Лекция №9

Тема: № 4 Алгачкы адамдар тобу

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Адамга айлануучулар тобунун турмуш тиричилиги менен таанышуу;

· Алагачкы адамдар тобунун алгачкы идеологиялык түшүнүктөрүн талдоо;

 

Негизги түшүнүктөр:  "алгачкы адам үйүрү", "үйүр", "праобщина", каннибаизм, түгөйлөшүү, гарем, промискуитет, тотемиз, магия, фетишизм,

                                         

                               

                             План

1.      Адамга айлануучулар тобу

2.      Идеологиялык түшүнүктөрдүн башаттары

 

                                 Адабияттар:

1.Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.Семенов Ю.И. Как возникло человечество. М., 2006.

4.Марков Г.Е. История хозяйство и материальной кльтуры в первобытном и раннеклассовом обществе. М., 1976.

5.Семенов Ю. Формы общественной воли в доклассовом обществе: табуитет6 мораль6 и обычное право // Научно просветительский журнал "Скепсис"  http //scepsis.ru/library/ id_123/html

 

 

Слайд №8            1. Адамга айлануучулар тобу.

Коомдун жаралып калыптанышы илимде социогенез деп аталат.Ал адамдын жаралышы — антропогенез менен чогуу жүрѳт,б.а.адамдын жана коомдун жаралышы бир эле процесстин эки жагы болуп  саналат. Ошондуктан бирдиктуу антропогенез жѳнүндѳ сѳз кылынат.

Архантроптор менен палеантроптор калыптанып жаткан адамдар болгондуктан алардын бирикмеси да калыптанып  жаткан коом эле. Аны Ф.Энгельс «алгачкы адам үйүрү» деп атаган. Алгачкы адамдар тобуна карата «үйүр»сѳзүнүн колдонушуна  каршы  болгондор да, колдогондор да бар. Аны колдонгондор алгачкы адамдардын али жаныбарлар дүйнѳсүнѳн толук бѳлүнүп чыга  элек абалын эске алышат. Мындай абал архантроптор  менен палеантроптордо бирдей болбогондугуна таянып  палеонтроптордун  тобун  башкача атоону сунуш кылган. Орус окумуштууларынын айрымдары ага карата «праобщина» термииин колдонушат. Бул «жамааттын түзүлѳр алды» дегенди туюндурат.

Адам коомунун калыптанышы питекантроптордон башталат. Алгачкы адамдар  тобунда 30-45 киши болгон. Тѳмѳнкү палеолит доорунда эмгек куралдарынын ѳтѳ жѳнѳкѳйлүгү, тамак-аш табуунун кыйынчылыгы мындан кѳп кишиден турган топтун жашоосун камсыз  кылууга мүмкүнчүлүк  бермек эмес. Анткени жыйноочулук кѳп  убакытты талап кылган, бирок натыйжасы  аз болгон. Ири жаныбарларга аңчылык кылуу да тобокелчиликти талап кылган жана дайыма эле ийгиликтүү боло берген эмес.

Адамга айлануучулар тобу үңкүрлѳрдѳ бир нече жыл туруктуу жашагандыгын археологиялык изилдѳѳлѳр кѳрсѳтүүдѳ. Буга топтун аңчылык  аймагындагы  фаунанын  байлыгы мүмкүнчүлүк берген. Алар географиялык аймакка жараша антилопаларга, жапайы ѳгүздѳргѳ, пилдерге, жылкыларга, камандарга, зубрларга, аюуларга жана арстандарга аңчылык кылышкан (1,2-сүрөт). Орто Азияда тоо текелерге аңчылык кылышкан. Аңчылык, ѳзгѳчѳ ири жаныбарларга аңчылык кылуу кѳп кучту талап кылган, уюшкандыкты, тыгыз баш кошуп аракеттенүүнү талап кылган. Бул ѳз кезегинде коллективизмдин артыкчылыгын кѳрсѳткѳн. Ошол эле учурда эт менен тамактануу адамдын организминин ѳсүшүнѳ, ишмердигинин жогорулашына түрткү болду.                   1-сүрөт

9-1.jpg

                                                      2-сүрөт                                                               

                                                                                                                                              

 Чогулуп аңчылык кылуу, жырткычтардан чогулуп коргонуу,отту ѳчүрбѳй кармап турууга камкордук топту баш  коштурууга ѳз жардам  кѳрсѳтүүнүн алгачкы формаларын пайда кылды. Коллективдин тыгыз баш кошушуна тилдин ѳркундѳтүлүшү да таасир берди. Аларда алгач жансап суйлѳѳ үстѳмдүк кылган  деп божомолдонот. Аны менен катар үн чыгаруу да болгон, бирок ал ар башка топтордун ортосундагы коммуникацияда пайдаланылган. Ал турсун бир эле топтун ичинде да ишмердиктин ар кайсы түрүндѳ ар башка  коммуникация каражатгары пайдаланылган. Ишмердүүлүктүн түрү кѳбѳйүп жана татаалдангандан кийин, топтолгон тажырыйбаны муундан-муунга ѳткѳрүп берүү зарылдыгы сигналдардын  санынын кѳбѳйүүсүнѳ алып келди. Мында үн чыгарып  байланышуунун натыйжалуулугу кѳрүндү. Жаңсап сүйлѳшүүнү үн чыгарып сүйлѳшүүнүн  алмаштырылышы же сүрүп чыгаруусу питекантроптордо ишке ашкан жана ар түрдүү примитивтүү тилдер жаралган. Ал эми неандерталда питекантроптордун примитивдүү тилдеринин негизинде структуралык жана лексикалык жактан жакын тилдер пайда боло баштаган.

     Эмгек ишмердиги жана ойлоо менен тил бир мезгилде пайда болгон эмес. Алардын ортосунда 1млн.жыл жатат. Эмгек хабилистерде шарттуу рефлектордук мунѳздѳ,ал эми питекантроптордо аң сезимдүү, эрктүү болот.

    Палеантроптор доорунда, ѳзгѳчѳ кечки палеонтроптор мезгилинде коомдук мамилелердин калыптанышына прогресс болду. Эрте палеантроптордо киши ѳлтүрүү, балким, каннибализм  да  кеңири  тараган(3,4-сүрөт). Аларга тиешелүү баш сѳѳктѳрдѳ жаракат алып ѳлгѳндѳрдүн издери бар жана мындай сѳѳктѳр кѳп  санда кезигет.

9-3.jpg   

                                              3-сүрөт

Ал эми кечки палеантроптордо андайлар аз. Бул кѳрүнүш кечки палеантроптордун коллективинин биримдигин  далилдейт. Аталган мезгилдеги коллективдин биримдигин кѳрсѳтүүчү башка да далилдер бар. Мисалы, Шанидардан (Алдыңкы Азия) табылган кишинин сол  кѳзү сокур, оң колу  кесилген. Ага карабастан ал 40 жашка чейин жашаган. Кѳрсѳтүлгѳн мезгил үчүн бул жаш ѳтѳ узак жашоону билдирет. Ошондой эле омуртка сѳѳктѳрү буралып калган кишилердин сѳѳктѳрү  да табылган. Булардын баары кечки палеонтроптордо  коммуналисттик  мамиле биротоло  орнолгондугун кѳрсѳтѳт.

        9-4.jpg

                                                         4-сүрөт

        Жогорудагы майып жана оорукчал кишилер жетиштүү сандагы тамак-аш менен камсыз болуп турган, анткени алар жѳнүндѳ башкалар кам кѳрүшкѳн.

Полеантроптор ѳлгѳндѳрдү кѳмүшкѳн (1,2-сүрөт). Айрым мүрзѳлѳрдѳн атайын коюлган гүлдѳрдүн  калдыктары жолугат. Гүлдѳр түрдүү чѳпкѳ таандык. Мисалы, бир мүрзѳдѳн табылган жети түрдүү гүлдүн бешѳѳнүн дарылык касиети, бирѳѳнүн тамак-ашка пайдалана турган, дагы бирѳѳнүн дарылык да, тамак-ашка да пайдалана турган касиеттери бар.

        9-5.jpg

                                                                        1-сүрөт

        9-6.jpg

                                                                    2-сүрөт

Бул факты неандерталдар чѳптѳрдүн касиетин билгендигин кѳсѳтүп турат. Башына таш менен уруп ѳлтүрүлгѳн кишинин башын таш менен короологон  ритуалдык  кѳмүү фактылары бар. Айрым сѳѳктѳрдүн жанынан жаныбарлардын буту, жаак сѳѳгү, куралдар кошо чыгат. Ɵлгѳндѳрдүн сѳѳгүн кѳмүүнү коллективдин ѳз мүчѳсү тууралу кам кѳрүүсү катары баалоого болот. Ошон үчүн аны ѳздѳрүжашаган жерге кѳмүшкѳн, жанына тамак-аш кошо коюшкан ж.б. Кийинчерээк чуңкурга кое баштаган.  Алгачкы адам топторундагы жыныстык мамиле жѳнүндѳгүмаселеде да бирдей пикир жок. Приматтардын арасында жүргүзүлгѳн байкоолор аларда түгѳйлѳшүүнүн жана гаремдин бар экендигин кѳрсѳтѳт. Айрым окумуштуулар алгач баш-аламан, жѳнгѳ салынбаган жыныстык мамиле - промискуитет болгон деп божомолдошот. Промискуитет да, гаремдик үй-бүлѳ да чыр-чатактарга жана ошого байланыштуу топтун жок болушуна алып келмек.  Ошондуктан алгачкы адам топторундагы жыныстык мамиле жѳнгѳ салынууга тийиш эле.