СӨИ (СРС) №5

Тема:   Алгачкы жамааттык коом

Багыттар,

каралуучу маселелер

Аткаруучу иштер

 

Адабияттар

 

1.Алгачкы жаматтык коомдун эрте мезгили

 

2.Алгачкы жамааттык коомдун кечки мезгили

 

1.Алгачкы жамааттык коомдун эрте мезгилиндеги өзгөрүүлөр

2.Өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү

3.Чарба жана материалдык маданияттагы өзгөрүүлөр

4.Нике жана үй-бүлө

5.Эрте уруктук жамааттагы бийлик

6.Искусство

7.АЖК кечки мезгилиндеги өндүргүч чарбага өтүү

8.Эмгектин коомдук бөлүнүшү

9.Кечки жамааттык коомдогу үй-бүлө жана нике

10.Кечки жамааттык коомдогу материалдык жана рухий маданият

1.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.Алексеев. В.П. Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История".-М.,1999.

3.Козлова К.И. История первобытного общества и основы этнографии. Метдические указания МГУ, 1978.

4.Марков. Г.Е. История хозяйства и материальной культуры в первобытном и раннеклассовом обществе. М.,1976.

5.Помаранцева Н.А. Первобытное искусство: От древнейших культур к ранним цивлизациям. М.,2006.

6.Шер Я.А. Происхождение искусства: одна из возможных гипотез //ВДИ.1997.№1.

 

Аткаруунун түрү: Реферат даярдоо. Реферат боюнча талкуу жүргүзүү.

РЕФЕРАТ- ар бир студент  өзү билген тема боюнча жазылган кыска илимий эмгек. Илимий стилди калыптоодо чоң мааниге ээ, тактыгы, маалыматтарынын арбындыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү менен айырмаланууга тийиш. Рефератта илимий маалымат гана камтылбастан, референттин (реферат жазган автордун) темага карата мамилеси чагылдырылып баасы берилет.  Реферат референттин өз сөзүнөн турат, анда айрым зарыл деп эсептелген учурларда гана шилтемелер колдонулат жана ал кайдан  алынганы (китептин автору, аты, чыккан жери, жылы, бети) көрсөтүлөт. Илимий иштин бул жөнөкөй түрүн ар кандай композициялык планда түзсө болот. Адатта реферат төмөнкүдөй ыраттуулукта түзүлөт:

-кириш бөлүмү - рефераттын темасы, ал тема боюнча жазылган тарыхый булактар жана илимий эмгектер жөнүндө кыска маалымат ж.б.

-рефераттын негизги бөлүгү - тема боюнча кыскача, бирок жеткиликтүү илимий маалымат берүү, баяндалган маалыматтарга карата, анын мааниси тууралуу жыйынтыктар, жалпылоолор жасоо.

Реферата илимий талдоо берүүгө, тарыхый булактардан, илимий эмгектерден өбүрөөк пайдаланууга аракеттенүү керек, ошондой эле ал  илимий изилдөөнүн алгачкы усулу болот.

Көлөмү  5-6 же 8-10 бет болсо жетет. Жогорудагы темалар боюнча реферат жазууда жогоруда берилген адабияттарды колдонуп,  тарыхый жана археологиялык булактарга көбүрөөк көңүл бөлүү керек. Теманы жазууда салыштырма методду колдонуп өзүңөр жыйынтык чыгарышыңар керек. Жогорудагы берилген суроолорго да көңүл бөлүп, аларга жоопту туура бергиле. Китептен сөзмө -сөз көчүрүлгөн реферат жараксыз болуп, балыңар төмөн болуп калышы күтүлөт.

Компетенциялар боюнча текшерүү коддору

ИК-5,  ИК-4,  ИК-4,  ЖКК-1