Лекция №24

Тема: Мамлекеттин пайда болушу.

     Мамлекеттин пайда болушуна  карата  илимде түрдүү көз караштар бар. Алардын негизинен үч топко бөлүп кароого болот.

· өз ара эксплуатация;

· зордук-зомбулук теориясы;

· таптык теория;

Таптык теория боюнча таптар калыптана башташы  менен мамлекет да калыптана баштаган. Мамлекет – бир таптын экинчи таптын үстүнө өз үстөмдүгүн камсыз кылган машина (В.И.Ленин). Таптардын жана мамлекеттин жаралышы бирдиктүү процесс.

Бийликти орноту жана механизимдери.  Тап, мамлекети пайда болуу доорунда коомдук саясий турмушта  алдынкы планга уруу чыга баштады. Бул мезгилде уруу социялдык – потестардык оганизим болуп калды, бул мезгилде  уруу социалдык – потестардык  уюмга  айландырган  фаторлор  эми пайда болду. Мисалы: уруулар лигасы уруулар союзу уруулар конфедерациясы. Ошентске да урук идеология иштеринде никени жөнгө салууда чоң роль ойногон. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн бирикмелердин ак-сөөктөрүн уруу-уруу ак-сөөктөрү деп айтышат.

Коомдук  уюмдар андан ары татаалданышы урууну жана уруу бирикмелерин башкаруу үчүн өзгөчө органдын болушун талап кылды. Бул башкаруу органдары бийликтин орношундагы, бийликтин элден бөлүнүшүндөгү маанилүү  этап болот. Бийлик  конкретүү тарыхий шартта аркандай өзгөчөлүктөр менен уюшулган.

Политогенездин үч негизги жолу белгилүү. Аларды шартуу түрдө аскердик, аристократтык жана плутократтык деп атоого болот. Алардын эч бири таза түрүндө жолукпайт,  ар биринде башкаларынын белгилери  сөзсүз камтылат. Сан  жагынан  алганда аскердик жол үстөмдүк кылган. Политогенездин аскер жолу  эки формада ишке ашкан;  аскердик демократия жана аскердик ирархиялык структура.

Согуш дайыма болушу ишке айлангандан кийин эмгектин коомдук  бөлүнүшүндө өзгөрүү болду туруктуу кесиби согуш болгон кишилердин тобу пайда болду. Аскердик күчтүү адатта уруулардын, уруу союздарынын эркектери түзгөн. Аскер башчы өз сапаттары менен бөлүнүп чыгат. Согуш дайыма болуп тургандыктан аскер башчынын  кызматы да туруктуу кызматка айланат жана мураска калат. Аскер башчылар бара-бара бүт коомдук башкаруу ишин өзүнө алат. Аскер башчынын айланасына негизги кесиби согуш болгон кишилер топтолот, ошентип анын чоролору түзүлөт. Бирок алар согуштук маселелердин баарын чече алган эмес, ошондуктан элдик кошуунда сакталып турган. Мындан потестардык структурада элдик чогулуш, аксакалдардын  жана жол башчылардын  кеңеши  негизги  элементтер  болуп саналат. Мындай структураны Л.Г.Морган “аскердик демократия” деп атаган. Мында элдик чогулушту аскер жамаатынын мүчөлөрү түзөт. Аскердик демократияда аскер башчы алдыңкы ролду ойнойт, ошол эле учурда элдик чогулуш, аксакалдар кеңеши өз маанисин төмөндөткөн эмес. Бирок демократия чектелүүү: жөнөкөй калк, аялдар тике башкаруу укукгунан ажыратылган. Аскердин  арасында  теңчилдик жок  эле, анткени олжонун өлчөмү аскердик ирархияда ээлеген ордуна жараша болгон.

  Аскердик демократия дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде болгон, бирок мамлекеттин пайда болушунда универсалдуу мүнөзгө ээ эмес, б.а. бардык эле элдер аскердик демократия  аркылуу мамлекет түзгөн эммес же аскердик демократия бардык учурда  сөзсүз мамлекеттин пайда болушуна алып келген эмес. Аскердик демократиядан кийин “аскердик ирархиялык” структура пайда болду.  Мындай структурада аскер башчынын бийлиги салтка эмес, социалдык реалдуу күч-кубатка: байлыкка, андан көз каранды болгон адамдардын кеңири чөйрөсүнө, чоролорго күчкө таянган. Чоролорду туугандык, жамааттык байланыш эмес, согушка адистешүү, согуштук  талап-тоноого ынтызарлык бириктирилген. Ар  кандай киши ата-тегине, социалдык статусуна карабай чоро  боло алат, б.а. эркин адам, кул, жат кишилер да чоролордун  катарын толуктай алган. Мындай учурда  аскерлер  жол башчыга өтө берилгендик менен кызмат кылат. Ошондуктан таптар пайда болоор алдында көптөгөн элдерде башкаруучунун тандалма аскерлерин башка жактан келгендер түзгөн. Асер башчынын ролу бара-бара жогорулайт жана  урук-уруу ак-сөөктөрү менен тирешет. Кээде аларды өз эркине баш ийдире алат. Бара-бара  эски ак-сөөктөр жаңы, аскердик ак-сөөктөр тарабынан сурулуп чыгат. Айрым учурда муназа менен аяктаган.

Бул өзгөрүүлөр идеологиялык санкциясын табат. Жол башчы коллективдин бүтүндүгүнүн жана амандыгынын  белгиси  катары  кабыл алынта баштайт. Мындан башкаруучунун бийлигинин сокралдык мүнөзү жөнүндөгү идея п.б. Комдук символу жана амандыктын кепилдиги катары аксакалдар кеңешин, элдик чогулушту жоюп жол башчы, аскер башчы алмаштырат. Бул кубулуштар аскердик демократиянын аскердик иерархия  структурасына  өткөндүгүн  көрсөтөт.

Политегенездин  аристократялык  жолу урук-уруу ак-сөөктөрүнүн жамаатын эркин мүчөлөрүнүн бийликтен ажыратуу жолу менен түзүлөт. Ак-сөөктөр бийликти колуна топтойт, коомдук өндүрүштү башкарууну жана коомдук азык түлүктү бөлүштүрүүнү узурпациялайт. Аскер иши да ошол катмар тарабынан жүргүзүлөт. Асердик  иш  чоң мааниге ээ болгон. Бирок аскердик ак-сөөк түзгөн эмес, ошол себептүү параллель бийлик түзүлбөйт. Коомду идеологиялык  жетектөө да ак-сөөктөрдүн колунда болгон.

Матриалдык  байлыкты  топтоонун, анын  негизинде  көптөгөн жактоочуларга ээ болгон бир адамдын колуна  бийликтин топтолушу плутократиялык жолду түзөт. Мындай бийлик мураска калган эмес, аны мурастоо үчүн  көп  кыйынчылык таратууга туура келген. Анын үстүнө анын бейформалдуу абалы ага тең тайлаш болгон башка да механизмдери болгон. Алардын бири - эркектер союзу. Ал жогоруда көрсөтүлгөн жолдордун ар биринде ушундай ролду ойношу мүмкүн. Бул институт патриархатка өткөндө эркектердин  аялдардын  үстүнөн бийлигин зордук менен орнотуунун каражатына айланат. Ал кечки урук жамаатындагы эркектер үйүнөн өсүп чыккан. Эр үйлөрүнүн милдети эркек балдарды социалзациалоо жана аларды эрезеге жеткендердин катарына кошууго даярдоо эле.

Союз  аялдарды  коркутуу  акциаларын өткөргөн. Союздун  мүчөлөрүнүн, жол башчынын  аты, чогула турган жери, пирлеринин аты, церомониялары жашыруун сакталат. Союздун өзүнө гана түшүнүктүү  тили болгон, катардагы  мүчөлөр аны билбеши да  мүмкүн. Өспүрүмдөрдүн ага кириши анын мурдагы турмушун токтотуп жаңы турмушка өткөнүнүн, б.а өлүп, кайра тирилүүсүн түшүндүрөт. Тактап айтканда инициациянын негизинде союзга кирген өспүрүм энелик урктун мүчөсү катары “өлүп” аталык  уруктун  мүчөсү катары “кайра төрөлөт”. Аялдар союзу да бар экендиги белгилүү, бирок  алардын экономикалык күчү болбогондуктан чоң мааниге ээ эмес болгон.

Эркектер союзу эки башка эрежеде түзүлгөн. Биринчисинде эркектер союзуна кирүү  коомдук кызматка жетүү гана эмес, үйлөнүүнүн да милдеттүү шарты болгон. Ага жашы улуу эркектердин баары кирген. Экинчисинде союзга колунда бар кишилер гана кирген. Союзга  кирүү  үчүн эркек өз мүлкүнүн эсебинен мүчөлүк акы төлөөсү зарыл. Бул эркектер союзунун жеке менчик жана мүлктүк жиктелүү менен тыгыз байланышын  көрсөткөн. Союз өз мүчөлөрүнүн  жеке менчигин  сактоого, көбөйтүүгө кам көргөн. Союзга мүчө болуу эркекке тасирдүү абалды түзгөн. Эркектер союзу саясий бийликтин калыптанышында чоң роль ойногон. Союздун  жетекчилери  уруу  төбөлдөрү  болушкан.  Бара-бара  чоң байлык алардын колуна топтолот жана башкаларга үстөмдүк кыла баштайт.

Бийликти орнотуунун дагы бир механизими жамаатык касталык структура. Ал эмгектин  коомдук бөлүнүшүнүн формаларынын катаал тартибинин натыйжасында пайда болгон. Айрым учурларда мындай структуранын түзүлүшүнө согуштук женип алуулар алып келген. Алмашуунун өнүкпөгөндүгү, уруктар менен жамааттардын  статусунун  ирархияланышы  да  мындай  структуралардын  түзүлүшүн женилдетет.

Бийликти легитимдештирүү сакрализация жолу менен жүргөн.  Жол башчы  коллектив менен сырткы күчтөрдү  байланыштыргыч  катары кабыл алынат. Жол башчынын, анын айланасындагыларын жасаган иштери кудайдын  буйругу катары түшүнүлөт. Бара-бара баардык жаңылыктар: теңсиздик эксплуатация, ж.б. – баары кудайдын буйругу катары кабыл алына баштайт. Албетте аларга каршылык көрсөтүүлөр да болгон. Бирок  акыр  аягында  жалпы тенденцияны токтото алган эмес. Бара-бара сакралдык жолбашчы пайда болот. Ал дининй жолбашчынын ролун да аткарат. Сакралдык башкаруучу коомдун символу. Анын бүтүндүгүнүн жана аман-эсендигинин кепили  катары  кызмат кылган жана жаңы структураларды  бекемдөөгө таасирдүү каражат болгон. Сакралдык башкаруучуларды кудайга теңдештирилген башкаруучулардан айра билүү керек. Кудайга теңдештирилген башкаруучулар таптык коомдо гана пайда болот.

Жогоруда көрсөтүлгөн бийликти орнотуу жолдору акыр аягында саясий бийликти орнотууну даярдады.

Саясий  коомго өткөндө бийлик элден толук бөлүнөт. Анын экономиклык негизи - салык салуу, б.а. кошумча азык-түлүктү алуунун ар кандай жолдору салык салуу менен алмаштырылат.

Ал башкаруу апаратсыз  мүмкүн  эмес  эле башкаруу  апараттын жол башчыга баш ийген аскерлер түзөт. Алар коомдун ичиндеги каршылыкты басат. Зордук-зомбулук аппаратынан сырткары психологиялык жана ноормативдик мажбурлоо чаралары зарыл эле. Дин, мороль укук ошондой механизимдерден болуп калды. Алар эксплуататтордук таптар үчүн кызмат кылууга ылайыкташкан. Коомдук урук-урууга бөлүнүүдөн аймактык бөлүнүүгө өттү. Кандык-туушкандык байланыштардын аймактык байланышка өтүшү жарандык коомдун саясий коомго өтүшүн билдирди.

Жогоруда көрсөтүлгөн үч кырдаал мамлкеттин негизги белгилери  болуп саналат. Булар баары бир учурда калыптанган эмес. Бирок үчөө биригип гана мамлекеттин пайда болорун билдирет. Тарыхта алардын айкалышы ар кандай болгон. Мисалы, эки белгиси болсо, үчүнчүсү жок учурлар көп эле кездешет. Ошондуктан мамлекет жана мамлекетүүлүк элементтери деген түшүнүктөр пайдаланылат.

Бүткүл дүйнөлүк тарыхий процесстин өнүгүшүнүн бир кылка эместигинин натыйжасында  мамлекет жэр шаарынын ар кайсы аймагында ар кайсы мезгилде түзүлгөн.

Саясий коомдо өткөн жамаат өз алдынча социялдык организм болбой калды, мамлекеттин структурасындагы  суборганизимге, административдик жана фискалык структурага айланды. Мамлекет өз көзөмөлү астында  ага белгилүү  бир  өлчөмдө  өзүн-өзү  башкаруу  укугун берет.  Жамаат коомдун экономикалык  ячейкасы  да  болбой калды,  анткени  экономикада  айрым үй-бүлөлөр алдыга чыкты. Бул көрүнүш  алгачкы жамаатык кошунанын жамаатык кошунага өткөндүгүн  билдирет.

Шаарлардын пайда болушу алардын таптардын жана мамлекеттин пайда болушу  менен  байланышы жөнүндөгү маселе алгачкы коомдун тарыхындагы татаал маселелердин бири. Шаарлар алгач мамлекет пайда болгон аймактарда түзүзүлгөндүгү белгилүү. Алгачкы  шаар айыл-чарба тармагынан жана бул аймакты башкаруунун борбору болгон. Ошол эле учурда сыйынуу иштери жүргүзгөн борбор да болушу ыктымал. Мындай шаардык  борборлор  алгач  социалдык-потестардык, кийинчерээк социалдык – саясий уюмга айланат. Алгачкы шаарларда  административдик-сыйынуучулук функция басымдуулук кылган. Шаарлар потестардык-социялдык уюм катары чындалган сайын кол-өнөрчүлүктүн сооданын  борборуна  айлана баштады. Таптар түзүлүп,  политогенез  илгерилеген  сайын шаар административдик, сыйынуучулук, соода – кол өнөрчүлүк борборуна айланат. Ошентип аймактар шаар борборуна жана айылдык периферияга биротоло айланат.

Жамаатын статусунун өзгөрүшү, шаардын пайда болушу таптык коомдун пайда болбогондугун көрсөтөт.