Лекция №8

     Слайд №8  2. Архантроптор. Палеонтроптор

Австропитектерден кийин мезгили боюнча 1890-1991-жж. Ява аралынан табылган Питекантроп еректус — «тике туруп баскан маймыл сымал адам» турат(1,2-сүрөт). Алар кишилер үй- бүлѳчѳсүн тѳзүшѳт. Буга окшогон  жандыктардын сѳѳк калдыктары Африкадан, Европадан, Кытайдан да табылган. Алардын баары алгачкы үлгү боюнча Питекантроп түркүмүнѳ киргизилет. (1,2-сүрөт)

8-1.jpg8-2.jpg

Питекантроптордун ата-теги тууралу маселе бир жактуу чечиле элек. Хабилистерди питекантроптун түздѳн-түз ата-теги деп эсептешет, ошол эле учурда алардын ортосунда жандыктар пикирлер бар. Питекантроптор болжол менен мындан 1,5млн.жыл мурда пайда болгон.                                                                    

Антропологиялык таксомания боюнча аларды архантроптор – эзелки адамдар-деп аташат. (1,2-сүрөт: Голландиялык окумуштуу Э.Дюбуа 1891-93-жж.Ява аралынын байыркы адамдын сөөктөрүн тапкан)8-3.jpg8-4.jpg

                     1-сүрөт                                                   2-сүрөт

Архантроптор ар кайсы мезгилде  Түштүк жана Чыгыш Африкада , Магрибде, Сирияда, Ливанда, Палестинада, Орто-Азияда, Кавгазда, Индияда, Пакистанда, Вьетнемда, Ява аралында, Кытайда, Европада жашаган. Евразиянын түндүгүндѳ питекантроптор Алтай аймагына чейин таралгандыгы божомолдонот. Питекантроптордо тике туруп басуу, колдун эмгекке толук жѳндѳмдүү болушу аяктаган.

Питекантроптордун бир нече түрү белгилүү. Жашоо мезгили боюнча аларды алгачкы, кечки жана соңку архантроптор деп бѳлүшѳт:

  алгачкы архантроп — питекантроп IV

  кечки архантроп — Ява питекантроптору (1-cүрөт, 1974-ж. Ява аралында мындан 3-4 миң жыл мурун өлгөн эки эркек адамдын мумиясы табылган, алардын бою 25см., биринин анча чоң эмес ак сакалы бар. 2-cүрөт, 2005-ж. Тштүк Чыгышта Мараккодогу  Тафилалет чөлүнөн мындан 35миң жыл жашаган улгайган карлик адамдын баш сөөгү табылган).   Бильцингслебен табылгасы, атлантроп, телантроп.

  соңку архантроп — синантроп, Вертешселлеш табылгасы Гейдельберг адамы

.8-5.jpg8-6.jpg

                1-cүрөт                                                        2-cүрөт

Питекантроптор орто же кичине бойлуу, чымыр денелүү болушкан. Скелет сѳѳктѳрүнүн, кол манжаларын түзүлүшү азыркы адамдыкынан айрымаланбайт, бирок баш сѳѳгү боюнча бир топ айырма бар. Питекантроптун  баш сѳѳгүнүн алдыңкы бет бѳлүгү чоң, мээ жайгашкан арткы чѳйчѳгү чакан, каштын үстү жана желкеси томпок, тѳбѳсү жапыс, маңдайы жалпагыраак түзүлүштѳ. Баш сѳѳгүнүн али жешишээрлик ѳѳрчүбѳгѳндүгүнѳ карабастан азыркы адамдыкына жакын турат. Аларды австролопитектердин  айрым топтору  менен кыйлага чейин чогуу бир мезгилде жашаган деген пикир бар. Кечки архантроптор – Ява питекантроптору -  1-1,5млн.ж.мурда жашаган, эки буттап баскан жана колу эмгектенүүгѳѳ жѳндѳмдүү, ал эми мээсинин кѳлѳмү –

900 см3. Бирок баш сѳѳгү али маймылдыкына окшош: тѳбѳсү жапыс, кашынын үстү бир кыйла томпок. Австролопитектерге караганда мээ кѳлѳмү 1,5 эсе чоң, баш сѳѳктүн түзүлүшү алардан жогору турат. Ява питекантропторуна жакын турган формалар Түштүк Африкадан 1949-ж.табылган теланторптор жана Түндүк Африкадан 1955-ж.табылган атлантроптор.                                              

       Телантроптун морфологиялык жактан питекантроптордон айырмачылыгын билүү мүмкүн эмес, ал эми атлантроптор питекантроптор менен бирдей деңгээлде турган деп айтууга болот. 

        Кечки питекантроптордун cѳѳгү Европадан да табылат. Ага Тюрингияда Бильцинглебен турагынан 1972-1975-жж.казылып алынган табылган кошууга болот. Буга чейинки питекантроптордон жогору турган форма - 1927-ж. Пекинден алыс эмес Чжоукоудянь  үңкүрүнѳн  табылган  синантроптор. (1,2-сүрөт)

8-7.jpg8-8.jpg 

Бул  жерде 40тан ашык кишинин-аялдардын, эркектердин  жана балдардын-сѳѳктѳрү казылып алынган. Алар 400-100миң жыл аралыгында жашаган деген божомол бар. Питекантроптордун башка топторуна караганда азыркы адамга кыйла жакын турат. Синантроптор орто бойлуу, чымыр денелүү болушкан. Мээсинин

кѳлѳмү 900-1200см3, орточо кѳлѳмү-1050см3.

        Баш сѳѳгүнүн түзүлүшүндѳ примитивдүү  белгилер кобүүрѳк жолугат: тѳбѳсү жапыс, каштын үcтү томпок, ээги жок жана тиштери чоң. Арийне, баш сѳѳгүнүн ички бетинде чыкыйдын арткы жагы, чыкый менен тѳбѳ жана кежигесинин бириккен жерлеринин мээ жайгашкан чѳйчѳктѳрү кенен. Мындан синантроптор так, даана сүйлѳп  калгандыгын  божомолдоого болот. Синантроптордун жасаган эмгек куралдары ар түрдүү-туруктуу форма калыптана элек. Алар туруктуу бир жерде аңчылык кылышкан, отту  кеңири пайдаланышкан.

        1907-ж. Германияда Гейдельберг адамы табылган(1,2-сүрөт). Ал прогресивдүү жана примитивдүү белгилердин айкалышы боюнча морфологиялык жактан синаптропко жакын турат.  Гейдельберг адамы мындан 400-350жыл мурда жашаган.

8-9.jpg8-10.jpg

                 1-сүрөт                                                   2-сүрөт

1965-ж. Венгриянын Вертешселлеш турагында табылган  адамдын мээсинин кѳлѳмү-14см3 ашат. Бул аны  Неандерталь адамынан жакындатат. Ал алгачкы неандерталь же пекантроптон неандартальга ѳтмѳ болушу мүмкүн.

Архантроптор  аңчылык, жыйноочулук менен тиричилик кылышкан. Алар жашаган турактардан табылган сѳѳк калдыктары  эзелки адамдар гиппопотамдарга, кериктерге, жана  алардан майдараак жаныбарларга да аңчылык кылышканын кѳрсѳтѳт.

         Аларды табигый аңдарга айдап кулатып түшүрүрүп же  саздарга  айдап кулатып түшүрүрүп же  саздарга  айдап кирип таш куралдар менен койгулап  ѳлтүрүшкѳн. Архантроптор жыгач куралдарды  колдонгондугу  тууралу  так маалыматтар бар, ошентсе да негизги аңчылык жана коргонуу куралы катары таш куралдар пайдаланылган. Тѳмѳнкү палеолитте олдувай маданиятынан кийин  ашелль маданияты башталат(3,4-сүрөт 1,4 млн жыл мурда баштап Homo erectusтар жасаган, эки тарабы тең жонулган кол чокморлору). Ал мустье дооруна чейинки, т.а. мындан 200 м.ж.чейинки мезгилге чейин созулат. Таштан кѳп түрдүү эмгек куралдары жасалган, алардын арасында чокмор,чоппер басымдуулук кылат. Чокмор ири — салмагы 1кг, кѳлѳмү 10-20см- жасалган. Аны жасоо учун оттук  таштын эки  жагын  башка  бир  оттук таштын жардамы менен ургулап ичкертишкен.Тѳмѳн  жагы учтуу, ал эми жогору жагы кармоого ыңгайлаштырылган. Бул мезгилдеги турактардан бадам формасындагы, сүйрү  жана найза түспѳлдѳнгѳн чокморлор кѳп табылат.

       Чокмор универсалдуу курал эле. Аны менен жаныбарларды өлтүрүшкѳн, ѳсүмдүктѳрдүн тамырын казышкан, жыгач жонушкан. Кесүүчү, тешүүчү куралдарды жарылган таштардан жазашкан. Алгач табигый  жарылган  таштар  керектелсе, кийинчерээк  атайын  жарышкан.

8-11.jpg 8-12.jpg

                   3-сүрөт                                                      4-сүрөт

             Жылуу, ысык аймактарда жашаган архантроптор тамак- аштын кыйла бѳлүгүн жыйноочулуктан алышкан. Архантроптор доорунда аймактык адистешүүгѳ жол салынган.жигердуу ѳзгѳчѳлүккѳ ээ болгон маданияттар түзүлѳ баштаган деп айтууга болот. Европада алгач отту пайдалануунун издери 700миң жыл мурдагы мезгилге таандык. Синантроптор да отту пайдаланышкан. Африка архантропторунун да отту пайдаланганды билгендиги тууралу далилдер бар.

   Эзелки  адамдардын отту кантип ѳздѳштүргѳндүгүн азыр так  айтуу мүмкүн эмес. Табигый жаралган  отту(чагылган ѳртү, вулкандын атылышынан чыккан ѳрт ж.б)  же таштарды  ургулап эмгек куралын жасоодо чыккан учкунду пайдаланган деген божомолдор бар. Отту ѳчүрбѳй сакташкан, кѳчсѳ ала кетишкен жана жолдо ѳчүрбѳгѳнгѳ аракет кылышкан. Отту ѳчүрбѳй сакташ учун атайын бѳлүнгѳн киши болгон. Очүрүп алса кошуналарынан чок сурап келүүгѳ мажбур болушкан. Кандай  табылгандыгына  карабастан аны пайдалуу алгачкы адамдардын турмушунда зор роль ойногон. Аны жырткыч жаныбарлардан  коргонууга колдонушту, сууктан сактанып климаттын табигый  шарттарына кѳз каранды болбой калышты, отко какталып бышырылган эт адамдардын ден түсүлүшүнүн  калыптанышына, акыл-эсинин ѳнүгүшүнѳ да жагымдуу таасир  берди. Отту жыгачтан, сѳѳктѳн эмгек куралдарын жасоодо колдонушкан. От тамак-аш рационун да кеңейтти, себеби бышырбай туруп жегенге мүмкүн болбогон азыктар эми тамак-ашка кенири пайдаланыла баштады.

Түздүктѳрдѳ архантроптор жер үстүнѳ курлган алачыктарда жашаган. Алачык борбордук түркүккѳ тирелип коюулган бутактарга жаныбарлардын терисин жабуу менен жасалган.   Мындай алачыктардын аянты 75 м2 түзѳт. Ичине таштан тизилген очок жасалган. Демек,  архантроптор  белгилүү даражада отурукташып тиричилик кылышкан. Отурукташкан аймак алардын анчылык аймагы болгон.

Палеантроптор Мындан 250-80-миң жыл мурда архантропторду алмаштырган палеантроптор — байыркы адамдар жашаган. Ал 1856-ж. Германияда Неандерталь деген жерден табылган алгачкы табылга боюнча  Неандерталь адамы  

 

деп  аталат (5,6-сүрөт). Алар жашаган аймак ѳтѳ кеңири. Неандертальдын сѳѳктѳрү Англиядан, Бельгиядан, Франциядан,  Италиядан, Испаниядан, Швейцариядан, Балкан жарым аралынан, Чехиядан, Венгриядан, Орто-Азиядан, Палестинадан, Ирандан, Ирактан, Кытайдан табылат. Россиянын  Сибирь  аймагына,  Япония  аралдарына  байыркы адамдар ушул кезде жеткен. Аларды Гомо примигениус түрүнѳ киргизишет. Неандертальдар орто бойлуу, чымыр денелүү, булчуңдары  бурбуйган жандар  болгон. Кол  манжалары азыркы адамдыкына караганда одоно жана кыска. Мээсинин кѳлѳмү бир кыйла ѳскѳн — 1200-1600см . Мээнин  структурасында  али примитивдуу белгилер кезигет. Мээнин  мындай  бѳлүгү  али начар  ѳрчүгѳн, ошондуктан логикалык ой

жүгүртүүсү али чектелүү эле. Баш  сѳѳктүн  тѳбѳсү  жапыс, каштын үстү томпок, ээги жаңы эле пайда боло баштаган. Башка аймактагы  неандертальдарга  караганда  Алдыңкы  Азиядан табылган неандерталдар морфологиялык түзүлүшү жана акыл-эс деңгээли боюнча бир топ ѳйдѳ турат. Мисалы, 1931-1932-жж. Палестинанын  Мугарет-эс-Схул  үңкүрүнѳн  табылган  баш сѳѳктүн маңдай бѳлүгү бир кыйла чоң,  тѳбѳсү  бийик,  каштын  үстүндѳгү  томпок  жымсалдашкан  жана ээк пайда болгон. Антропогенездеги палсантроптордун алган ордун аныктоодо окумуштуулар европалык неандерталдарга кѳп кѳңүл бурушат.                                                                                               

8-13.png8-14.jpg

8-15.jpg8-16.jpg

                  5-cүрөт                                              6-сүрөт

Азырга чейинки европалык табылгаларды жашаган мезгили  боюнча алгачкы жана кечки неандарталдар деп экиге бѳлүшѳт Алгачкы неандерталдарды алгач табылган ордуна жараша Эрингсдорф тобундагы, ал эми кечки неандарталдарды Шапель тобундагы неандерталдар, ошондой эле классикалык неандерталдар деп аташат.

Алгачкы неандарталдарда кечкилерге караганда акыл-эс белгилери кѳбүрѳѳк деп эсептелинет. Шапель тобундагы неандарталдардын ѳнүгүүсү Европанын муз каптаган катаал климатында акырындаган  жэ ага ыңгайлашууда регресске учураган, ошондуктан алар азыркы  адамдын калыптануусунда аз гана роль ойногон деген кѳз караштагы окумуштуулар бар.

Кийик-Кобадан табылган неандертал (реконструкция) жана азыркы адамды рентгенограммасы Азыркы адам неандарталдарга эч кандай байланышы жок эле пайда болгон деген кѳз караштагы окумуштуулардын тобу пресапиес  теориясын жакташат. Ал теория боюнча  неандарталдар менен  бир мезгилде, бирок  алардан  морфологиялык  жактан  айырмаланган кишилер жашаган. Неандарталдарга мүнѳздүү болгон примитивдүү белгилер аларда жок жэ ѳтѳ аз. Азыркы адам ошолордон пайда болгон деп эсептешет. Алардын  ою боюнча неандерталдар ѳнүгүүгѳ жѳндѳмсүз болгон деп эсептешет. Алардын  ою боюнча неандерталдар ѳнүгүүгѳ жѳндѳмсүз болгондуктан жок болушкан. Бул теория Англиялык (Сванскомба) жана Франциядан

(Фонтешевад) табылган баш сѳѳктѳрдүн калдыктарынын морфологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүн изилдѳѳгѳ таянат. бирок бул баш сѳѳктѳрдүн калдыктары аларда преметивдүү же прогрессивдүү белгилердин бар же жок экендиги тууралуу маалымат алууга жетишсиз. Ошондуктан бул теорияны кабыл алууга болбойт.

         Неандарталдардын  эмгек куралын жасоо ишмердигин да эки этапка бөлүп кароого болот: 1). 300-75-миң жылдыктар. Бул мезгилде чокмордун кѳлѳмү кичирейди, башка куралдарга караганда саны да азайды. Эң кѳп таралган эмгек куралдары учтуу курал менен  кыргычтар болгон. Эмгек куралын жасоого (шивеге ийне) сѳѳк да кеңири колдонула баштаган. Жыгачтан найзалар  узартылып, учу учталган  жана отко кармалган. Жаңы эмгек куралдары - бычак, баш жагы жоонойтулган союлдар жасала  баштайт; таштан эмгек куралдарын жасоодо ретушь ыкмасы колдонула баштады; 2). 75-40-35миң жылдыктар. Буга чейинки куралдар негизинен сакталды жана аңчылык куралдары курама боло баштады. Найзанын учуна оттук таштан жасалган учтар кийгизилген. Учтуу куралдар менен жаныбарларды  ѳлтүрүшкѳн, жыгачтарды жонушкан. Ал эми кыргыч менен ѳлтүрүлгүн жаныбарлардын тээрисин сыйрышкан  теринин майларын кырышкан. Бул  куралды аялдар пайдаланган деген божомол бар (1,2,4,5-сүрөт). Палеантроптор аңчылыкты ийгиликтүү жүргүзө башташты.  Аңчылык адистешти, б.а. неандерталдардын бир тобу жаныбарлардын бир түрүнө  аңчылык кылышкан. Айрым топтор балыкчылык да кылышкан. Муз доору башталгандан кийин тамак-аштын негизги бөлүгүн аңчылык менен балыкчылык  берген. Жылуу климаттык шарттарда жашагандар негизинен жыйноочулук менен тиричилик кылышкан. Жыйноочулукта өсүмдүк азыктарынан тамак-аш даярдоо бир нече этаптан өткөн. Отту тапканды билип калышкан деп жыйынтык чыгарууга болот. Суук региондордо жаныбарлардын териси кийим катары  пайдаланылган.    (1,2-сүрөт) 

8-17.jpg

                                                  1-сүрөт  8-18.jpg

                                                     2-сүрөт

Аталган мезгилде палеантроптор үңкүрдө жашай баштаган. Υңкүрлөрдүн оозу жагынан шыргыйга тери менен жаап жасалган алачыктардын изин табууга болот. Алачыктардын астына таш төшөлгөн, бөлмөлөргө бөлүнгөн жана очок жасалган. Ушундай эле алачыктардын издери үңкүрдөн алыс эмес жерлерде да табылат. Палеантроптордун  турак-жайларын токтоочу  жайлар (кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ) жана тургун жайлар

( сезондук жана жылдык)  деп бөлүүгө болот. (1,2-сүрөт) 

8-19.png

                                                         (1-сүрөт)

                     8-20.png

                                                              (2-сүрөт)