер бөлүнөт: бири кудай-ата, экинчиси кудай-эне. Алардын кудайлар, баатырлар төрөлөт жана жерде социялдык тартип орнотушат. Табияттын, адамзаттын келечек тагдыры алардын тагдырына байланыштуу.

Алгачкы адамдардын түшүнүгүндө космос менен хаостун элементтеринин жиктелиши алгачкы коллективдин жашоосуна чоң таасир берет. Ал календардык циклдердин алмашуусунда, социялдык, үй бүлөөлүк турмуштагы өзгөрүүлөрдө өзгөчө мааниге ээ. Мындай алмашуу оору, өлүм алып келет деп коркушкан жана ага каршы туруу үчүн космостун структурасын кайра жаратуу жөрөлгөлөрүн өткөрүшкөн. Хаостун зыяндуу күчтөрүнүн келишин моделдештирүү-зыяндуу арбактарды тууронун карнавалдык салты, ритуалдык оргиялар, ритуалдашкан көтөрүлүш ж.б. Бул жөрөлгөлөр аркылуу социум хаосту көзөмөлгө алат. Ритуалдардын иерархиясы калыптанат, алардагы эң башкы ритуал – жаңы жыл майрамы. Бул майрамды өткөрүүдөгү башкы фигура-жол башчы, падыша. Алардын аракети социумдагы мамилелерди гармониялаштырууга тийиш.

Дыйкандардын коомунда календардык цикл, жөрөлгөлөр өзгөчө роль ойнойт. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн, космостун гармониялуу жашоосун камсыз кылуу үчүн адамдарды да курмандыкка чалышкан.

Космостук цикл, эсхатология, жана фаталистик түшүнүктөр. Алгачкы коомдогу ритуал менен мифология аалам менен адамзаттын жашоосун гармониялаштырууга умтулат. Ритуал алгачкы идеалдуу мезгилге кайтууга умтулат, ал эми учур чак дайыма мурдагыга караганда терс, тарзаман катары кабылданат. Хаос күчтөрүнүн келүү коркунучу, аны моделдештирүү космостук циклдер жөнүндөгү түшүнүктү жаратты. Социялдык теңсиздик аркылуу абал курчуган коомдо бул циклдер баштапкы гармониялык абалды, теңдикти, “алтын доорду” жоготу катары, хаос күчтөрү үстөмдүк кылып, дүйнө жок боло турган мезгил келди деп кабыл алышат. Бирок дүйнөлук катострофалар бул кездеги адамдар тарабынан дүйнөнүн жаңырышы катары кабыл алынган.

Эрте таптык коомдо космостук циклдер, катострофалар жөнүндөгү түшүнүктөр актуалдуу боло баштайт, адамдар дүйнөнүн түбөлүктүү эмес экендигин сезе баштайт.

Өткөн мезгил жөнүндөгү түшүнүк менен катар келечек жөнүндө түшүнүк жаралды. Айрым элдердин мифологиясында дүйнөнүн кыйрашы салттуу нормалардын бузулушу менен дал келет. Аталган  мезгилде жаралган эпостордун каармандары мифтер менен байланышканына карабастан реалдуу адамдар болуп саналат. Бул инсан, жеке сапаттары бар адам жөнүнүдө түшүнүтөрдү пайда болгондугун көрсөтөт. Адам өмүрү убактылуу экендигин аңдап түшүнгөн мезгил келди. Уруктун бузулушу менен мурдагыдай адам өз балдары аркылуу кайра жаралат деген ишенимге негиз калбай калды. Ошондуктан эпостордо жалгыз баатырдын тагдырынын трагедиялуу болушун көрөбүз.

Жеке аң-сезимдин калыптанышы, өлүм  проблемасы, социялдык жаңжалдар, адамдарды социялдык абалындагы айырмачылыктар тагдыр, жазмыш, таалай жөнүндөгү түшүнүктөрдү актуалдаштырды. Адамдын келечеги алдын-ала аныкталат деген түшүнүк пайда болду.

Эпостук баатрлар хаос күчтөрүнө гана эмес, кудайларга да каршы күрөшөт. Мындан аң-сезим мифологиядан бошоно баштаганынын көрөбүз.

Миф жана тарых. Уруулук салттардын кризиси, “алтын доордон” алыстоо, адамдын, дүйнөнүн, убактылуу экендигин сезүү тарых жөнүндөгү түшүнүктүн жаралышына көмөкчү болду. “Алтын доордун” өткөнүн, андан кийинки баатырлар муунунун кайып болушун адамдар дагы эле мифологиялык доордун алмашуусу  катары түшүнүшкөн. Бул түшүнүктөрдүн негизин космогония түзөт. Алгачкы  тарыхый баяндоолор космогониядан, эпостордон, башкаруучулардын санжырасынан башталат. Космогония кудайлардын иш-аракетин баяндоодон адамдардын иш-аракетин баяндоого өтөт.

Диний этика. Али мифоэпостук мүнөздө болсо да тарых жөнүндөгү, адамзаттын өз алдынчалыгы жөнүндөгү  түшүнүктөр  болмуштун  маңызы жөнүндөгү ойлорго түрттү. Мифологияда дүйнөнү жаратуу, хаос  менен  космостун карама-каршылыгы жамандык менен жакшылыктын күрөшү катары түшүнүлө баштады. Ал  дуалистик  космогониядан  жана  мифтерден  башат алат. Коомдук өнүгүүнүн алга жылышы менен  коллектив  үчүн  дуалдык  жаратуучулардын (демируг) жагымдуу жана жагымсыз жорук-жосундары ырайымдуу  жана  ырайымсыз  кудайлардын  күрөшү  жөнүндөгү  түшүнүктөргө  өттү, космос  менен  хаостун  карама-каршылыгы этикалык мааниге ээ болду. Бул дүйнөдөгү жасаган күнөөлөрү үчүн тиги дүйнөдө жооп берет деген түшүнүк калыптанды.

Ошентип, бузулуп бараткан алгачкы жамааттык коомдо диний-мифологиялык синкретизм бузулат, сыйынуулар жиктелип иерархиялашат. Мифте татаал жана ар түрдүү дүйнө турпаты пайда болот жана ал социялдык  структуранын  борборуна  коюлат, төбөлдөр  ыйыктарга айланат. Бирок  төбөлдөрдүн  ыйыктыгы али салттуу социялдык структураны буза албайт эле, экспулатацияга мүмкүнчүлүк бербейт эле. Бул карама-каршылык  таптык  коомдун  идеологиясы  менен  гана  чечилет.

Мононорманын жиктелиши. Алгачкы коом бузулуп таптык коом пайда болоордо алгачкы коомдо коллективдин  жүрүм-турумун  жөнгө  салган  мононорма  жектеле  баштады  жана  андан укук менен моралдык алгачкы элестери көрүнө баштады. Мораль өз кезегинде кубатталуучу жана милдеттүү түрдө аткарылуучу эрежелерге  ажырайт. Бирок  жаңыдан  калыптана  баштаган  укуктук  жана моралдык эрежелер али диний талаптардан бөлүнө элек болчу.

        Бул мезгилде кубатталуучу б.а. аткарылышы кубаттоого, мактоого татырлык, бирок милдетүү эмес эрежелер өз ара жардам, экзогамия салттарында ачык көрүнөт. Мурда алар милдеттүү болгон, эми алар кубаттоого гана арзыган эрежелер болуп калды.

Калыптанып жаткан мораль андан сырткары карапайым элге жана төбөлдөргө тиешелүү эрежелерге ажырайт. Ал нормалар чарбалык ишмердиктин түрлөрүнө, өз ара жардамга, тууганчылык эсебине, үй-бүлөө жана нике салттарына ж.б. байланышкан. Мисалы: эмгектенгендер жөнөкөй калк, ал эми согушкандар төбөлдөр, жөнөкөй калк матрилокалдуулукту же авункулолокалдуулукту жана матрилинейлүүлүктү артык көрсө, төбөлдөр патрилокалдуулукту жана патрилинейлүүлүктү артык көрөт, катардагы калк эгзогамияны сактайт, ал эми жол башчылар өз карындаштарына үйлөнөт, жөнөкөй адамдар балдарын өздөрү тарбиялайт, ал эми ак-сөөктөр аны уят көрүшөт (жасалма тууганчылык нормалары).

Моралдык  эрежелердин аткарылышы коомдук пикирдин таасири астында камсыз кылынат. Мындай таасир берүүнүн жолдору көп. Тикеден-тике таасир берүүгө насыят, атак-даңктан ажырап калуу коркунучу, уяткаруудан коркуу кирет. Кыйыр түрдө дин, мифология, фольклор ж.б. чоң рол ойнойт.

Социялдык  мааниде алганда бир кыйла маанилүү жана төбөлдөр үчүн пайдалуу мононормалар алгачкы укуктук эрежелерге айланды. Тап пайда болуу доорунда жамаат мүчөлөрүнөн жол башчылардын пайдасына жыйымдарды чогултуу мыйзамдашат. Мурдагы өз ара жардамдашуу салты эми жол башчылардын пайдасына бир тараптуу көрсөтүлө баштайт, уруулаштар  салтанаттар  учурунда белектерди беришет, артыкбаш азык-түлүк жол  башчыларга  камсыздоо мукаждыктары үчүн берилет, жаңы көчүп келгендер да жол башчыларга мал-мүлк тартуулашат ж.б. Жыйымдар жана милдеткерликтер өз ара жардам салтынын өзгөрүшүнүн натыйжасында пайда болгон.

Өз ара  коргоо салты да ушундай багытта өзгөрөт. Мисалы: кан кууп өч алуу, бир жагынан эсепке алынып мыйзамдашат (төбөлдөрдүн пайдасына түшүүчү айып тартуу), экинчи жагынан ар кайсы социялдык катмарлар үчүн анын баасы ар түрдүү болот.

Менчикти  коргоочу  санкциялардын  катаалдашы – мононормалардын мыйзамга айланып бараткандыгынын ачык далили. Мурда уурдагандык үчүн айрымдарды гана сабоо менен жазалашкан, адатта акыл үйрөтүү менен чектелишчү. Эми эмнени жана кимден уурдагандыгына жараша эселеп төлөтүү, мүлкүн  тартып  алып жакырдантуу, кулга айландыруу, майып кылуу, өлтүрүү жазаларын колдонушкан.

 Бул кездеги алгачкы укук системасынын эки өзгөчөлүгү бар: биринчиден бул эрежелердин дээрлик баарын шартту түрдө  "жарандык”  алгачкы укук деп аныктоого болот (жер ээлө,жерди пайдалануу,келишим,мурастоо жана башка маселелер), экинчиден  ал али алгачкы коом  мононорматикасынын  белгилеринен ажырай элек (калыптанып жаткан укукта коллективдик негиз сакталган, урук, патронимия, чоң үй-бүлөө баары жоопкер ж.б).

Алгачкы  укуктун  баардык  актылары  эл  алдында ишке ашырылат. Укуктук аң-сезим, сот иши али бир кыйла примитивдүү эле. Сот органдары жалпы потестардык органдар менен дал келет,б.а аны аксакалдар кеңеши,  "ардактуу адамдардын” кеңеши, жол башчылардын кеңеши түзөт жана ага туугандар, уруулаштар, жаамат мүчөлөрү да чакырылган. Бийлик иерархиялаша баштагандан тартып сот ишин жол башчылар өз колдоруна ала баштайт. Жол башчылар  кеңешинин  алдында  чечимдерди  аткаруучу  органдар  түзүлө  баштаган, бирок аал сот бийлигинин аткаруучу апараты түзүлгөндүгун билгизбейт. Иликтөө, сот ишин жүргүзүү мурдагыдан айырмаланган эмес,ошондой эле ант  берүү, тазалоочу иш-чараларды өткөрүү да мурдагыдай эле чоң роль ойногон.