Тарыхты окутуунун интерактивдүү методдору

ITLM деген эмне?

ITLM  англис  тилинен  которгондо:  сабак берүүнүн жана окутуунун интерактивдүү    методдору дегенди билдирет.

I –  (interactive)  интерактивдүү

T – (teaching)     сабак берүү

L – (learning)      окутуу 

M – (methods)     методдор

Интерактивдүү методдор булокуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдер  ортосунда өз ара аракеттешүүнү талап кылган методдор. «Интерактив» англис тилинин «interact» деген сөзүнөн алынган. «Inter»бул «өз ара», «act» – «аракеттенүү». Сабак берүүнүн интерактивдүү методдору билим алуучунун зор активдүүлүгүн, анын алынган маалыматтарды өзүнүн ой элегинен  кайра чыгармачыл түрдө өткөрүп чыгуусун эске алат. Окутуунун интерактивдүү моделинин негизги критерийлери: формалдуу эмес талкуунун мүмкүндүгү, материалды  эркин баяндоо, семинарлардын көптүгү, лекциялардын аздыгы, cтудентти демилгеси, коллективдүү аракеттерди  талап кылган  топтук  тапшырмалардын  болушу, жазуу  жүзүндөгү  иштерди аткаруу.

 

     Пассивдүү методдор                               Интерактивдүү методдор1-1.png      1-2.png    

 

 Интерактивдүү ыкмалар:

1.      "Кластер"

2. "Концептуалдык карта"

3. "Мүмкүнчүлүктөр веери" техникасы

4. "Идеялар дөңгөлөгү" техникасы

5. "Инсерт"

6. "Лимерик"

7. "Үч баскычтуу интервью"

8. "Зигзаг"

9. "Дарак" методу

10. "Венндин диаграммасы "

11. "Балык" диаграммасы

12. "Убактылуу чынжырча"

13. "Т-схема". Дебат уюштуруу.

14. "Тең-теңине" методу боюнча багытталган өз ара суроо    

       салуу

15. "Эмне үчүн" техникасы

16. Дискуссия

17. "Эки бөлүктүү күндөлүк"

18. "Интервью" методу

19. "Каскад" техникасы

20. Топторду түзүүнүн ыкмалары

21. "Синквейн"

22. "Галерея" методу

23. Топтогу ролдорду бөлүштүрүү

 

"Кластер"

Кластер түзүү – бул маалыматтар, идеялар  жана суроолор картасын түзүү жолу. Кластер түзүү когнитивдүү изилдөөгө негизделет.

Кластер түзүү эмнеси менен пайдалуу?

· Кластер түзүү Сизге идеяларды издеп табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсыл бир  тартипке келгенге чейин курамдаштырууга  же курамдаштырылганды кайра бузууга  жардам берет.

· Кластер түзүү бул кайсы бир фактордун  тегерегинде пикир топтоо технологиясы.

· Кластер түзүү – бул кимдер бирөөнүн тажрыйбасын колдонуу жана ага  форма ыйгаруу техникасы. Жалпысынан бул изилдөө процесси.

 

Кластерге бөлүү методу

Кластерге бөлүү – бул үйрөнүүчүлөргө кайсыл бир тема боюнча эркин жана ачык ойлонууга жардам берген, ой-жүгүртүүнүн вариативдүүлүгүн, үйрөнүлүп жаткан түшүнүктүн (кубулуштун, окуянын) байланышын жана мамилелерин орнотуу  жөндөмүн өнүктүрүүчү педагогикалык метод. Кластерге бөлүү идеялар ортосундагы байланыштар туурасындагы ой жүгүртүүнү стимулдаштырууга мүмкүнчүлүк берген түзүлүштөрдүн гана бөлүшүн  талап кылат.

Бул ой жүгүртүүнүн сызыктык эмес формасы. Ал биздин мээнин кантип иштеши менен бекем байланышкан.

«Кластер» сөзү бир байлам, таңгак дегенди билдирет. Кластерге бөлүү жаңы ассоциацияларды  чакырат, колдо болгон билимдерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, белгилүү  тема боюнча жаңы түшүнүктөрдү ойлонуу процессине киргизет. Кластерди бөлүүнү белгилүү бир тема кылдаттык менен үйрөнүлгөнгө чейин колдонуу  максатка көбүрөөк ылайыктуу.

Кластерге бөлүү ой-жүгүртүүнүн стимулу катары колдонулат. Кластерди топтук түзүү топтун идеялары үчүн өзөк катары кызмат кылат. Кластерге бөлүү абдан жеңил жана эсте оңой сакталат.

 

Кластер түзүүнүн ырааттуулугу:

1.    Класттык досканын же кагаздын чоң барагына  негизги сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

2.    Сиздин пикириңизде  берилген тема менен байланышкан сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

3.    Түшүнүктөр менен идеялардын ортосунда  ылайыктуу байланышты орнотуңуз;

4.    Сиздин бардык идеяларыңыз түгөнгүчө же  убакыт бүткүчө идеялардын канча вариантын жаза алсаңыз, ошончону жазыңыз.

 

Кластер түзүүнүн негизги эрежелери акыл чабуулун өткөрүү эрежелери менен окшош:

1.    Оюңузга эмне  келсе,  ошонун баарын жазыңыз. Бул ойлордун сапатына катуу карабаңыз, аларды жөн гана жаза бериңиз.

2.    Орфографияга, жазуу  ишине  тоскоол болчу башка факторлорго  көңүл бурбаңыз.

3.    Бөлүнгөн убакыт бүтмөйүнчө жазууну токтотпоңуз.

4.    Мүмкүн болушунча көбүрөөк  байланыштарды түзүүгө аракеттениңиз. Идеялардын санын, алардын агымын жана алардын ортосундагы байланышты чектебеңиз.

5.    Кластерге бөлүүнү биринчи жолу киргизип жатсаңыз, бүтүндөй топко тааныш  схеманы тандап алыңыз. Демонстрациялоо максаттарында Атамекен,  Багбанчылык өңдүү жана башка темалар колдонулушу мүмкүн.

 

  "Концептуалдык карта"

Бул эмне?

Концепциялыкк карта – ойлорду  тааныштыруу жана байланыштыруу жолу. СМдин негизги эрежелерин 60- жылдары Карнелл университетинен профессор Джозеф Новак (Joseph D. Novak) иштеп чыккан, ал өз кезегинде жаңы концепцияларды түзүү үчүн мындан мурунку тажрыйбанын маанилүүлүгүн көрсөткөн Дэвид Озубэлдин (David Ausubel) теориясына таянган.

Сунуш кылынган метод жаңы билимдерди жана маалыматтарды конспектилөөнүн стандарттуу схемасына альтернатива катарында колдонгонго  кызмат кылат. Карталарды түзүү Сизге мүмкүндүк берет:

- башкы, экинчи, үчүнчү (ж.б.у.с.) бутактарды колдонуу эсебинен иерархиялык катарда идеялардарды курамдаштырууга;

- ачык жана түстүү образдардын жардамы менен идеяларды күчөтүүгө;

- алардын ортосундагы байланышты көрсөтүүгө,

- концепцияларды түс, шрифттин өлчөмү, өзгөчө  белгилөөлөр менен бөлүп көрсөтүүгө,

- атайын  символдордун жардамы менен идеяларды баалоого жана комментариялоого.

Кантип аткарса болот?

Картография концепциясы өз ичине негизги идеяны  жазууну жана негизги ой менен байланышкан жаңы, ассоциацияланган идеяларды ойлонуштурууну  камтыйт. Жазып алган урунттуу  идеяларга көңүлдү топтоштуруу аркылуу  Сиз жаңы маалыматты  түшүнүүгө жана эстеп калууга жардам  берген ыңгайда билимди баяндайсыз.

1-кадам. Башкы идеяны так ортосуна жайгаштырыңыз

Көпчүлүк окуучуларга аң-сезим картасын  ландшафттык стилде чийүү үчүн дептер менен иштөө ыңгайлуураактай сезилет. Бул учурда  башкы  ой же тема кагаздын так ортосунда  жайгашат, бул болсо башкы идеянын тегерегине башка ойлорду жазуу үчүн максимум орунду камсыз кылат.

2-кадам. Актай казазга, паузасыз, ой жүгүртүүсүз же редакциялоосуз тез тартыңыз

Маалыматты кийинчерээк редакциялоо үчүн Сизде жетишээрлик убакыт болот, ошондуктан бул этапта ар бир мүмкүнчүлүктү аң-сезим картасына киргизүү маанилүү. Кээде ал сиздин теманы билүүңүздүн ачкычы боло алган мүмкүнчүлүктөрдүн бириболуп калат.

3-кадам. Байланыштарды издеңиз

Сиздин аң-сезим картаңызда пайда болгон ойлордун байламын көрсөтүү үчүн сызыкчыларды, түстөрдү, жебелерди, бутакчаларды же каалаган башка белгилерди колдонуңуз. Бул байланыштар Сиздин жаңы маалыматты же дил-баяндын  курамдаштырылган планын түзүүңүзгө маанилүү болушу мүмкүн. Картаны өздүк символдордун жана сүрөттөрдүн жардамы менен жасалгалап жатып, Сиз, эске түшүрүүгө жана түшүнүүгө жардам берген ойлордун ортосунда визуалдык жана ойлонуштурулган байланыштарды курасыз.

4-кадам. Баш тамгаларды колдонуңуз

Баш тамгаларды колдонуу идеясы Сиздин жалаң гана урунттуу учурларды жазууңузга  дем берүүдө турат. Баш тамгалар менен  жазылган сөздөрдү  диаграммаларда да кыйналбай окууга болот. Ошого карабастан  сиздин  өзүңүздүн түшүндүрмөлөрүңүздү кичинекей тамгалар менен бергиңиз келиши мүмкүн. Кээ бир окуучулар  буга келерки этаптарда  аң-сезим картасын түзүүдө кайрылышат, башкалары болсо ушинтип, мисалы,  баалоонун критерийлерин жазышат.

5-кадам. Көбүрөөк орун калтырыңыз

Эң пайдалуу аң-сезим карталары – булар убакытка удаа маалымат менен толукталып тургандар. Аң-сезим картасын алгач кагаз бетине  түшүргөндөн кийин теманы окуп-үйрөнүүнүн бүткүл баскычтарында,  экзамендерди тапшыруу мөөнөтү башталганга  чейин, Сиз кээ бир нерселерди  белгилеп, маалыматты же суроолорду кошумчалай аласыз. Ошондуктан көбүрөөк орун калтыруу сунушталат.

 

Сүрөттө көрүнүп тургандай тааныштыруулар картасы түшүнүктү, пунктту же суроону  камтыган ячейкалардан турат. Ячейкалардын ар бир башкасы менен жебелер аркылуу  байланышкан. Жебе мамилелер багытын сүрөттөйт жана сүйлөм катары окулат.

Башка варианты: Сиз негизги темадан  баштайсыз, өтө маанилүү жалпы идеяларды  сунуштайсыз жана аларды бутактар сыяктуу анын тегерегине жайгаштырасыз, андан кийин бул бутактардан өз идеяларыңыз же түйүндүү сөздөр жайгаштырылган бутакчаларды  (2,3-бутактар, ушул тартипте) чыгарасыз.

Интеллект – карталарды түзүүнүн негизин көрүү каражаттарын колдонуу болуп саналат. Биринчиден, Сиз узатасынан жазылган бутактарды тартасыз. Бул бутактар идеялардын тартиби, маанилүүлүгү боюнча  жайгаштырууга, бирине-бирин байланыштырууга  жардам берет.

Экинчиден, Сиз сүрөттөрдү сөз жүзүндө айтылган  идеялардын түшүндүрүүлөрү катары колдоносуз, ошондой эле идеяларды чечмелөө, көңүлдү топтоо үчүн атайын  символдорду пайдаланыңыз. Бул болсо картаны көзгө толумдуу, эсте каларлык жана  түшүнүктүүрөөк кылып көрсөтөт. Бул жерде картаны түзүү боюнча дагы бир эстеткич берилген:

 

«Мүмкүнчүлүктөр веери» техникасы

«Мүмкүнчүлүктөр веери» техникасын татаал проблемаларды чечүүдө гана эмес, комплексттүү иш-чараларды пландаштырууда да колдонууга болот.

Мисал:1-3.png.

«Идеялар дөңгөлөгү» техникасы

«Идеялар дөңгөлөгү» кайсыл бир проблеманы (бул техникада алардын саны 8) кайсыл проблеманы чечүү үчүн белгилүү сандагы идеяларды эсептеп чыгуу маанилүү шарттардан болуп эсептелген принципке негизделет.

 Үлгү:

                                               Негизги

                                                мыйзам

           Жерге болгон                                                        Билим берүү

менчик                                                                   мыйзамдары

Танзимат

реформасы

 

 

 


                                           

                                              NNNnnffffr            

 

 Колдонуу боюнча рекомендациялар.

1.                     Так ортосунан сиз чечүүгө зарыл болгон проблеманы же милдетти жазасыз.

2.                     Сегиз – бул компромисстүү вариант, ал Сиз ушунча идеяларды заматта табалбай калсаңыз кыжаалат болгудай анча чоң эмес сан. Биздин мээнин аң-сезимден тыш бөлүгү өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүндө чек дегенди билбейт, мына ошондуктан (теориялык жактан) сиз каалаган сандагы идеяларды жеңил гана ойлоп табасыз

3.                     «Идеялар дөңгөлөгү» ар башка сандагы чабактардан  турушу мүмкүн: 4 - 7; же 12 – баары сиздин пайда болгон проблеманы чечүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө жараша болот.

 

Инсерт

Бул эмне

Инсерт – текст менен иштөөдөгү активдүүлүктү колдоо инструменти. Барак бетине белги коюунун интерактивдүү системасы. Берилген амал окуучулардын  өздөрүнүн маалымат түшүнүүсүнө көз салуусуна  багытталат.

 

Эмнени өнүктүрөт?

· Текст менен натыйжалуу иштөө көндүмүн

· Активдүү, терең ойлонулган окууну

· Мурда белгилүү болгон материал менен жаңысын байланыштыруу жөндөмүн

· Теманы андан ары үйрөнүүнү стимулдаштырат

 

Көрүнүшү кандай?

«ü» - (ооба), эгер сиз окуп жатканга, билгениңиз туура келген учурда коюлат.

«-» - (алуу), эгер маалымат сиздин билгениңизге карама-каршы келсе коюлат.

«+» - (кошуу), эгер окуп жатканыңыз Сиз үчүн жаңы болсо коюлат.

«?» - (суроо), эгер информация кошумча маалыматтарды талап кылса же түшүнүксүз болсо коюлат.

 

Кантип аткарат?

1 – кадам. Акыл чабуулун өткөрүңүз.

2 – кадам. «ИНСЕРТ» белгиси менен индивидуалдык окуу

3 – кадам. Акыл чабуулунун жыйынтыктарын жуптардагы же кичинекей топтордогу  окуунун натыйжалары менен салыштыруу жана талкуулоо.

4 – кадам. «Инстерт» таблицасынын негизинде алынган маалыматты системалаштыруу.

Иштин бул түрүн жуптарда, кичинекей топтордо же  өз алдынча өткөрүү мүмкүн.

 

«Инсерт» таблицасы

«  ü»

«-»

«+»

«?»

 

 

 

 

Окутуучу үчүн кеңештер:

«Инсерт» белгисинин жардамы менен окууда, сөзсүз эле ар бир сапка белги коюу же белгилүү бир сандагы белги коюуларды  талап кылуу зарыл эмес, абзацтарды да, айрым сөздөрдү да белгилеп алууга  болот, башкысы, окурман өзүнүн маалыматты толук  түшүнүүсүнө өзү көз салгандай  болушу керек. Окуу китебин бүлдүрбөш үчүн, эгерде жөнөкөй карандаш жок болсо, китептин астына дептер  коюуну сунуштоого болот жана бардык белги  коюуларды дептер  беттерине жүргүзүп, ошол эле учурда беттерин көрсөтүүнү эстен чыгарбоо зарыл, ошондо текстке каалаган учурда кайра кайрылып, кандай белгилер  каерге коюлганын эстөө мүмкүн.

 

"Лимерик"

 

Бул эмне?

Лимерик – бул дагы беш саптуу, бирок синквейнден айырмаланып, рифмаланган ыр.

Лимерик – уюштурулган жана мыйзамдаштырылган маанисиздиктин англисче варианты.

Лимерик жазуу эрежеси:

Биринчи сап – каарманды же теманы тандоо

Экинчиси – аракеттерде байкалган каармандын мүнөздүү белгилерин көрсөтүү

Үчүнчүсү жана төртүнчүсү – аракеттин өзү

Бешинчиси – образдын мазмунун пародиялаган акыркы эпитетти тандоо.

 

Лимерик үлгүсү:

Бар экен, жок экен

Урушчаак жана ажылдаак

Саз абышка болуптур.

Отурчу экен ал дөңгөчтө,

Бакага ыр ырдап.

Ошол абышка,

Ыгы жок асылма

 

"Үч баскычтуу интервью"

Бул эмне?

Үч баскычтуу интервью – бул окуучулар ортосунда ролдорду бөлүштүрүү аркылуу проблема же  тапшырма менен тереңирээк таанышууда  же топ  мүчөлөрүнүн бири-бири менен таанышуусу  үчүн «муз жаргыч» катары сабактын же тренингдин башталышында колдонулуучу биргелешип окутуу методу.

Кантип аткаруу керек?

1-кадам. Окуучулар ортосунда ролдор бөлүштүрүлөт, же окуучулар өздөрү импровизациялай алышат.

2-кадам. А окуучусу Б окуучусун көңүл коюп угуп жана сүрөмөлөөчү суроолорду  берип,бир нече минутанын ичинде интервью алат.

3-кадам. Сигнал боюнча окуучулар ролдорун алмашат, жана Б окуучусу А окуучусунан ошончо  минута интервью алат.

4-кадам.  Дагы бир сигналдан кийин, шериктештер башка шериктештерге бурулуп,  төрт окуучудан турган топту түзүшөт.

5-кадам. Топтун ар бир мүчөсү эң кызык учурларды белгилөө менен өз өнөктөшүн жалпы топко тааныштырат.

Окутуучуга биздин кеңештер

«Табууга» зарыл болгон маалыматты же интервьюнун суроолорун алдын ала  таратып койсо болот.

Бул болсо аудиториянын даяр эместигинде иштин үзгүлтүккө учуроосун алдын алат. 

3 кишиден турган топ:

                      1-4.png                   1-5.png                                 

                                                                         

      3 кишиден турган топ

 

    1-6.png

Биринчи кадам                       

                                             Сурап билүүчү      Жооп берүүчү

                                                       1-7.png                

  Экинчи кадам

 

 Жооп берүүчү        Сурап билүүчү    

1-6.png                                                       

Үчүнчү кадам

                                                                                                                                                                                                                    1-6.png

           Баары бири-бири менен өз жоопторун бөлүшөт

                     1-10.png

 

"Зигзаг"

Бул эмне?

Бул окуучуларга көп сандагы окуу материалын аз убакыттын ичинде иштеп чыгууга мүмкүндүк берген биргелешип окутуу методу.

Эмнени өнүктүрөт?

Социалдык (коммуникативдик) көндүмдөрдү.

Аналитикалык-синтетикалык көндүмдөрдү (эң маанилүү идеяларды, өз ара байлыныштын  бардыгын, резюме жасоо жөндөмүн  бөлүп  көрсөтүү ж.б.у.с.

Презентациялоо көндүмдөрүн.

Кантип аткаруу керек?

1-кадам.

Материалды тандап, аны логикалык бөлүктөргө бөлүңүз (4-6 бөлүктөргө).

2-кадам.

Тандалып алынган  материалдын бөлүктөрүнүн санына жараша 4-6 адамдан турган топторду  түзүңүз. Бул («боордош») топтун ар бир мүчөсүнө өзү үйрөнө турган материалдын бөлүгүнө туура  келүүчү номер бериңиз.

3-кадам.

Үйрөнүлүүчү материалды бөлүштүрүңүз.

4-кадам.

«Эксперттик» топторду түзүңүз. Окшош номерлүү студенттер бир топко биригишет. «Эксперттик» топтун милдети материалды үйрөнүү жана «боордош топто» эң мыкты презентациялоо ыкмасын аныктоо.

5-кадам.

Студенттер «боордош» топторуна кайтып келишет жана өз ара маалымат менен алмашат. Эксперттин милдети топтун ар бир  мүчөсү материалдын өзү жооп бирген бөлүгүн өздөштүрүүсүн камсыз кылууда  турат.

Иштин жыйынтыгында топтун ар бир мүчөсү бүтүндөй материал менен тааныш болот.

6-кадам.

Студенттердин  материалды түшүнүүсүн текшерип, жыйынтыктарды чыгарыңыз.

Текшерүүнүн түрлөрү:

·  Эксперттердин презентациялары;

·  Жазуу иштери;

·  Суроолорго жооп берүү;

·  Тесттик тапшырмалар.

 

«Зигзагтын» вариациялары

Материалды мындан да терең, максаттуу окуп-үйрөнүү үчүн тексттин ар бир бөлүгү боюнча ачык суроолор камтылган «эксперттик барактарды» даярдаңыз.

 

Окутуучуга биздин кеңештер

·                    Коллективдүү таанып – билүү ишмердигиндеги кыжы-кужуга даяр болуңуз.

·                    «Эксперттик» жана «боордош» топтордогу иш үчүн жетишерлик өлчөмдөгү убакыт бериңиз (20 минута).

·                    Жардам көрсөтүүгө умтулуңуз, зарыл учурда топторго консультация бериңиз.

 

1-кадам: Боордош топтор

1-11.png 1-12.png1-13.png       

2-кадам: Эксперттик топтор

 1-14.png 1-15.png     

 1-16.png

 

3-кадам: Боордош топтор

 1-17.png 1-18.png 1-19.png      

 

4-кадам: (милдеттүү эмес) Эксперттердин презентациялары

                                                                                                               

           1                           2                            3                               4

     1-20.png

 

 

"Дарак методу"

 

 "Дарак методу"- окуяларды түзүп жана алардын натыйжаларын  кезеги менен тизүү.

Үлгү:

Себеби                   Натыйжа

      1-21.png

"Венндин диаграммасы"

·                        Адам баласынын эволюциалык процесси боюнча полицентристтик окумуштуулардын көз карашатарын?

·                        Адам баласынын эволюциялык процесси боюнча полицентристтик көз караштагы окумуштуулардын көз караштарын белгилегиле?

·                        Моноцентристтик жана моноценртистик көз караштардын окшоштукраны белгилегиле

                                                                                                                                                                                             1-22.png

"Балык диаграммасы"

 

    Диаграмма «рыбка»

 

1-23.png

Үлгү:  .

Себеби:

Факты:

 

 

 

 

 

 

«Убактылуу чынжырча»

 

Тарыхый окуялардын себептерин жүрүшүн жыйынтыгын жазуу

Үлгү:1-24.png

«Т-схемасы»

 

                         Дебат уюштуруу

 

Макул

 Каршы

 

 

 

«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

1.    Студенттер индивидуалдуу түрдө иштешет,  берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

2.    Студенттер өздөрү тарабынан берилген суроолордун баарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Бул тапшырма  студенттердин талкууланып жаткан темага  тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга милдеттендирүү үчүн түзүлгөн.

3.    Студенттер колдон келишинче көбүрөөк суроолорду  колдонуулары керек.

4.    Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир студент талкуу үчүн суроосун сунуштайт.

 

Мисалы: Алгачкы адам баласы боюнча окумуштуулардын (бир окумуштуунун)көз карашы

 

Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат...?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

Кантип …  түшүндүрүңүз?

Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар?

… жөнүндө мен кандай тыянак чыгара алам?

… менен …. ортосунда кандай айырма бар?

… менен …. окшоштугу кайсы?

… кантип колдоно алам?

… күчтүү жана начар жактары кайсылар?

Кайсынысы эң жакшы … болуп саналат жана  эмнеликтен?

 

«Эмне үчүн?» техникасы

 

  «Эмне үчүн?» техникасы -  бул максаты проблеманын келип чыгуу себебин табууга багытталган бүтүндөй бир ой жүгүртүүлөрдүн чынжырчасы.

   Ошентип, сиз ишти ачык-айкым болгон проблеманын формулировкасынан баштайсыз. Анан «Эмне үчүн?» суроосу менен жебени тартасыз, анын артынан эле башыңызга келген жоопту жазасыз. Бул процессез сиз проблеманын жашырылган себебин  тапкыча улантылат.

Мисалы:

Эмне үчүн?

 

 

Эмне үчүн?

 

Ноябрь айынын отчетту жоголду

 

Үстөл үстү чачылган

Өткөн жума

бою кагаздарды

жыйнаган жокмун

 

 

 


                                                           

 

 

Эмне үчүн?

 

Эмне үчүн?

 

Үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр көп нерседен алагды кылды

Аялыма жана балдарыма аз көңүл бурам

Көшөргөндүк

жетишпеди

 

 

 

 

 

 

 

 


                Ж.б.у.с.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мисал1-25.png

 

"Дискуссия"

 Дискуссия (лат. discussio- "иликтөө, караштыруу, талдоо")  кайсы бир проблема боюнча ачык жана эркин пикир алмашууга  негизделген окутуунун методу. Студенттер сүлөгөндө жеке пикирлерин айтышы да, башкалардын ойлоруна таянышы да мүмкүн.

        Дискуссияны эки-экиден, чакан топто же бүт аудиторияда өткөрүүгө болот.

 

"Эки бөлүктүү күндөлүк"

Тема боюнча "Эки бөлүктүү күндөлүктү" түзүү. Группа 3 командага бөлүнөт, ар бир командага 2 ден тапшырма берилет. Берилген тапшырмалардан цитата бөлүп, аларга комментарий бергиле.

Мисалы:

Цитата

комментарий

 

· Приматтар

· Рамапитек

· Питекантроп еректус

· Homo habilis

· Неандерталец

· Полигенизм

· Моногенизм

· Олдувай маданияты

 

 

«Интервью» методу

Биринчиден интервьюну алуудан мурда, бул теманы жакшылап окуп чыгуу керек. Группа 4  командага бөлүнөт. 1-2-команда 3-4 командага интервью алуу үчүн суроолорду даярдайт

«Каскад» техникасы

Бул техника иерархиялык идеялардын түзүмүн аныктоого мүмкүндүк берет.

Мисалы:

 

Колдонуу боюнча рекомендациялар.

1.    «Каскад» түзүү процессинде схеманын айрым бөлүктөрүн жылыштырууга болот – бул анын тигил же бул жоболорун кайрадан аңдап билүүгө мүмкүндүк берет. Негизги максат: чыгармачыл жана аналитикалык ойломду активдештирүү.

2.    Бир идеяны иштеп чыгууда сиз туюкка кабылчу болсоңуз, мындай абалда, бир нерсени көз жаздымда калтырбадымбы, башкача кылууга болбойт беле деп сизге ар дайым бир же эки баскыч жогору кайтып келүүгө болот. 

3.    Сиз солдон оңду көздөй жазганга көнгөнсүз. Бул факт ой жүгүртүү процессинде күчтүү таасир этет (себеби мээнин сол жак жарым шары гана аракетте болот) мына ошондуктан «каскадды» өнүгүү оңдон солду көздөй жүргөндөй, «борборбордук бөлүгү» (негизги идеясы) барактын оң жак четинде калгандай кылып түзүп көрүңүз. 

 

Топторду түзүү ыкмалары

Топторду түзүүнүн көптөгөн ыкмалары бар:

1.                      Студенттерди окуянын өнүгүшү боюнча бөлүштүрүү, бирок мугалим өз каалоосуна ылайык аракеттениши мүмкүн. Мисалы,  отуз окуучуну ар биринде үчтөн адам бар он топко бөлүүгө болот: Бөлүштүрүүнү оюн формасында уютуруу  мүмкүн, мисалы, туулган айлары, бойлору, жакшы көргөн гүлдөрү, мөмлөрдүн же геометриялык фигуралардын аталыштары боюнча ж.б.у.с.

2.    Алдын-ала жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жардамы менен, анын жыйнтыктары  боюнча окутуучу студенттерди үч категорияга  отличниктерге, «орто окугандарга» жана  сабактан жетишпегендерге бөлүштүрөт. Андан кийин ал  жогорудагылардан бирден «өкүлдү» кошуп, триаддарды түзөт.

3.    Окутуучунун аудитория жөнүндөгү маалыматтын негизинде. Эреже боюнча дал ушундай ыкмадан улам ишке ашкере жөндөмдүү топтор  түзүлөт, анткени педагог ар бир топто ак ниетсиз, анча  эмгекчил эмес окуучулар азчылыкты  түзүшүнө, ал эми  бири-бирин тартипти бузууга провокациялагандар бир топто болбошуна  ар дайым кызыкдар.

4.    Группадагы ар бир «бөлүп салынгандын» айланасында  «колдоо топторун» түзүү: окутуучу ар бир студенттен бир топто иштегиси келген үч группалашын атап өтүүсүн суранат жана  жооптордон улам , ким менен эч кимисинин кызматташууну каалабаганын билет. Андан кийин ал ар бир ушундай  студенттин айланасында активдүүлөрдөн, группалаштарына жардам берүүгө мыктуулардан атайын топту түзөт.

5.    Ким менен иштерин, студенттер өздөрү чечишет, бирок бул жол эң эле ийгиликсиз, мына  ошондуктан эң эле аз сунушталат. Студенттердин  жеке тандоосу боюнча түзүлгөн топтор,  эреже боюнча, ар дайым бир типтүү: отличниктер  отличниктер менен иштөөгө умтулушат, студенттер – студенттер менен ж.б.у.с. Студенттер өздөрү түзүшкөн топтор педагогдор тарабынан түзүлгөндөргө караганда ийгиликтерге жетишкен учурлар аз эмес.

6.    Аралаш ыкма, окутуучу  студенттердин группалаштарынан кимиси менен иштегилери  келерин жазуусун өтүнөт. Момундай ыкма  да көңүл бурууга  арзыйт. Андан ары студенттин өзү тандаганы калган жана кимди (же кимдерди)  ал дайындаса, ошол катышкан топтор түзүлөт.

Топко жалпы максаттарды кабыл алууга жана  жалпы максаттарды аткаруу боюнча күч-аракеттерин биргелештирүүгө жардам берүүчү ыкмалар

Зарыл:

·  Проблеманы чечүү жолун көрсөтүү, мурда айтылган идеяларды интеграциялоо;

·  Топтун иш багытына жана темпине таасир этүү, жыйынтыктык чыгарууну аяктоо, тапшырманын  максаттарын жана аны аткарууга бөлүнгөн убакытты эскертүү;

·  Чечим кабыл алуу үчүн зарыл маалыматты топтоо;

·  Жеке тажрыйба  менен байланышкан жана берилген  проблемага тиешелүү фактылар же корутундулоолор жөнүндө билдирүү;

·  Өз ишенимин жана пикирин билдирүүгө. Мисалдарды келтирүүгө, мурда сунушталган ойлорго далилдерди табуу;

·  Жыйынтыктарды чыгаруу, мурда белгиленген максаттардан четтөөлөрдү көрсөтүү..

Топто жагымдуу абалды түзүүгө жардам берүүчү жолдор.

Зарыл:

·  Компромисс издөөгө, мүчөлөр ортосундагы жана  алардын  пикирлериндеги келишпестикти жумшартуу;

·  Ар башка айтылган ойлойлордон жалпылыкты табуу, резюме жасоо;

·  Топтун жетишкендигине көңүл буруу;

·  Ойду билдирүүгө коопсуз атмосфераны түзүү (катышуучу анын оюн шылдыңдашпай турганына ишенимдүү болушу керек);

·  Топтун жалпы кызыкчылыктары үчүн  өздүк  идеялардан  баш тартуу;

·  Курч абалды тамаша менен жеңилдетүү;

·  Ар бир кырдаалда өзүн маданяттуу алып жүрүү.

Топтун биримдүү иштешине тоскоол болгон деструктивдүү жүрүм-турумдун түрлөрү.

 

Мүмкүн эмес:

·  Талкууну монополизациялоого, топту контролдоону өзүнө алууга аракеттенүүгө, башкаларга жолтоо болууга;

·  Жеке асылууларга, чектен ашкан азилдерге, көрө албастыктын көрүнүштөрүнө жол берүүгө;

·  Кадыр-баркты кемсинтүүчү репликаларды айтууга, башкалардын сезимдерине терс таасир этүүгө;

·  Өздүк кадыр-баркка топту же анын мүчөлөрүн манипуляциялоо жолу менен жетишүүгө;

·  Себепсиз эле терс реакцияны көрсөтүүгө (саботаж), топту, ал өзү аң-сезимдүү түрдө баш тарткан иштерге кайрып келүүгө мажбурлоого;

·  Таанылууну издөөгө, өзүнө көңүл бурууга  жана өзүнүн жеке жетишкендиктерин кооздоп сүрөттөөгө – мактанууга;

·  Өзгөчө привлегияларды талап кылууга;

·  Өздүк ишенимди таңуулоого.

 

Синквейн

Бул эмне?

Синквейн, француз тилинен которгондо – 5 сап. Синквейн маалыматты синтездөөгө, резюмелештирүүгө жардам берген, ак (рифмаланбаган) ыр.

Синквейнди жазуу эрежеси:

1 – сап: Темасы бир сөз менен (адатта зат атооч)

2 – сап: Теманы эки сөз менен баяндап жазуу (эки сын атооч)

3 – сап: Бул теманын чегинде аракеттерди баяндап жазуу (үч этиш же чакчыл)

4 – сап: Темага карата мамиле, сезимдер жана эмоциялар (төрт сөздөн турган  фразалар)

5 – сап: Теманын маңызын бир сөз менен кайталоо (теманын синоними).

Синкейндин үлгүлөрү:

Окуу

Таанып-билүүчү, ойлонуштурулган                        Кубанычтуу жана  трагедиялуу,

Билим, түшүнүк, жетишкендик тартуулоочу     Жандандырып, көңүл көтөрүп, турмуш океанына чөмүлткөн                                                                               

Рухтун, акылдын жана сезимдин өсүшү                Сенин бийлигиңе чек жок,

Жан дүйнөнү байытуучу                                          Не деген кереметсиң!

«Галерея» методу

«Галерея» методу кичи топтордо бир канча суроолорду заматта талкуулоого мүмкүндүк берет. Мында топтук талкуунун ар бир катышуучусу талкуулоого катышып, бардык каралып жаткан суроолорду талкуулоодо өз салымын кошо алат.

1.    – кадам. Проблеманын формулировкасы. Фасилитатор негизги тапшырмаларды бөлүп көрсөтөт.

2.    – кадам Топторго бөлүү. Фасилитатор жалпы топту тапшырмалардын санына карап, кичи топторго болот.

3.    – кадам. Тапшырманын берилиши. Фасилитатор ар бир кичи топко тапшырма берет.

4.    – кадам. Ар бир кичи топтун өз тапшырмасын аткаруусу. Тапшырмаларды аткаруу боюнча жумуш ар бир кичи топтордо жүргүзүлөт (демейде 5-10 минута ичинде).

5.    – кадам. Кичи топтордун жанындагылардын тапшырмаларын толуктап иштөөгө өтүшү. Ар бир кичи топ өздөрү идея жазган чоң баракты албастан, коңшу кичи топтун ордуна айланып өтүшөт. Мунун башка  варианты: топ орун которбой эле, иштелген идеялар жазылган баракты тегерете берип жиберсе да болот. 

6.    – кадам. Жанындагылардын тапшырмаларын толуктап иштөө. Ар бир кичи топ чоң барактын бетине кошуна топтун идеяларын окуп үйрөнүшөт; өзү макул болбогондорду  суроо белгиси менен белгилейт; коңшунун  тапшырмаларын аткарууда  өз идеяларын жазып, баракты толуктайт. 5 минутадан кийин топтор тегерене кийинки кичи топтун барагына өтүү менен, кайрадан орундарын өзгөртүшөт. Орун которуулардын саны кичи топтордун  санына (коюлган милдеттерге) дал келет.

7.    – кадам. Өз тапшырмасына кайтып  келүү. Айдана  боюнча тапшырмадан тапшырмага  өтүү  ар бир кичи топтун өзүнүн баштапкы тапшырмасына кайтып келүүсү менен аяктайт. Топтор бүтүндөй иш учурунда айлана боюнча чоң ак кагаздарда топтолгон идеяларды окуп үйрөнүшөт.

8.    – кадам. Иштин жыйынтыктарын презентациялоо жана талкуулоо. Ар бир топ кезеги менен өз кагаз бетинде топтолгон жыйынтыктарга,  идеяларга түшүнүк берип, комментариялап,  тааныштырып өтөт. Башка топтор презентация жасап жаткан  топтун барагына өздөрү жазган идеяларды комментариялайт жана түшүндүрөт. Зарыл  учурларда идеялар жалпы топто  талкууланышы мүмкүн.

 

Топтогу ролдорду бөлүштүрүү

 

Ролдун аталышы

Функциялары

 

 

 

Топтук иштен жеке канааттангандыкты өзүн-өзү баалоо таблицасы

 

Критерийлер

Дайыма

Тез-тез

Кээде

Сейрек

Эч качан

1. Мен идеяларды айтам жана алар топто колдоого алынат.

 

 

 

 

 

2. Мен башкалардын пикирлерин колдоймун.

 

 

 

 

 

3. Мен сынга сабырдуулук менен мамиле кылам.

 

 

 

 

 

4. Менин билимдерим максатка жетүүмдө жардам беришет.

 

 

 

 

 

5.  Менин идеяларым колдоо табышты жана презентацияланууда.

 

 

 

 

 

6. Топтогу иш ички канааттангандыкты пайда кылат.

 

 

 

 

 

7. Менин жүрүм-турум манерам топтун  маанайына таасир этет.

 

 

 

 

 

 

«Биздин топтун ишине менин салымым» өзүн-өзү баалоо таблицасы

 

Критерийлер

Эч качан

Кээде

Тез-тез

Ар дайым

1. Мен коркпостон эле өз идеяларымды айтам.

 

 

 

 

2. Мен өз пикиримди негиздүү коргойм.

 

 

 

 

3. Мен башкаларды көңүл коюп угамын.

 

 

 

 

4. Мен өзүмдүн туура эместигимди моюнга алам.

 

 

 

 

5. Меники  болбосо да,башкалардын  жакшы идеяларын жактырам жана колдойм.

 

 

 

 

6. Мен ынтымакка умтулам, эпке келем

 

 

 

 

7. Мен баарынан көбүрөөк  роль аткарам:

·  Лидердин

·  Спикердин

·  Секретардын

·  Таймкипердин

·  Боз чычкандын

 

 

 

 

 

Топтук  талкууну өткөрүүдөгү өз ара баалоо критерийлери

 

Критерийлер

Ар дайым

Кээде

Эч качан

1.

Биз талкууну баштардан мурун тапшырманы тактап алабыз

 

 

 

2.

Биз темадан алыстабастан иштөөгө аракеттенебиз.

 

 

 

3.

Талкууга баары катышат.

 

 

 

4.

Биз жоопко даярданууда бири-бирибизди көңүл коюп угабыз.

 

 

 

5.

Биз бир пикирге келүүгө аракеттенебиз

 

 

 

6.

Бардык айтылган идеяларды  кимдир-бирөө сөзсүз жазып отурат.

 

 

 

7.

Талкуу учурунда бардык идеялар каралат.

 

 

 

8.

Биз убакытты көзөмөлдөөгө аракеттенебиз.

 

 

 

9.

Биз этиканы сактайбыз.

 

 

 

10.

Биз топто ролдорду бөлүштүрөбүз.

 

 

 

 

Текст окуудагы өзүн-өзү баалоо критерийлери:

 

Критерийлер

Ар дайым

Кээде

Эч качан

1.

Китептин аталышы боюнча жана  китептеги иллюстрациялар аркылуу мен китептин мазмунун  божомолдоп айта алам.

 

 

 

2.

Китептин жанры боюнча окуялардын өөрчүүсүн алдын ала айта алам.

 

 

 

3.

Мен негизги учурларга  көңүл буруп, эстеп калууга  тырышам.

 

 

 

4.

Мен окуп жатып ,өзүм алдын ала айтканыма  салыштырууга аракеттенем.

 

 

 

5.

Окуп жатып, мен  токтоого жана эмне болуп өткөнүн жана эмне болушу мүмкүн экендиги туурасында  ойлонууга тырышам.

 

 

 

 

Анча чоң эмес топто аракеттенген окуучу ишинин критерийлери

 

Критерий

Жакшы

Орто

Начар

1.

Максатын же милдетин эстен чыгарбайт

 

 

 

2.

Топтун башка мүчөлөрү менен кызматташат

 

 

 

3.

Башкаларга жолтоо болбостон иштейт

 

 

 

4.

Топтун  бардык мүчөлөрү менен сылык-сыпаа

 

 

 

5.

Топ ишин жакшыртуу жолдорун издейт

 

 

 

6.

Иштеги өз үлүшүн так орундайт.

 

 

 

 

          Окуучулар иштерин үйрөнүү (отчеттор, карталар, көркөм чыгармалык)   окутуу процессин баалоого жардам берет. Жыл башындагы жана аягындагы иштерди салыштыруу менен мугалим прогресс  бардыгын байкайт. Коллективдүү иш-чараларда  ар бир окуучунун гана эмес, бүтүндөй топтун иши бааланат.

Педагогдор окуучулардын эмоционалдуу сапаттарын кантип калыс баалоого болот дешип көбүрөөк тынчызданышат. Эч бир бааларсыз  эле жөн гана мүнөздөмө жазса болот. Же эң акыркы баалоо үчүн негиз катары ,төмөндө келтирилген мугалимдер койгон бааларды,  балдардын өзүн-өзү баалоосун колдонсо болот.

 

Эркин ойломдун критерийлери

 

Критерий

Жакшы

Орто

Начар

1.

Жаңы идеяларга жана кылык-жоруктарга көңүл бурат.

 

 

 

2.

Бир нерсе кылып жатып, жаңы жолдорду издейт

 

 

 

3.

Талкуу учурунда биринчи иретте сезимдерди жетекчиликке алат.

 

 

 

4.

Жаңы фактылар жөнүндө билген соң, тыянактарды өзгөртөт.

 

 

 

5.

Ар бирөөнө калыс болууга тырышып, ой-пикирин билдирет

 

 

 

6.

Стереотиптер менен  адатка айланган жалган көз караштарды айырмалайт

 

 

 

7.

Проблеманын бардык аспектилерин карап чыгат.

 

 

 

 

Өзү-өзү баалоо критерийлери

Төмөндө бир нече критерийлер келтирилет

 

Критерий

Абдан жакшы

Жакшы

Орто

Начар

1.

Демейде  мен өзүмдү кандай баалайм?

 

 

 

 

2.

Мен башкаларга урматтоо менен  мамиле кылам.

 

 

 

 

3.

Мен башка адамдарга кызыгуумду көрсөтөм

 

 

 

 

4.

Мен башкаларды уга билем.

 

 

 

 

5.

Мен ишке абдан берилем.

 

 

 

 

6.

Мен башкалардын проблемалары туурасында ойлоном жана аларды кабыл ала билем.

 

 

 

 

7.

Мен башкаларга калыс баа бере алам.

 

 

 

 

8.

Мен башкалар менен кызматташа алам.

 

 

 

 

9.

Алдын ойлонууга, андан кийин аракеттенүүгө тырышам.

 

 

 

 

10.

Мен чынчыл боло алам.

 

 

 

 

11.

Мен ак ниеттүү болууга тырышам.

 

 

 

 

12.

Мен башкаларга жардам бере алам.

 

 

 

 

13.

Мен өз каталарымды мойнума алам

 

 

 

 

 

        Аягында, мугалим ар дайым инструкцияларды баалар менен байланыштырууга тийиш. Формалдуу  баалоо менен айкалышта ар кандай окуу иш-чараларына формалдуу эмес баалоо,  окуучулар эмнени жана кантип кабыл алып  жатышкандыктары туурасында пайдалуу  маалыматты берет. Бул маалымат мугалимге класстагы ийгилик мындан да  байкаларлык болгудай деңгээлде сабакты  уюштурууга көмөктөшөт.

Акыл чабуулу

Бул эмне?

 Акыл чабуулу – бул идеяларды иштеп чыгуучу  жана проблемаларды чечүүчү адамдар тобуна  эсептелген, процедуралардын спецификалык  жыйнамы. Класста акыл чабуулун жүргүзүү проблемаларды чечүүнүн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди түзүүнүн жана мүмкүн болгон суроо-жоопторду аныктоонун эң мыкты  жол-жобосу болуп саналат. Кайсы гана предмет боюнча, кандай  суроо болбосун акыл чабуулу методу аркылуу каралышы  мүмкүн.

 

Кантип аткарса болот?

Акыл чабуулун жүргүзүүнүн кадамдары

Мугалим катары Сиз «фасилитатор» сыпатында аракеттенесиз.

1.    Даярдоо

Сабактын башталышына чейин кароого коюлуучу суроону же проблеманы талкуулаңыз.  Окуучуларга  бул  жөнүндө ойлонууга жана бул суроого «тереңдөөгө» бир аз убакыт бериңиз.

2.    Фактыларды табуу

Чечүүнү талап кылган проблеманы, суроону же  маселени так белгилеңиз. Суроо түшүнүктүү болушу керек. Талкууга коюлуучу  суроону  доскага жазыңыз. Окуучулардын кыялдануусун курчутуу максатында темага тиешелүү кандай суроолор болбосун талкуулаңыз.

3.    Машыгуу

Акыл чабуулун жүргүзүү техникасын машыктыруу үчүн жөнөкөй, мүмкүн күлкүлүү суроону алып чыгыңыз. Ал  сунуш кылынган темага байланышпаган суроо болушу керек.

4.    Идеяларды иштеп чыгуу

Бул этап берилген суроо боюнча акыл чабуулунан башталат. Окуучуларды идея сунуштоого шыктандырыңыз. Кимиси болбосун ар кайсы убакта  сүйлөй алат. Доскага мына ушул этаптын  төмөнкү эрежелерин жазып коюңуз.

Сындабагыла жана баалабагыла (башка бирөө тарабынан айтылгандарды кылбашы, баа бербеши же сындабашы керек).

Туура эмес жооптор болбойт (оюңузга эмне  келсе, баарын айтыңыз. Башыңызда сактабаңыз. Баары өтөт. «Акылсыз» жана колдонуудан алыс идеялар кээде  өзүнүн артынан пайдалуу идеяларды алып келет).

Идеялар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы (кыска тизмени узарткандан көрө, узунун кыскарткан  жеңил).

Комбинацияны өзгөртүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз (башка адамдардын идеяларын көбөйтүңүз, алмаштырыңыз,  жакшыртыңыз)

Өзүңүздү бош коюңуз, ойноңуз жана ырахаттаныңыз (акыл чабуулунун сессиясы оюнкараактык жана  релаксация маанайында болууга  тийиш).  Ал жакшы жүргүзүлө, сөзсүз оюн-зооктой жеңил өтөт. Мында достук жарыш менен өз ара жардам  чырмалышкан атмосфера түзүлөт.

Унчукпай коюу туура (адамдар унчукпай турганда, мүмкүн алар ойлонушат. Адатта, унчукпай  коюудан кийин жакшы идеялар пайда болот).

Фасилитатор катары окуучуларга ушул эрежелерди эскертип коюңуз.

5. Чечимдерди табуу

Сиз зарыл учурду сезсеңиз (же Сизде аз убакыт калса), идеяларды  иштеп чыгуу боюнча ишти токтото туруп, акыркы  фазага өтүп жатканыңызды жарыя кылыңыз. Бул учурга доскада жазылган ойлор каралып,  алар сынчыл бааланган болот. Кандай  чечимдин же идеянын мааниси бар? Кайсыныкы  жок? Алардын кээ бирлери өтө эле жөнөкөй, башкалары өтө эле татаал көрүнбөйбү? Алардын кайсынысын турмушта колдонсо болот, кайсынысын колдоно албайбыз? Ар бир чечимдин же идеянын жыйынтыгы  же натыйжасы кандай болмокчу? Тизмени керек эмес идеяларды сызуу же өчүрүү менен  акырындап азайтыңыз. Бир канча эң мыкты чечимдерди/идеяларды тандоого аракеттениңиз.

6.Ишке киргизүү

Эгерде акыл чабуулунун сессиясы ишке киргизүүгө зарыл болгон (мисалы, экзамен көрсөткүчтөрүн жакшыртуунун жолдору) идеяларды иштеп чыгууга багытталса, анда аны сынап көрүңүз жана иштиктүү экендигине өзүңүз ишенгендей болуңуз. Бир аз убакытты жыйынтыктарды талкуулоого жумшаңыз.

 

Категориялык образ

Бул эмне?

Бул стратегия окуучуларга акыл чабуулу учурунда пайда болгон идеяларды уюштурууга мүмкүндүк берет жана аларды терең түшүнүүгө негиз жаратат.

Категория – кайсы бир белгилеринин жалпылыгы боюнча бириккен предметтер, кубулуштар, фактылар тобу.

Эмнени өнүктүрөт?

Инсандык түзүмгө максаттуу багыт алуулардын спектри:

·  Маалыматтык – билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр;

·  Операциялык – акыл аракеттеринин жол-жоболору;

Кантип аткарса болот?

1-кадам. Топто «акыл чабуулун» жүргүзүү жана берилген тема боюнча бардык идеяларды жазып чыгуу.

2-кадам. Алынган маалыматты кайсы бир белгилердин негизинде бириктире алган жалпы идеялардын категорияларын табуу.

3-кадам. Актай кагазга же доскага категорияларды жазып чыгыңыз. Акыл чабуулунун натыйжасында алынган идеяларды, маалыматтарды ылайыктуу категорияларга бөлүштүрүңүз.

4-кадам. Бөлүштүрүү учурунда окуучулар кайсы бир категориянын аталышын өзгөртө алышат. Жаңы категориялардын пайда болуусу мүмкүн.

5-кадам. Топтор башка иштер менен алмаша же тааныша алгыдай жол-жобону ойлонуштуруңуз.

 

Мугалимге/окутуучуга сунуштар

1.  Маалыматты категорияларга бөлүштүрүүнүн бирдиктүү, туура жол-жобосу жок.

2.   Бир топтогу категорияларды бөлүштүрүү экинчисиндеги бөлүштүрүүдөн айырмаланат.

3.   Кандай жумуш болбосун, салыштырбаңыз, өзгөчөлөнтүп көрсөтпөңүз. Биринчиден, бул топтук эгоизмди жаратат. Экинчиден, Сиздин окуучуларыңыз акылсыз эмес, алар өздөрү баа бере алышат.

4.   Алдын-ала даярдалган категорияларыңызды бербеңиз. Эгерде Сиз өз окуучуларыңыздын ой жүгүртүүсүн бааласаңыз, анда аларга эркиндик бериңиз.

5.   Категориялык серептерди түзүү акыркы жыйынтык катары эмес, процесс катары маанилүү.

6.  Мына ушул методду сабактын башталышында да, аяк ченинде да колдонууга болот.