Лекция №13

  Тема: № 8 Алгачкы жамааттык коомдун эрте мезгили

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Жогорку полеолиттеги өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүн жана жаңы аймактарды өздөштүрүүнү аныктоо;

· Мезолиттеги материалдык маданияттын өзгөрүшүн талдоо;

· Нике жана үй-бүлөдөгү, искусстводогу өзгөрүүлөрдү тактоо;

 

Негизги түшүнүктөр: адистешүү, ретуш, солютре, ориняк, мадлен маданияттары, бумеранг, тең камсыз кылуучу бөлүштүрүү, инфантицид, геронтицит, инициация, өзгөчө "тилдер", кандык туугандык үй-бүлө, пунаула үй-бүлөсү, моногамдык үй-бүлө, топтук нике, дислокалдуу, унилокалдуу, качуу салты, сорарат, левират, полигиния, полиандрия, гетеризм, мемандостук гетеризм, социалдык нормалар, мононорма, "бедизчилер", тотемизм, фетишизм, магия, анимизм, тилдик үзгүлтүксүздүк.

                                  

                                         План

1.      Жогорку палеолитте өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү жана жаңы аймактарды өздөштүрүү

2.      Мезолиттеги чарба жана материалдык маданият. Нике жана үй-бүлө.

3.      Жамааттык уюм. Рухий маданият. Искусство.

 

                                 Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      История первобытного общества. Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

5.      Марков Г.Е. История хозяйства и материальной культуры в первобытном и раннеклассовом обществе. М.,1976.

6.      Муравьев В.В. Производство жизни, болезнь и смерть, в древнем обществе: пербытная эпоха и Древный Восток. Сыктыквар; СПб.,2006.

7.      Померанцев Н.А. Первобытное искусство: От древнейших культур к ранним цивлизациям. М.,2006.

8.      Шер. Я.А. Происхождение искусства: одна из возможных гипотез //ВДИ. 1997. №1. С.61-82.

9.      Марков Г.Е. Релгиозные верования. Предпологаемый гензис и история //Этно-Журнал// http:www.ethnonet.ru/rupub/0503-02.html 

 

1.Жогорку палеолитте өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү жана жаңы аймактарды өздөштүрүү

     Алгачкы жамаатык коомдун эрте мезгили жогорку палеолитке жана мезолитке туура келген. Жогорку палеолитке  мындан 45-40 миң  жыл мурда башталып 14-12 миң жыл мурда аяктаган. Бул мезгил врюм муз каптоо дооруна дал келет. Мурдагы мезгилге караган врюм муздун аянты кичирейди. Бирок климат бир кыйла суук  болуп калды. Түндүк  Европада, Азияда ж.а Америкада өзгөчө суук өкүм сүргөн. Мадлен мезгилинде климат адан бетер катаалдаган. Жогорку палеолит аяктагандан б.з.ч 8-7-миң жылдыктарга чейин  мезгил - мезолиттин-ортонку таш доорунун мезгили. Эрте урук жааматында төмөнкү  денгээлде турган аңчылардын, балыкчылардын жана  жыйноочулардын ыйгарым чарбасы үстөмдүк кылган. Алгачкы адамдардын жашоосун жогорку палеолитте эң байыркы примитивдүү, ал эми мезолитте айрым айрым аймактарда балыкчылык менен айкалышкан  кыйла өнүккөн аңчылык-жыйноочулук чарба камсыз кылган.

     Жашаган табигый чөйрөгө байланыштуу  чарба жүргүзүүдө бир топ айырмачылыктар болгон. Мелүүн аймактарда жыйноочулук аз, ал эми тропикалык, субтропикалык аймактарда  ал  көбүрөөк  роль ойногон. Ошондой эле мелүүн аймактарда коллектив жашай турган үйлөр салынат, тропикалык аймактарда анын зарылчылыгы жок ж.б.

    Жогорку палеолитте өндүргүч  күчтөрдүн өнүгүшү  ж.а жаны аймактарды өздөштүрүү. Жогорку палеолитте таштан эмгек куралын жасоо техникасы өркүндөтүлдү ж.а эмгек куралдары атайын бир максатта жасала баштады.

    Жогорку палеолитте адам коллективдеринин саны өстү, жаратылыш сырларын түшүнүүдө, аларды өз пайдасына кызмат кылдырууга алдыга жылды, таштан эмгек куралдарын жасоо жакшыртылды, эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү табылды.

    Мурда тегерек жалпак нуклеусту  жарып  курал  жасалса, жогорку  палеолитте  бул  максатта  призма түрүндө нуклеус колдонула баштады (1,2-сүрөт). Андан ажыратылып алынган жалпак таштардын формасы, калындыгы  бирдей болгон. Ажыратылып  алынган  жалпак  таштын жардамы менен тешкичтер, шибеге, кыргычтар, бычактар жасалган. Миздүү  таштарды  жыгачка, сөөккө   байлап  же аларга атайын жасалган оюктарга отургузулуп курама  куралдарды  жасашкан. Найзанын баш жагына таш учтар отургузулган. Сөөк  жана мүйүз  эмгек куралдарын жасоодо кеңири пайдаланыла баштады. Бул куралдар менен анчылык кылуу жеңил болгон жана аңчылыктын  натыйжалуулугу жогорулады. 

    1-сүрөт  13-1.jpg13-2.jpg

                                                                1-сүрөт    

           Анчылык  мурдагыдай  эле  жүргүзүлгөн. Европанын, Түндүк Азиянын калкы мамонтторго, кериктерге  бугуларга  жана жапайы жылкыларга аңчылык кылышкан. Муздан алысыраак түштүк  жактарда тоо текелерге, газелдерге, леопардга  аңчылык кылышкан. Жогорку палеолитте жар жээгинен, саздардан  сырткары  атайын  казылган  аңдарга  да айдап түшүрүшкөн. Аңчылыктын ийгиликтүү болушу, көп олжого ээ болуу муз каптаган суук аймактарда көбүрөөк  тамак-аш уй жана кийим жасоо үчүн тери менен камсыз кылып турган. Африканын түштүгүндө, Түштүк жана Түштүк чыгыш Азияда жыйноочулук үстөмдүк кылган.

         Тоолу аймактарда  адамдар үңкүрлөрдү  турак-жай катары пайдаланышты. Ачык жерлерде коллективге чактап кенен, көп очоктуу үйлөр курулган. Мындай үйлөр  жаныбарлардын сөөгүнөн түзүлүп, дарактардын бутактарын, жаныбарлардын терилери менен  жабылган. Аянты 200м2 ка  жеткен  жарым жер төлөөлөр да казылган. Алардын үстү  шыргыйлар менен  жабылган жана жарык, аба кирип турушу үчүн белгилүү чоңдуктагы тешиктер жасалган.

        Европада  жогорку  палеолитте  ориньяк, солютре жана мадлен маданияттары белгилүү. Солютре  маданиятында  ретушь  аркылуу  жасалган  найзанын  учтары, мадлен маданиятында сөөктөн куралдары  жасоо мүнөздүү.

        Борборку Азияда, т.а Монголияда  жогорку  палеолитке  тиешелүү таш куралдарын таап, башка аймактардын материалдары менен салыштырылып изилдөө иши аяктай элек. Синьцзяндан ж.а Тибеттен андай материалдар  али табыла элек. Чыгыш Азиядан  табылган  куралдар  жогорку  палеолитке  тиешелүү  белгилер, ал  тургай  микролиттик  куралдарга өтүү да бул жерде.

        Мурдагы  доорлордо адам баласы Африканын, Евразиянын  кеңири  аймактарын өздөштүрүп, Түштүк-Чыгыш Азияга чейин жетсе, жогорку палеолитте жер шаарынын жаңы аймактарын - Скандинавия  аймагын, Евразиянын тундралык  аймактарын, Австралия  менен Америка өздөштүрүлө баштады. Изилдөөлөр көрсөткөндөй  Австралия  менен  Американын  антропогенез процесси жүргөн эмес.

       Америкада адамдардын дүйнөнүн  кайсыл аймагынан  келгендиги тууралу төмөндөгүдөй көз  караштар айтылган:

· Гренландия аркылуу Европадан келишкен;

· Атлантида  көпүрөсү  аркылуу Африкадан же Жер Ортолук Деңизинин жээктеринен келишкен;

· Тынч океан аркылуу Түштүк-Чыгыш  Азиядан жана Океаниянын Батыш аралдарынан келишкен;

· жогоруда көрсөтүлгөн  аймактардын баарынан келишкен;