Лекция №16

Тема: №9  Алгачкы жаматтык коомдун кечки мезгили

                  Лекциялык сабактын максаты:

· Өндүргүч чарабага өтүүнүн негизги өбөлгөрүн аныктоо;

· Дыйканчылыктын, мал чарбачылыктын алгачкы очокторун картадан көрсөтүү менен тактоо;

· Кечки мезгилдеги социалдык-экономикалык мамилелердин калыптанышын талдоо

 

Негизги түшүнүктөр:  "неолиттик төңкөрүш", эмгектин коомдук бөлүнүшү, адистешүү, жалпы  уруулардан өндүргүч чарбага өткөн уруулардын бөлүнүшү, артыкбаш азык-түлүк,  кадыр-барк экономикасы, мүлкүтү пайдалануу, бирөөгө бере алуу, мураска калтыруу, филиация, линиялык-даражалык туугандык, унилинейлик, (агнаттык), билилинейлик (когнаттык), полигиния, сорарат, полиандрия, левират, материалдуулук, аванкулолокалдуулук, дислокалдуулук, амбилокалдуулук, аванкулат, урук кеңеши, уруу кеңеши, бигмендер, пиктография

                                   

                                          План

1.    Өндүрүгүч чарбага өтүү

2.    Кечки жамааттык коомдогу социалдык-экономикалык мамилелер. Коомдук уюм

3.     Үй-бүлө жана нике. Бийликти уюштуруу. Материалдык маданият

 

                                    Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      Марков Г.Е. История хозяйства и материальной культуры в первопытном и раннеклассовом обществе. МГУ, 1978.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества//Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id_6.htmI

 

    Слайд №16                       1.Өндүргүч  чарбага  өтүү.

          Адамзаттын кечки жамааттык мезгилинин башталышы мезолиттин аягы — неолиттин башына туура келет. Бул мезгилде  адамдар бардык континенттерди өздөштүрүүгө  жетишкен. Географиялык ж.б. шарттарга ылайык өнүгүү жогорку Палеолиттен  баштап эле бир кылкы  жүргөн эмес. Неолитке өткөндө эмгек куралдарынын жасалышында сапаттык өзгөрүүлөр болду: эмгек куралдарынын жакшы түрлөрү, турмуш-тиричиликте колдонулуучу жаңы буюмдар, каражаттар, эмгектенүүнүн жеңилдеткен жаңы ыкмалар табьлды. Мисалы, ташты жылмалоо жана көзөө массалык мүнөзгө ээ болду, орок, чукулдук, карапа жасоо, токуучулук, себет жасоо, таштан ийик баш жасоо, жыгачтан  оюп  жасалган кайык, лыжа, чана ж.б. пайда болду. Бирок неолиттеги эң зор жетишкендик — бул ыйгарып алуучу чарбадан өндүргүч чарбага —дыйканчылык менен мал-чарбачылыкка өтүү. Муну англиялык археолог Гордон Чайлд «неолиттик төңкөрүш» деп атаган (1,2,-сүрөт).

16-1.jpg

                                                                                  1-сүрөт

               16-2.png

                                                                        2-сүрөт

Аны  жогорку  палеолите пайда болгон деген  пикирлер  да бар. Айрым аймактарда өндүргүч чарбага өтүү мезолите эле башталган. Ошентсе да анын массалык түрдө жаралышы неолиттин кечки мезгилине туура келет, ал эми анын өбөлгөлөрү неолиттин алгачкы мезгилинде даярдалган. Ыйгарып алуучу чарбадан өндүргүч чарбага өтүүнүн себептери боюнча да изилдөөчүлөрдүн арасында бирдей пикир жок. Окумуштуулар мындай көз караштарды аташат:

1.      Климаттын өзгөрүшү

2.      Жапайы жаныбарлардын жок болушу

          Бул көз караштар айрым алганда иштин жагдайына дал келбейт. Ошондуктан алардын баарын чогуу карап, көп факторлуу себептердин натыйжасында түшүндүрөн көз караш үстөмдүк кылат. Аңчылар жана жыйноочулар мурда эле өсүмдүктөрдүн көбөйүү механизмин билишкен. Түшүп калгандардын өсүп чыкканын, же жыйнап сактап койгондордун өнүп  кеткенин керген. Элдин санынын өсүшү, өсүмдүктөрдүн азайышы, башкача айтканда кечки жамаат тушуккан кризис аларды өстүрүүгө түрткөн. Кризис дегенибиз - бул мурдагы ресурстардын кыскарышы. Ресурстардын кыскарышы абсолюттук жана салыштырмалуу мүнөзгө ээ. Абсолюттук кыскаруу - жаратылыш шартынын өзгөрүшүнө, ал эми салыштырмалуу кыскаруу - элдин санынын өсүшүнө байланыштуу. Бул процесске миграциянын да таасири тиет, б.а. аймактык жылышуунун натыйжасында бир элден экинчи эл үйрөнөт. өндүргүч чарбанын кайсыл жерде пайда болгондугу жөнүндөгү пикирлерди полицентристгик жана моноцентриеттик деп экиге бөлүшөт. Полицентристер бири - бири менен байланышпаган бир нече аймакта пайда болгон деп көрсөтүшөт. Ал эми моноцентристтер бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тараган деген көз карашта.

    Өндүргүч  чарбаны  ыйгарым чарбасы менен кесиптенгендердин кимиси алгач баштаган деген суроо туулат. Буга карата дыйканчылыкты жыйноочулар, ал эми мал- чарбачылыкты балыкчылар менен аңчылар баштаган деген көз караштар айтылып келген. Азыр өндүргүч чарба б.а дыйканчылык менен мал-чарбачылыгы комплекстүү пайда болгон деген көз караш айтылууда.                  

    Дыйканчылык менен мал чарбачылыктын алгачкы очоктору жөнүндөгү идея орус окумуштуусу Н. И. Вавиловго таандык жана илимий түрдө негизделген, Н.И. Вавилов

(1887 - 1943) - генетик, географ, азыркы селекция илиминин негиздөөчүсү. Дүйнөдөгү өсүмдүк  ресурстарын изилдөө боюнча 60тан ашык мамлекетке илимий экспедиция уюштуруп, 300 миңден ашык эгилме өсүмдүктөрдүн  коллекциясын түзгөн. Н.И. Вавиловдун ою боюнча өсүмдүктөр кайсыл жерде жашары түрүндө бар болсо ошол жерде маданиятташтырылган. Алгачкы дыйканчылык тоолуу райондордо пайда болгон. Ал өсүмдүктөрдү колго өстүрө баштаган 7 борборду жана 20 очокту, жаныбарларды колго үйрөтүүнүн  5 борборун жана аларга кошумча 7 очокту көрсөткөн. Алар:

16-3.jpg

Түштүк Батыш Азияда (Кичи Азиянын ички жана чыгыш бөлүктөрү, Иран, Афганистан, Орто Азия) маданиятташтырылган өсүмдүктөр: жумшак буудай, сулуу, зыгыр, беде, алмурут, алча, анар, чие, бихи, жүзүм, люцерна.

Индия (Ганг өрөөнү, Индостан жана Индокытай жарым аралдары): күрүч, кант тростниги, пахта, айрым техникалык өсүмдүктөр)

Кытайдын чыгышы, борбордук бөлүгү жана тоолуу аймактары, Япония: соя, цитрус өсүмдүктөрү, шабдалы, кытай алчасы, чай , тыт дарагы маданиятташтырылган.

Жер Ортолук децизинин жээктери (Пиреней, Апенин, Балкан жарым аралдары, Кичи Азиянын, Египеттин, Марокконун, Алжирдин, Тунистин, Сириянын, Палестинанын жээктери): май берүүчү өсүмдүктөр, инжир маданиятташтырылган.

Чыгыш Африканын тоолуу аймагы - Абиссиния жана Тоолуу аравия: кофе дарагы, пиво жасалуучу арпа маданиятташтырылган.

Түштүк Америка, Борбордук Американын бир бөлүгү: жүгөрү, пахта, помидор, какао, агава, ашкабак, фасоль, папая ж.б. маданиятташтырылган.

Анд Тоолору (Перу, Боливия): картошка, хина дарагы, кокаин ж.б. маданиятташтырылган.

  Жаныбарларды колго үйрөтүүнүн борборлору жана очоктору:

Кытай - Малай: чочко,тooк,өрдөк, каз, жибек курту, бал аары, алтын балык, ит.

Индия: зебу, буйвол, гайял, бал аары, мышяк,тooк, павлин, ит.

Түштүк  Батыш Азия: ири мүйүздүү мал, жылкы, кой, эчки, чочко, бир өркөчтүү төө, бал аары, көгүчкөн.

Жер Ортолук денизи: ири мүйүздүү мал, жылкы, кой, эчки, чочко,өрдөк, каз, коён, бал аары, мышык, газель.

Анд: лама, альпака, өрдөк, деңиз чочкосу.

   Кошумча очоктор:

Тибет Памир: топоз.

Чыгыш Түркстан: эки өркөчтүү төө - бактриан.

Чыгыш Судан: бир өркөчтүү төө - драмодер.

Түштүк Аравия: бир өркөчтүү төө - драмодер.

Абиссиния: эшек, бал аары.

Түштүк Мексика: индюк.

Саян Алтай: куйруктуу кой, түндүк бугусу.

Колго үйрөтүлгөн жаныбарларды пайдалануу максаты боюнча шарттуу түрдө үчкө бөлүүгө болот:

ü     Этин жана терисин пайдалануу үчүн

ü     Унаа, көлүк катары пайдалануу үчүн

ü     Аңчылык, кароолчулук багытта пайдалануу үчүн (ит, мышык)

    Н.И. Вавиловдун көз карашы негизинен илимий жактан далилденген, бирок кийинки изилдөөлөр, өзгөчө археологиялык казуулар берген фактылар бул көз карашты тактоону талап кылды. Археологиялык изилдөөлөр өндүргүч чарбанын очоктору деп төмөнкү региондорду көрсөттү жана мезгилин тактады:

    Алдыңкы Азияда б з.ч. IX - VIIIм.ж. эммер, арпа, буурчактар, Сирияда буудай, арпа, жасмык маданиятташтырылган. Ефраттын бойлорунда б.з.ч.VIII-VII м.ж. кой, эчки колго үйрөтүлгөн. Мал чарбачылык Түштүк Чыгыш Түркияда б.з.ч. IX-VIII м.ж. пайда болот. Ушул эле мезгилде Ирактын түндүгүндө буудай, эммер, буурчактар өстүрүлгөн жана кой менен эчки колго үйрөтүлгөн.

Түндүк Чыгыш Африкада — Египетте б.з.ч.VIII-VIIм.ж. арпа өстүрүлө баштаган. Б.з.ч.VII-VIм.ж эммер өстүрүлөт, ири мүйүздүү мал колго үйрөтүлөт. Б.з.ч. VI-Vм.ж кой менен эчки колго үйрөтүлөт.

Батыш Африкада ямс, май берүүчү пальма естуруле баштаган. Бул региондо күрүчтүн өз алдынча өстүрүлүшү талаш маселе.

Түштүк Чыгыш Азияда (Кытайдын түштүгү, Түндүк  чыгыш Индия, Бангладештин түндүгү, Вьетнамдын түндүгү, Батыш Индонезия, Батыш Микронезия) күрүчтүн  ар кандай сорттору (сяньдао, гэндао, буллу), Ганг өрөөнүнөн Түштүк Кытайга чейинки аймакта, Японияда, Индонезияда ямс, Бангладеш - Ассам - Жогорку Бирма үч  бурчтугунда таро маданиятташтырылган. Түштүк Чыгыш Азияда алардан башка банан өстүрүлгөн, гаур, бантенг, буйвол,тooк колго үйрөтүлгөн.

Чыгыш Азияда (Түндүк Кытай, Монголия, Россиянын Ыраакы Чыгыш бөлүгү) б.з.ч. VII-VI м.ж. чумиза өстүрүлө баштаган.

Америкада үч  негизги очок бар:

1.                      Борбордук Америкада (Мексика) б.з.ч. VIII-VIIм.ж. ашкабак, фасоль, калемпир,маис, пахта, бархат өсүмдүгү, жер жаңгак, күн карама, батат өстүрүлөт.

2.                      Анд Тоолорунда б.з.ч. VII-VI м.ж. калемпир, фасоль, ашкабак, б.з.ч. IV-IIIм.ж. маис, пахта, картошка өстүрүлө баштаган. Б.з.ч. V-III. м.ж. лама, деңиз чочкосу колго үйрөтүлөт. Итти Түндүк чыгыш Азиядан келгендер ала келген.

3.                      Колумбияда жана Венесуэлде б.з.ч. Ш-П м.ж. ачуу маниока, б.з.ч. II м.ж. маисо өстүрүлө баштайт.

16-4.jpg

     

Дыйканчылык булактардын, кичине суулардын бүткөн жерлериндеги нымдуу топуракка туруп калган үрөндүн өсүп  чыгып түшүм  бергендигин  байкоодон пайда болгон деп божомолдонот. Сугат дыйканчылыгы жаңыдан пайда болгондо өтө жөнөкөй болгон   б.а        үрөн себилген аянттар жалпы каптатып сугарылган. Сугат дыйканчылыгы пайда болгон эмес. Сугат дыйканчылыгы б.з.ч. VIII-VIм.ж. да бардык жерде бир мезгилде Алдыңкы Азияда, VI-V м.ж. Иранда, Орто Азиянын Түштүк жагында, V-IVм.ж. Нил өрөөнүндө, IV-IIм.ж. Индияда, III- Пм.ж. Инд Малай областарында, П-Iм.ж. Кыгайда, б.з.ч. III— б.з I - м.ж. Борбордук Америкада, Перуда пайда болгон. Алгачкы цивилизациялар пайда болоор алдында аталган аймакгарда ири каналдар курулган. Дыйканчылыкта учтуу таяктар, таштан жасалган керки, чот кеңири пайдаланылган. Түшүм орок менен жыйналган. Ороктун сабы сөөктөн, жыгачтан, күйгүзүлгөн чоподон жасалып, ага оттук таштан миз тагылган. Дыйканчылык башталган аймактардан жаргылчактар көп табылат.

16-5.jpg

 

16-6.jpg16-7.jpg

 

Эмгектин коомдук бөлүнүшү. Мал чарбачылыктын, дыйканчылыктын калыптанышы, таш куралдарды өнүктүрүү, карапа жасоонун, токуучулуктун табылышы эмгектин уюштурулушун андан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Дыйканчылык менен малчылыкта эркектер менен аялдардын эмгеги ар кайсы жамааттарда ар башка болгон. Эркектер оор жумуштарды аткарышкан.  Айрым жамааттарда жер тилкелерин тосууга, отоо чөптөрдөн арылтууга жардам беришкен, ал эми айрым жамааттарда каналдарды, дренаждарды казышкан, түшүмдү жогорулатуу максатында магиялык иш-чараларды өткөрүшкөн. Айрым жамааттарда аялдар дыйканчылык иштерине катышкан эмес, ал эми айрымдарында дыйканчылыкта аялдардын эмгеги үстөмдүк кылган, эркектер болсо барктуу деп эсептелген өсүмдүктөрдү  гана өстүрүшкөн.

Мал-чарбачылыктын алгачкы мезгилинде аялдар чон роль ойногон. Бара-бара мал багуу жумуштары өспүрүмдөргө, кийинчерээк улуу кишилерге өткөн. Эркектер үй курган, эмгек куралдарын, аңчылык жана согуш куралдарын, кайык жасаган, ал эми карапа жасоо, тамак-аш даярдоо, балдарды тарбиялоо, отун камдоо, суу ташуу аялдардын жумушу болгон. Иштин белгилүү бир түрүндө адистешкен кишилер пайда болду, бирок ал иш өзгөчө  билгичтикти талап кылган эмес жана жумуштун башка түрлөрүнөн бошоткон эмес. Айрым жамааттарда чебер усталардын баркы жогору болгон жана ал мураска калган. Жаштар кыйын, коркунучтуу ишерди аткарышса, аксакалдар бир кыйла татаал иштерди аткарышкан б.а. эмгектенүү али кооперация мүнөзүндө эле.

Жамааттар аралык жана уруулар аралык эмгектин бөлүнүшү алга жылды. Бул эмгектин коомдук бөлүнүшү болгон б.а. адамдардын  бир тобу жаш өзгөчөлүгүнө карабастан жумуштун белгилүү бир түрүнө адистешет. Эмгектин табигый бөлүнүшү менен коомдук бөлүнүшүнүн чеги талаш маселе. Ар кандай алмашуу эмгектин коомдук бөлүнүшү пайда болгонун көрөтөт. Ф. Энгельс эмгектин коомдук ири бөлүнүшүнүн үч негизги этабын көрсөткөн:

1.      Аңчылар менен жыйноочулар массасынан малчы уруулардын бөлүнүп чыгышы

2.      Дыйканчылыктан кол өнөрчүлүктүн бөлүнүшү.

3.      Кол өнөрчүлүктөн сооданын бөлүнүшү.

Акыркы экөөнүн ырааттуулугу жана универсалдуулугу илимий түрдө далилденген. Ал эми Ф.Энгельс көрсөткөн эмгектин алгачкы ири коомдук бөлүнүшү жөнүндөгү маселе тактоону талап кылды. Өндүргүч чарба башынан эле комплекстүү дыйканчылык мал чарбачылык формасында калыптанган. Ал эми мал чарбачылык бир кыйла кеч бөлүнүп чыккан. Б.з.ч. 2м.ж. гана Алдыңкы Азияда чарбасында мал чарбачылык үстөмдүк кылган уруулар бөлүнүп чыгат. Бул мезгил эмгектин коомдук ири блүнүшүнүн үчүнчү этабынын мезгилинен да кеч. Ошондуктан B.C. Титов алгачкы эмгектин коомдук ири бөлүнүшү деп дыйканчылык - мал чарбачылык уруулардын бөлүнүп чыгышын эсептөөнү сунуш кылат. Бул азыр жалпы кабыл алынган б.а. эмгектин алгачкы коомдук ири бөлүнүшү деп жалпы уруулардын арасынан өндүргүч чарбага өткөн уруулардын бөлүнүшү аталат.