Лекция №12

Слайд №12      Тема: № 6 Коомдун пайда болушу

 

               Лекциялык сабактын максаты:

· Уруктун  пайда болушунун себептерин аныктоо;

· Никенин түрү экзогамиянын пайда болушунун себептери  боюнча окумуштуулардын көз караштарын аныктоо жана талдоо;

 

Негизги түшүнүктөр:  экзогамия, өндүрүштүк табу, чарбалык жыныстык табу, тыюу салуу, норма, агамиянын, экзогамия, дуалдык топтук уюм.

                                         

                                  План

1.      Урук жамаатынын пайда болушу

2.      Экзогамиянын пайда болушу жана өзгөчөлүктөрү

 

                                 Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев.В.П., Перщиц А.И. История первобытного общества: Учеб.для вузов по спец. "История.- М.: 1999.

3.      История первобытного общества. Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.

4.      Семенов Ю. Брак и семья: возникновение и развитие общества //Научно-просветительскую журнал «Скепсис» // http: //scepsis.ru/Iibrary/id 6 htmI

         Архантроптордо башталып, палеантроптордо бекемделе баштаган коомдук мамилелердин калыптануу процесси урук жамаатынын  пайда  бодушу менен аяктайт. Адамга айлануучулар тобу жогорку палеолитте бекемирээк коомдук уюмга — уруктук жамаатка айланды. Археологиялык казууларда жогорку палеолитке тиешелүү чоң  аянтты  ээлеген  турак  жайлардын  табылышы да урук жамааты сыяктуу көпчүлүктү  камтыган коллективдер ушул мезгилде түзүлгөнүн көрсөтөт.

Урук - бул бир аймакта жашаган, жалпы  менчикке ээ, чогуу эмгектенген, экзогамдуулук жана бир багыттагы тууганчылык менен мүнөздөлгөн, аталышы жана сыйынуусу бир, коомдук турмушунда демократиялык тартиптер үстөмдүк  кылган кандаш туугандардьш чарбалык коллективи. (1,2-сүрөт)

Уруктун  пайда  болушунун  изилдөө үчүн түздөн-түз булак боло турган материал жок. Ошондуктан  ал теориялык божомолдор аркылуу гана калыбына келтирилет. Ошого байланыштуу ар кандай илимий көз караштар айтылып келет. Алардын бири уруктун негизги  белгилеринен болгон экзогамиянын пайда бодушу менен байланыштуу.

        Экзогамия - жабык уюмдун алкагынан  чыгып, сырттан, башка топтун мүчөлөрү  менен никелешүү. Бул кандайча  ишке  ашты, т.а. экзогамия  кантип  пайда  болду? Бул  проблема  боюнча  бир  нече  илимий  гипотезалар  бар:

12-1.jpg

                                                                             1-сүрөт 

12-2.jpg

                                                                 2-сүрөт     

Согушта керексиз болгондуктан кыздарды ымыркай кезинде эле жок кылышчу. Ошондуктан аялдарды башка топтон издөөгө мажбур болушкан (Ж. Мак-Леннан).

1.     Туугандардын        ортосундагы  жыныстык  мамиледен  жийиркенүү (Ч.Дарвин).

2.    Аңчы эркектер аңчылык кылууда өз аялдарынан алыстап кеткен жана башка топтун эркектеринен артта калган аялдары менен жолугушуп турган (Бриффолт, Поршнев Б.Ф.).

3.    Кишинин  канынан, өзгөчө  аз тобундагы аялдардын канынан коркуу (Дюркгейм Э.).

4.    Кан аралашуунун биологиялык жактан зыяндуулугун болтурбоо максаты (Морган Л.Г.).

5.    Алгачкы  адамдар  тобу өзүнүн  туюкка  камалганын жеңүүгө тийиш эле жана башка топтор менен чарбалык байланыш түзүүсү  зарыл эле (Золотарев А.М., Токарев С.А ).

6.    Коллективдин  ичиндеги  чарбалык  иштерди  тартинке салуу зарылдыгы (өндүрүштүк табу) (Толстов С.П. ж.б.)

Бул көз караштардын эч бирин ишенимдүү түрдө кабыл алууга мүмкүн эмес. Ошентсе да, акыркы гипотезанын  жактоочулары арбын. Ал  боюнча азыркы адам менен коомдун жаралышынын акыркы этабын төмөндөгүдөй  калыбына келтиришет.

Тотемизмдин натыйжасьшда жабык уюмга айланган кечки палеантроптордун тобунда байыркы мезгилдерден бери жөнгө салынбай келген жыныстык мамиле чарбалык иштерге кедергисин тийгизе баштады, Мындай жагдай улана берсе топтун жок болушу турган иш эле. Ошондуктан чарбалык иштер убагында, эл алгач аңчылык кылууга чыкканда, жыныстык мамилелерге табу киргизилет. Муну чарбалык жыныстык табу деп аташат. Табу — белгилүү бир аракеттерге тыюу салуу. Ал үч компоненти  камтыган өзгөчө тыюу салуу:

· коллективдин  мүчөсү  белгилүү  бир аракетти жасаса, анын өзүнө  гана эмес, бүтүндөй коллективге кырсык болоруна ишенүү. Ал кырсык кайдан келери белгисиз, бирок белгилүү бир аракетти жасабаса эч кандай кырсык болбой тургандыгы белгилүү;

· белгилүү бир аракеттин натыйжасында боло турган кырсыктан коркуу сезими;

· тыюу салуу, норма.

      Чарбалык иштер бүткөндөн  кийин ага уруксат берилет. Чарбалык ишмердиктин өнүгүшү көп убакытка чейин жыныстык мамиледен алыс болууну талап кылган. Жыныстык табу киргизилбеген мезгил сейрек болгон.

      Мындай  шарт  бир топтун мүчөлөрү башка топтордун мүчөлөрү менен жакындашуусуна алып келет. Бул топтордун ортосундагы жаңжалдарды пайда кылат. Алардын улануусу көптөгөн топтордун жашоосуна коркунуч келтирген. Ал эки топтун ортосундагы никелешүү менен жөнгө  салынган. Мындан бардык жерде дуалдык -топтук уюмдар пайда болот. Анын ар бири калыптанып жаткан дуалдык-уруктук уюм, ал эми анын тутумундагылар калыптанып жаткан урук болуп саналат. Бул айтылгандар экзогамия аң-сезимдүү түрдө орногон дегенди билдирбейт. Экзогамиянын орношу узак мезгилге созулган табигый процесс болгон. Анын жүрүшүндө экзогамдык топтор туруктуу, жашоого жөндөмдүү коллектив катары тукумун улап, көбөйүп жатты, ал эми башкалар улам артка суурулуп жок болуп кетти.

      Биологиялык инстинкт болгон жыныстык мамилеге чек коюу тамак-аш алууга коюлган чектен кийинки коомдун  калыптанышындагы  экинчи маанилүү кадам болду.

      Ошентип, бир топтун ичинде агамиянын киргизилиши экзогамиянын пайда болушуна, ал өз кезегинде уруктун жаралышына алып келди.  Дуалдык-топтук уюм дуалдык- уруктук уюмга өттү. Жыныстык мамилелер толук социалдык алкакка салынды. Ошентип бирикме калыптанып жаткан социалдык организмден толук социалдык организмге айланды. Башка топтун өкүлдөрү менен никелешүү  канды жаңыртты, ал өз  кезегинде адамдардын дене түзүлүшүндөгү  жана акыл-эсиндеги сапаттык өзгөчөлүктөргө алып келди.

      Уруктун  пайда  болуу  жолдору тууралуу төмөндөгүдөй көз  караштар да бар: алгачкы адамдар топторунун ар бири өз алдынча урук жамаатынан өсүп чыкты (Ю.И.Семенов), алгачкы адамдар тобу эки экзогамдык топко бөлүнгөн (А.М.Золотарев, П.П. Ефименко, А.И.Першиц).

        Экзогамия  менен  катар уруктун маанилүү белгилеринин бири — тууганчылыктын бир багытта эсептелиши. Ошого байланыштуу алгачкы уруктун формасы жөнүндө  да түрдүү  пикирлер бар. Себеби этнология  илиминде  энелик  урукта  же  аталык  урукта  жашаган, ошол эле учурда  урукту  билбеген да элдер белгилүү. Айрым элдер тууганчылыкты бир эле мезгилде эне тарабынан да, ата тарабынан да эсептешет. Бул фактыларга таянып, айрым окумуштуулар адам коомунун башталыш мезгилинде жогоруда айтылган  үч вариант тең болгон деп жыйынтык чыгарышат. Бирок этнологияда энелик уруктан аталык урукка өтүү  фактысы  жана  аталык  уруктарда энелик  уруктун  көптөгөн  калдыктары бар экендиги белгилүү, ал эми тескерисинче болгон фактылар жолукпайт. Ошондуктан алгачкы коомдун тарыхын изилдеген  окумуштуулардын  көпчүлүгү  энелик уруктун тарыхий жактан биринчилигине таянышат. Жогорку палеолитте пайда болгон аялдардын статуялары да аталган мезгилдеги аялдардын коомдук турмуштагы өзгөчө  ордун тастыктап турат. Эркектер аңчылык олжосун уруктун турагына алып келген. Аңдын этин бөлүү, аларды сактоо, бышырып  тамак-аш  даярдоо, үй ичиндеги телөө  жумуштары, балдарды багуу, кийим-кече  тигүү ж.б. аялдардын жумушу болгон. Балдар эненин айланасына топтолгон, себеби топтук  никенин  шаргында  ата  белгисиз эле.

 Ошентип, жогорку палеолитте урук — толук калыптанган адам коому пайда болду.