Лекция №28

Тема: Жазуу. Искусство

Жазуу. Таптык пайда болор мезгилдеги зор маданий жетишкендик - бул жазуунун пайда болушу. Чыныгы  жазуу пайда болгонго чейин аны даярдаган өзүнчө бир этап өткөн. Аны жазууга чейинки этап деп аташат. Анын башатында адамдар буюмдар аркылуу түшүндүрүүнү пайдаланышкан. Алар: символикалуу буюмдар, шарттуу мнемоникалык белгилер тактап айтканда түстүү мончоктор, бир чымчым туз, калемпир, белги салынган таякчалар. Ирокездер колдонгон вампум – үлүлдүн түстүү кабыкчалары тизилген жип, инктер пайдаланган кипу - арканга байланган жиптердин түйүндөрү аркылуу түшүндүрүү – да буюм аркылуу түшүндүрүүгө жатат. Жазууга чейинки түшүндүрүү каражаттарына пиктография -  сүрөт аркылуу түшүндүрүү – да кирет   (1-сүрөт). Анын башатында жогорку палеолиттеги ташка чегилген сүрөттөр турат.

28-1.jpg

                                         1-сүрөт

Жазууга өтүү идеографиядан – сөздү, түшүнүктүү билдирген белги  башталат (2-сүрөт). Алгачкы идеографиялык система б.з.ч. VI м.ж. Шумерде, Египетте пайда болгон. Бул системада көптөгөн белгилер пайдаланылган, ошондуктан аны менен жазуу үчүн көп убакыт даярдыктан өтүү зарыл болгон. Ошол себептүү жазганды билгендердин саны өтө чектелүү эле. Алгач аны диний жөрөлгөлөрдү башкаруучулар өздөштүргөн жана аны жашыруун сакташкан. Окумуштулар пиктография менен идеографиянын пайда болуу ирети жөнүндө бир пикирге келе элек. Б.з.ч. IV-III м.ж. чегинде Шумерде иероглифтер шынаа жазуусуна алмашат, ал эми III м.ж. ортосунда муундук жазууга өтөт.

28-2.png

                                    2-сүрөт

Искусство. Таптык коом пайда болор алдындагы искусствону шарттуу түрдө экиге бөлүүгө болот: 

1) эмоционалдык муктаждыкты канааттандыруу үчүн гана жасалган чыгармалар;

2) практикалык жана идеологиялык милдеттерди чечүүдө көмөкчү каражат катары пайдалануу үчүн түзүлгөн искусство чыгармалары (эмгекти жеңилдетүүчү ырлар, музыка, социялдык көзөмөлдүү ишке ашыруучу, үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуучу, балдарды тарбиялоочу ырлар, жомоктор, диний-магиялык жөрөлгөлөрдө колдонулуучу искусство).

Декоративдик  искусство андан ары өнүктү. Көркөм  буюмдардын көпчүлүгү тап пайда болуу мезгилинде кадыр-барк баалуулуктарынын мүнөзүнө ээ болот. Аларды жаңыдан пайда болуп жаткан саясий максатты көздөгөн. Мисалы, жол башчыларды даңктаган гимндер, көрүстөндөрдүн үстүнө коюлган эстеликтер ж.б социялдык чекти идеологиялык жактан бекемдеген чыгармалар пайда болду. Өзгөчө статустагы адамдар гана тагынып жүрүүчү кооздук буюмдар, сүрөттөр ж.б жазалган. Биринчи топтогу искусстводо “элитардык комплекс” түзүлөт. Ал жамааттын жөнөкөй  мүчөлөрү  үчүн кол жеткис искусство эле. Айрым коомдордо башкаруучу чөйрөдөгүлөр жашыруун өткөрчү эзотерикалык культ  пайда болгон.

Жамааттын бардык мүчөлөрү көркөм чыгармачылыкка жөндөмдүү эле. Чыгармачылыкка жаш курактан топтордун ортосундагы эмгектин бөлүнүшү таасир берген. Ошол эле учурда чыгармачылык эркектер жана аялдар чөйрөсүнө бөлүнгөн. Эркектердин чыгармачылык чөйрөсү кадыр-барктуу деп эсептелинген. Таптар пайда болоор мезгилдеги искусстводо жаңы чектөөлөр киргизиле баштайт. Мисалы, искусствонун белгилүү бир  түрүн  өзгөчө  адамдар гана кесип кылган. Көбүнчө  алар башкаруучу  катмардын өкүлдөрү болгон мыкты бийлегендер, көп ырлады билгендер жана майрамдык салтанаттарды жетектегендер жол башчылар болгон.

 Ак-сөөктөр рухий чөйрөнүн айрым тармактарын ээлөө менен аларга атайын даярдоочу мектептерди уюштурган.

Башкаруу функциясын аткаруу зарыл болгондуктан жол башчылар искусствонун көптөгөн түрлөрү өздөштүрүшкөн. Ошону менен бирге искусстводо  жекече тар адистикке ээ болгондор чыгат. Алардын эки түрү белгилүү:

1.      Өзүнүн талантына же атайын даярдыгына байланыштуу искусствонун бир түрүнө көңүл бөлгөн адамдар. Алар эмгектин башка түрөлөрүн бошотулган эмес, бош учурда  гана элге талантын тартуулаган. Алар көрсөткөн өнөрү үчүн эч нерсе алган да эмес.

2.      Искусствонунун бир түрүн кесибине айланткандар. Алар эмгектин башка түрөлөрүнөн бошотулат, өз  өнөрүн өркүндөтөт, эл адына чыгып өнөрүн тартуулайт жана ал  үчүн  аларга эмгек акы төлөнөт. Аларды ак-сөөктөр өз руханий талаптарын канааттандыруу үчүн пайдаланат. Таасирдүү жол башчылар өз короосунда мыкты сүрөтчүлөрдү, ырчыларды, бийчилерди, музыка чеберлерин кармаган.

Кесиптик  адистешүү менен өнөрпоздордун  арасында уста жана шакирт мамилелери пайда болот. Шакирт устатынын  үйүндө жашайт жана чарбачылык иштерине жардам берет. Өнөр, чеберчилик  атадан балага мураска калат. Өнөрдүн, чыгармачылыктын айрым түрлөрүнө талантына жараша өз каалоосу менен аралашкандар  устат  тандап  шакирт  болушкан  жана  устатка  үйрөткөндүгү  үчүн  эмгек  акы  төлөшкөн.

Коомдук  катмарларга  ажыроосу тереңдеген сайын өнөрпоздодун бир тобу ак-сөөктөргө, ал эми калгандары  катардагы адамдарга өнөр тартуулаганга өтүшөт, б.а искусство “элитардык” жана “жөнөкөй элдик” болуп баштайт.

Алгачкы  жамааттык коом бузулуп таптар пайда болуп жаткан өткөөл мезгилде искусство чыгармалары сан жагынан көбөйдү, көркөм маданият өстү, чыгармаларды  жаратуу техникасы татаалданды жана стиль менен  сюжеттердин  ар түрдүүлүгү күчөдү, этностордун маданияты бөлүнүп чыгып, алардын ичинде ар кайсы топтордун  маданияты калыптанды, маданияттардын өз ара байланышы, айкалышы, жуурулушу башталды.

Аталган  мезгилде искусствонун төмөндөгүдөй түрөлөрү жана жанрлары пайда болгон же мурдагы түрлөрү өнүккөн: баатырдык эпостор, кереметтүү жомоктор, лирикалык поэзия, панегрик, монументалдык  архитектура  жана скульптура, декоративдик искусство, аска-таштарга чегилген сүрөттөр.

Палеолиттеги  искусстводо реалдуу сүрөттөр (өсүмдүк, жаныбар, адам) менен катар бурмаланган сүрөттөр, фантастикалык  копозициялар жанаша жүргөн. Мезолиттен  тартып европада коло, темир доорлорунан тартып башка  аймактарда  да искусстводогу реалистик багыт жоголот. Аска-таштарга сүрөт чегүүдө схематизм, ал эми башка түрөлөрүндө стилдештирүү үстөмдүк кылат (1,2-сүрөт). Ошентсе да айрым жамааттардын искусствосунда, өзгөчө  жаныбарлардын  скульптурасын  жасоодо реалисттик  багыт токтогон эмес. Адамдын образын жаратуу эволюциясында башкача тенднцияны байкоого болот. Жогорку палеолиттен эноелитке чейинки жасалган  скульптураларды, тартылган  сүрөттөрдө адамдардын  жүзү  көрсөтүлгөн эмес же схемалуу түрдө, одоно  көрсөтүлгөн. Ал  эми таптар  пайда болор мезгилдеги  сүрөттөрдө, статуяларда  тескерисинче  адамдын жүзүн көрсөтүүгө кылдат мамиле кылышкан. Атайлап адамдын башын, жүзүн денени башка бөлүктөрүнө караганда чоң жасашкан, тартышкан.

      Баштын өзүнчө тартылган сүрөтү, бет кап, петроглифтерде  түшүрүлгөн адамдын жүзү кеңири тарайт. Аларда адамдын каармандыгы, күч-кубаты, ачуусу, жүзү каралыгы, коркуу, кубануу, кайгыруу сезимдери даана сезилип турат. Бул атропоморфтук сүрөттөр, скульптуралар тотемди, арбакты же кудайды билдирээри белгилүү. Ошол эле учурда адамдын жүзүн даана чагылдыруу адам жөнүндөгү түшүнүктүн өзгөргөндүгүн көрсөтөт. Ушул мезгилден тартып портирет жаратуунун алгачкы тарыхы башталат (3,4-сүрөт).

28-3.jpg

1-сүрөт

28-4.jpg                                                         

                                                        2-сүрөт

                        28-5.jpg

                                                        3-сүрөт

28-6.jpg

4-сүрөт

Ооз эки чыгармачылыкта да персонаждардын  образындагы өзгөрүүлөрдү байкоого болот. Эгерде мурдагы мифтердеги персонаждарда жекече адамдык мүнөз көрсөтүлбөсө, аталган мезгилдеги эпостордун башкы каармандары жекече мүнөзгө ээ. Алардын көпчүлүгү баатыр жөнүндөгү адамдардын идеялдарын чагылдырат.

Мунун  баары  коомдук аң-сезимде адамга, анын тагдырына, жеке сапаттарына кызыгуу пайда болгондугун, инсан жөнүндө ой жүгүртүү башталгандыгын көрсөтөт.