Лекция №3

Тема: Жалпы тарыхый мезгилдештирүү

Тарыхый археологиялык жана этнологиялык маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлөт.

18-к.Францус философ - агартуучусу Жан Антуан Кондорсе адамзаттын тарыхын бирин-бири ыраатттуу алмаштырып келген чарбалык баскычтарга (анчылык жана балыкчылык, мал-чарбачылык, дыйканчылык) бɵлгɵн.Ал эми шотландиялык философ Адам Фергюссон жапайычылык, варварчылык жана цивилизация деген доорлорго ажыратат. 19-кылымдын биринчи жарымында швед окумуштуусу С.Нильсон тɵрт баскычтуу (жапайычылык,номадизм,дыйканчылык жана цивилизация) схеманы сунуштаган.Алгачкы жамаатык коомду мезгилдештирʏʏгɵ жасалган олуттуу адам америкалык көрүнүктүү этнолог Льюис Генри Моргандын ысымы менен байланыштуу.Мезгилдештирүүдө ал өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлин башкы критерий катары алган. Үч  баскычка бөлүү  идеясы менен  А.Фергюссондун аталыштарын пайдаланып,алардын алгачкы эки баскычын ʏчтɵн майда баскычтарга бөлгөн:

Жапайычылык

1.төмөнкү баскыч – адамдын жана сүйлөөнүн пайда болушунан башталат.

2.ортонку баскыч – балыкчылыктын пайда болушунан жана отту пайдалануудан башталат.

3.жогорку баскыч – жаа менен жебе табылгандан башталат.

Варварчылык

1.төмөнкү баскыч – керамиканын таралышы

2.ортонку баскыч – дыйканчылык жана мал чарбачылык пайда болот

3.жогорку баскыч – темирдин табылышы

Цивилизация

Жазуу табылгандан башталат.

Л.Г.Морган жапайычылыктын жана варварчылыктын биринчи баскычын жыйноочулук – анчылык – балыкчылык чарбанын мезгили, ал эми варварчылыктын ортонку жана жогорку баскычын дыйканчылык – малчылык чарбанын мезгили деп атаган.

         Л.Г.Моргандын мезгилдештирүүсү өз мезгили үчүн зор теориялык мааниге ээ болгон. Кийинки изилдөөлөр бул мезгилдештирүүнүн кемчиликтерин көрсөттү. Биринчиден, көрсөтүлгөн баскычтар универсалдуу эмес, экинчиден,тигил же бул баскычты мүнөздөөчү  белгилер  жаңылыш көрсөтүлгөн. Мисалы, отту пайдалануу, балыкты тамак-ашка пайдалануу жапайычылыктын эң төмөнкү баскычына тиешелүү. Үчүнчүдөн, көрсөтүлгөн белгилер баскычтарды мүнөздөөдө өтө маанилүү эмес. Төртүнчүдөн, бир баскычтан экинчи баскычка өтүүнү ойлоп табуулар эмес, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү, коомдук уюмдун өзгөрүшү аныктайт.

Кийинчерээк Фридрих Энгельс Л.Г.Моргандын мезгилдештирүүсүнө  тактоолорду жана кошумчаларды  киргизди Ал жапайычылык мезгилди ыйгарып алуучу, ал эми варварчылык мезгилди өндүргүч чарбанын мезгили деп атаган. Андан сырткары жапайычылыктын алгачкы баскычын адамдар үйүрү катары аныктайт.Ошондой эле варварчылыктын жогорку баскычын сапаттык өзгөчөлүгүн баса көрсөтөт.

Тарых илиминин өнүгүшү, топтолгон жаңы материалдар Л.Г.Моргандын мезгилдештирүүсүнүн кемчиликтерин көрсөттү. Анын мезгилдештирүүсүнөн алгачкы коомдун калыптанган, өнүккөн жана бузулган мезгилин ажыратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жаны маалыматтарга ылайык башка критерийлерге негизделген мезгилдештирүү талап кылынды. XX кылымдын орто ченинде көрүнүктүү  орус этнологу Сергей Павлович Толстов коомдук уюмдун формаларынын өнүгүшүн критерий катары алып,төмөнкүдөй схеманы сунуштаган:

1.алгачкы  үйүр – алгачкы коомдун калыптанышы, эмгек куралан пайдалануудан башталат.

2.алгачкы жамаат – алгачкы жамааттын гүлдөп өнүгүшү, курал жасоо үчүн куралды пайдалануу менен байланыштырылат.

3.аскердик демократия – таптык коомго өтүү, металлды иштетүү.

 Көрүнүп тургандай С.П.Толстовдун мезгилдештирүүсү Л.Г.Моргандын мезгилдештирүүсүн жокко чыгарбайт. Мындан эки критерий: коомдук уюмдун формаларынын өнүгүшү жана өндүргүч  күчтөрдүн өнүгүү  деңгээли  айкалыштырылган.

 Ушул эле критерий менен окумуштуулар ар башкача мезгилдештирүүнү сунуш кылышкан. Мисалы: П.Ф.Ефименко  (1.Алгачкы үйүр. 2.Неандерталдардын алгачкы жамааты. 3.Алгачкы урук жамааты) Н.Б.Горбачева (1.Алгачкы үйүр.2.Урук. 3.Уруу.4.Уруулар союзу) П.К.Архитас (1.Адамдар үйүрү.2. Алгачкы орда. 3.Алгачкы жамаат.4.Уруулар союзу) М.О.Косвен (1.Алгачкы үйүр. 2.Уруктук түзүлүш (матриархат жана патриархат) 3.Аскердик демократия.) Ю.В.Кнышенко (1.Алгачкы үйүр. 2.Уруктук түзүлүш. (матриархат жана патриархат).3.Кошуналык жамаат).

 Ал эми жаны материалдар өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлин критерий катары колдонуу теориялык жактан туура эмес экендигин көрсөттү. Мисалы: цивилизацияга жетишкен айрым элдер металлды өндүрүшкө  пайдалана элек же тескерисинче жамааттык коомдун кечки мезгилиндеги уруулар темирди иштетүүгө жетишкен.Ошондуктан  XX кылымдын 50-жылдарынын ортосунда Абрам Исакович Першиц өндүрүш жолундагы ошондой эле өндүрүштүк мамилелердин формасындагы айырмачылыктарды критерий катары сунуш кылат. Буга ылайык үч мезгил: алгачкы урук, алгачкы үйүр, алгачкы кошуналык жамаат бөлүнүп көрсөтүлөт.

70-жылдардын ортосунда Юрий Иванович Семенов алгачкы урук жамаатын эки этапка бөлүп  кароо зарылдыгын пайда кылды. Ал эрте урук жамааты жана кечки урук жамааты деп ажыратылды. Ошентип алгачкы жамааттык коомдун мезгилдештирүүсү төмөндөгүдөй схемага келтирилди:

         Праобщина – эрте урук жамаат, кечки урук жамааты – притокестьяндык жамаат.

         Алгачкы мезгилди антропосоцигенез,ал эми акыркы мезгилди таптардын пайда болуу мезгили деп да аташат.

        Америкалык окумуштуулар алгачкы жамааттык коомдун тарыхын эгалитардык, рангалашкан жана стратификациялык  коомдорго  бөлүшөт. Эгалитардык коомдор алгачкы жамаат дооруна, стратификациялык коомдор таптардын пайда болуу дооруна туура келет. Рангалашкан коомдордо социалдык тенсиздик гана бар, стратификациялык коомдордо ага мүлктүк теңсиздтик да кошулат.

       Ошентип, алгачкы жамааттык коомдун тарыхы праобщина доорунан башталат. Алгачкы адамдар тобу доор эмгек куралын жасай баштаган мезгилден, архантроптун – эзелки адамдын пайда болушунан башталат. Алгачкы адамдар тобунда эмгектин натыйжасында адам сымал маймылдарга тиешелүү сапаттар биротоло артка сүрүлөт, коомдук  байланыштар чыңдалат, биологиялык жактан өнүгүү аяктайт, алгачкы жамааттык коом калыптанат. Хронологиялык чекиттери талаш маселе. Алгачкы жамааттык коомдун баштапкы чегин так аныктоо азырынча мүмкүн эмес, себеби улам жаңы ачылган табылгалардын жашы мурдагыларга караганда байыркы экендиги аныкталууда. Ошол эле учурда алардын байыркылыгын тактоого муктаж кылган жагдайлар бар. Ошондуктан азырынча адамзатттын тарыхын алгачкы эмгек куралы жасалды деп аныкталган 2,7млн.жыл мурдагы мезгилден баштоо кабыл алынган. Ошентип,ал 2,7млн.жыл мурда башталып 100-45-40м.ж. аяктаган деп айтууга болот.

         Алгачкы жамаат доору урук жана урук жамааты пайда болгон мезгилден башталат. Бул доордун алгачкы мезгилинде өндүрүштө жана керектөөдө коллективизм, жалпы менчик жана тендеп бөлүштүрүү үстөмдүк кылат. Кечки  мезгилде алар үстөмдүк  кылбаса да сакталып турат. Хронологиялык чеги ортонку же жогорку палеолиттен башталып неолитке аяктайт. Бул мезгил алгачкы жамааттык коом өнүккөн мезгили.

 Тап пайда болуу доору алгачкы жамааттык коомдун бузулуу мезгили. Бул доордо чарбанын баардык тармактары өнүгөт, артыкбаш азык-түлүк  көбөйөт. Жамааттын жалпы менчиги айрым үйлөрдүн жеке менчигине өтөт, теңдеп бөлүштүрүүнү эмгекке жараша бөлүштүрүү сүрүп чыгат, жамааттык-уруктук байланыштар жамааттык-кошуналык байланыштарга жол бошотот. Экплуатациянын баштапкы формалары пайда болот, аны менен кошо артыкбаш азык-түлүк кошумча азык-түлүккө айланат, жеке менчик, таптар жана мамлекет пайда боло баштайт. Хронологиялык чеги – неолиттин акыркы мезгили б.з.ч 5- м.ж.