Лекция №14

Тема: Мезолиттеги чарба жана материалдык маданият. Нике жана үй-бүлө. 

     Жаанын ойлоп табылышы, микролиттик  техниканын  пайда болушу, ири жаныбарлардын жок болушу менен аңчылык  ыкмаларынын өзгөрүшү, балыкчылыктын  ролунун өсүшү, туруктуу  отурукташуудан  кыска мөөнөткө жашай турган лагерлерге өтүү  жогорку палеолиттин аякташын жана мезолиттин башталышын көрсөтөт.

     Австралиянын аборигендери анчылыкта өзгөчө куралды - бумерангды ойлоп табышкан. Бумеранг - орок сымал  ийрейтилген кыска жана жалпак жыгач. Ыргытканга жараша абада ийри сызык, илмек, сегиз цифрасынын  формасын  чийип  уча  алат. Ал 150 м.ге чейин  жетет  жана мээлеген аңга миздүү кыры же учу менен   катуу согулат:

14-1.jpg14-2.jpg

Билгичтик  менен  ыргытканда  аңга  тийбей  калса  аңчыга  кайра  келүүчү бумерангдын өзгөчө  түрү  да  болгон. Коллективдүү  аңчылык  менен  катар  анын  жекече  түрү: буктурмадан тосуу, жашырынып барып  өлтүрүү пайда  болду.

         Социалдык-эканомикалык  мамилелер. Эрте  уруктук жамаатта   адамдар  чогуу эмгектенишкен жана  бүт  жамаат  биригип  утурумдук  гана жашоого жетишерлик тамак-аш  чогулта  алган. Ири жаныбарларга аңчылык  кылуу, балыкчылык, үй-жай куруу, кайык  жасоо  ж.б.у.с   жумуштар   көпчүлүктүн   биргелешкен иш  аракети менен  гана  бүтө   турган. Тамак аш  табуу дайыма  эле  бирдей  ийгиликтүү  болгон  эмес. Кээ  бир  аймактарда  гана белгилүү  бир  учурларда  артык баш  тамак аш  чогултууга  мүмкүн  болгон. Ошондуктан  бир  тармактагы  ийгиликсиздик тармактагы  ийгиликтүү  олжо  менен  толукталган. Табылган  тамак-аш   жалпынын  менчиги болгон  жана  ал  баарын  камсыз  кыла  алгыдай  бөлүнгөн  б.а.  бөлүштүрүү  теңдөө  жолу  менен  эмес, жынысына, жашына  жараша  жүргүзүлгөн. Мындай  бөлүштүрүү  тең  камсыз  кылуучу  бөлүштүрүү  деп  аталат. Коллектив  чарба  жүргүзгөн  аймак, кайык, үй  жай, от  жалпы  менчикте  болгон. Ал эми  өздөрү  жасаган  эмгек  куралдары, турмуш  тиричилик  буюмдары өздүк  менчикте  болушу  мүмкүн, бирок  аларды  топтун  башка  мүчөлөрү  пайдалана  алган. Ээси  каза  болгондо  бул  буюмдар  кошо  коюлган же  жакындары мурастап  калган.

Тамак  аш  тартыш  болгон  учурларда  жалпы  топтун  кызыкчылыгы  үчүн  табылган  тамак  ашты эмгекке жарамдууларга  гана  беришкен, ал эми  башкалар  ачка  калышкан.

Артыкбаш  тамак  аш  чогултулган  топтордо  эмгекке  жараша  да  бөлүштүрүлгөн. Артыкбаш  тамак  ашты эмгекке  жараша  бөлүштүрүүгө  байланыштуу  алмашуу  да  пайда  болгон.

          Жамааттын  ичинде  зарылдык  болбогондугуна  байланыштуу  алмашуу  алгач  жамаатардын  арасында  жүргөн. Алгачкы  учурларда  ар  бир  топ   өз  аймагындагы  жаратылыш  байлыктары  менен  алмашкан. Мезолиттен  тарта  жасалган  буюмдарды  да  алмаша  башташкан. Бүтүндөй   жамаат  буюмдарын  которуп алып  башка  жамаатка  барышат  жана  буюмдарын  айырбаштайт. Алмашуу  процеси  майрам, той  менен коштолгон. Бири  биринен  алыста  жашаган  жамааттар  кезигишпей  эле  буюмдарын  алмаштырып  турушкан. Бир  тарап  белгиленген  жерге  буюмдарын  калтырып  кетет, экинчи  тарап  өзүнө  керектүү  буюмду  алып, анын  ордуна  өз  буюмун  калтырат. Биринчи  тараптан  келгендер  калтырылган  буюмга  ичи  чыкпаса  аны албай  кетет. Андай  учурда  экинчи  тарап  кошумчалоого  тийиш.

           Демографиялык  кырдаал. Эрте  уруктук  жамаатта калктын  санынын  өсүшүнө  тоскоолдук  кылган жагдайлар  көп  эле:  жөнөкөй  ыйгарым  чарбасы, оор  жумуш,  коркунучка  жык  толгон  жашоо турмуш, ээлеген  аймактын  ресурстарынын  чектелгендиги  ж.б. Көпкө  созулган  ачкачылык  учурлар  көп  эле болгон. Мындай  шартта  өлгөндөрдүн  саны  көбөйүп, тескерисинче  төрөлгөндөрдүн  саны  азайган. Кээде атайын төрөлүүнүн  санын  кыскартышкан  деген  божомол  бар. Мисалы, бойго  болтурбоого  аракет  кылышкан, төрөлүүнүн  аралыгын  узартышкан, эгиз  балдардын биринин  жанын  кыйышкан

            Жыныстык  жана  жаш  курактык  уюмдар. Эрте  уруктук  жамаатта  эмгек  табигый  түрдө  эркек  менен аялдын, чоңдор  менен  балдардын ортосунда  бөлүнгөн. Бардык  жерде  балдардын, эркектердин  жана аялдардын  топтору  бөлүнүп  чыккан. Ар  бир  топ  өз  укуктары  жана  милдеттери, коомдук  абалы  ж.б. менен  айырмаланган.

 Өспүрүмдөрдүн  эрезеге  жеткендердин  тобуна  кошулуусуна  чоң  маани  берилген. Чоң кишилердин катарына  кошулуу  сыноолор, салтанаттуу  түрдө  купуя  жөрөлгөлөр  менен  коштолгон. Ал  иницация  деп аталган (1,2-сүрөт). Анын  максаты  өспүрүмдөрдү  жамааттын  чарбалык, коомдук,  идеологиялык  турмушуна  даярдоо жана  аралаштыруу  болгон. Андыктан  өспүрүмдөрдү  аңчылыка, эр  жүрөктүүлүккө, шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка,  тартипти  сактай  билүүгө  тарбиялашкан, аларга  уруунун  жашыруун  салттарын, ишенимдерин  билдиришкен. Иницация  мезгилинде  өспүрүмдөрдү  катаал  кыйноолор  менен  сынашкан:  ачка калтырган, денесин  кескилеген, денесине  чок  баскан, тишин  сындырган, чачын  жулган  ж.б. Сыноого чыдабагандар  уят  болушкан  жана  кайрадан  сыноого  жиберилген. Кыздарды  сыноодо  катуу  кыйнаган эмес. Аларга   турмушка  чыккандан  кийинки   жүрүм-турум  эрежелерин  сактоону, ырларды, мифтерди үйрөтүшкөн, келиндерге  тыюу  салынган  тамак-аштар  менен  тааныштырышкан. Иницациянын  составдуу бөлүгү  жаштарды   үйлөнүүгө  даярдоо.

                    14-3.jpg

1-сүрөт

14-4.jpg

2-сүрөт

     Эркектер  менен  аялдар  топторунун  бөлүнүшү   белгилүү  даражада  алардын  бири  биринен обочолонуусуна  алып  келген. Эркектер  да, аялдар  да  өз  алдынча   топтордо  жашашкан, ар  башка  тамак-аш менен  тамактанышкан, жашыруун  майрамдары,  салт  жөрөлгөлөрү,  ишенимдери, кээде  өзгөчө ’’тилдери’’ да  болгон.

      Нике   жана  үй  бүлөө. Уруктук  уюмдун  жана  дуалдык  экзогамиянын  пайда болушу менен нике да, аны менен бирге, үй-бүлө  да пайда болду. Башка бир көз караш боюнча үй-бүлө  кийинчерээк пайда болот. Никенин  баштапкы  формасы  жөнүндө  бир пикир  жок. Окумуштуулардын  бир тобу алгач топтук нике, ал эми  башкалар жекече нике жана үй-бүлө  пайда болгон деп эсептешет. Топтук  нике  пайда  болгон  деген ойду америкалык  этнолог Л.Г.Морган  сунуштаган(3,4-сүрөт).  Ал  үй-бүлөнүн  бири  бирин  алмаштырган  беш  формасын көрсөткөн. Ал  боюнча алгачкы  форма  - кандык туушкандык  үй-бүлө. Анда бир муундагы аял-эркектер жалпы никеге киришет. Аны пуналуа үй-бүлө алмаштырган. Мында да жогорудагыдай эле тартип, бирок никелешүүчүлөрдүн  катарынан ага-карындаштар, эже-инилер чыгарылат. Кийинки  этапта түгөйлүү үй-бүлө турат. Бул үй-бүлөдө  жубайлардын  никеси  бекем эмес, экономикалык  жалпылык да жок. Анын ордун эркектин бийлигине баш ийген патриархалдык үй-бүлө ээлейт. Акырында жубайлардын бекем никесине негизделген, жеке менчик ээси катары эркектин бийлигине баш ийген моногамдык үй-бүлө  орнойт. Топтук нике – бул  эки  топтогу  аял-эркектердин  жалпы  никелешүүсү эмес өз ара никелешүүчү  эки топ жубайды бири-биринен тандоого милдеттенген дуалдык система.

                  14-5.jpg

                                                     1-сүрөт 

14-6.jpg

                                                            2-сүрөт

  Алгачкы  никеде  жубайлардын  кайда  жашагандыгы  да талаш маселе  болуп келген. Топтук  нике  алгачкы дегендер  жубайлар өз уругунда  жашаган (дислокалдуу), ал эми жеке нике алгачкы дегендер жубайлар чогуу (унилокалдуу) жашаган  деп  ырасташат. Азыркы  мезгилде  алгачкы нике жеке, унилокалдуу жана нике менен үй-бүлө  бир мезгилде  пайда болгон деген көз караш үстөмдүк  кылат. Никеге кирүүнү жөнгө салган эреже экзогамия болгон. Эрте урук жамаатында эки бир туугандардын уул-кыздарын милдеттүү түрдө кайчылаш үйлөндүрүү  формасындагы  дуалдык - фратриалдык экзогамия эле. Жигиттер таякесинин кызына же атасынын эже карындаштырын кыздарына үйлөнгөн. Алардын  балдары тууган деп эсептелген эмес, ошондуктан экзогамия  бузулган эмес. Мындай нике ынгайлуу болгон, себеби  никелеше турган эки топ  бири  бири  менен  ага-ини,  эже-карындаштарын  алмашып  турган.

       Никеге кирүүчүлөрдү  шакек түрүндө  алмашышкан топтор да болгон. Ошо эле учурда бири бирине үйлөнүүгө  мүмкүн  болбогон  нике  мамилелерине  жол  бербей турган механизмдер иштелип чыккан. Алардын эн маанилүүсүу – качуу салты. Мындай чөйрөдөгү  аял-эркектерге сүйлөшүүгө, бири бирине жакындоого тыюу салынган.

       Түгөйлүү нике  бекем  болгон  эмес, ага  негизделген үй-бүлөнүн  да экономикалык бекем негизи жок эле. Ириде  никенин түгөйлүгү  салыштырмалуу эле, себеби  ал кошумча никелер менен толукталып турган. Бул мезгилде сорорат жана левират формаларындагы  полигиния, аны менен катар же ага альтернатива катары полиандрия бар эле. Эркек өз өмүрүндө  бир  нече  жолу аял  алмаштырган, аялдар да ошондой эле тартипте жашаган. Никеге чейинки жана  жубайлардын  башкалар  менен жыныстык  мамиледе  эркиндик болгон, ал турсун коомдук пикир аны кубаттаган. Ритуалдык максатта кыздар расмий никеге чейин эле жыныстык эркиндикте болушкан (гетеризм).

       Аял  менен  күйөө  ар кимиси өз тобунда  иштеген  жана  иштеп  тапканын өз тобу менен болушкон, алардын мүлкү  да өз тобуна тиешелүү  эле. Балдарды тарбиялоо бүт топтун иши болгон. Эрте урук жамаатынын акыркы этабында үй-бүлөлүк  жалпы кызыкчылык, балдарды  тарбиялоого тең катышуу, бири-биринин мүлкүнөн  пайдалануу  жаңыдан  бүчүрлөнө  баштаган.