Лекция №10

Тема: Идеологиялык түшүнүктѳрдүн башаттары.

Коллективдин биримдигин сезүү, жаныбарлардын  бир  түрүнѳ  аңчылык кылуу эң диний ишенимдин - тотемизмдин пайда болушуна алып келген. Тотемизмде бир топтогу адамдардын биримдиги жана башка топтон айрымалары ачык кѳрүнѳт.

Мындай биримдикти сезүү пайда болгондугун неандарталь кѳрүстѳндѳрүнѳн кѳрүүгѳ болот. Кѳчүлүк мүрзѳлѳрдѳн аюнун баш сѳѳгү, тиштери же башка сѳѳктѳрү чыгат.

Зубр, ѳгүз, то отеке ж.б.сѳѳктѳрү да коюлган. Булар бир эле мезгилде диний түшүнүктѳрдүн пайда болгондугун кѳрсѳтѳт. Мисалы: мүйүздѳрдүн учунан түбүнѳн кезектештирилип тикесинен сайылып коюлушу ( Тишек-Таш, Орто Азия). Аңчылыкка даярдануудагы репитиция ж.б.дагы бир ишенимдин - магиянын пайда болушун шарттаган. Алгачкы учурда магиялык таасир берүү ( оң же терс) адам аракеттерине гана тиеелүү деп түшүнүкѳн. Убакыттын ѳтүшү менен ар кандай кубулуштарга, буюмдарга ошондой маани бериле баштайт. Бул  примитивдүү  фетишизм. Мисалы: ѳлүктүн зыян экенин сезүү, аны кѳмүү, ага таш бастыруу, байлоо-магиялык аракеттер. Ал эми тумарлардын табылышы фетишизмдин пайда болгондугун далилдейт.

Тотемизмдин пайда болушу ар бир киши тотем жаныбар, ал эми тотем жаныбар коллективдин мүчѳсү катары каралгандагын кѳрсѳтѳт. Коллектив ѳз мүчѳсүнѳ кандай кам кѳрсѳ тотем жаныбар жѳнүндѳ да ошондой кам кѳргѳн. Аларга ошол мезгилде аңчылык кылуудан баш тартуу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан алар жѳнүндѳ  ритуалдык, магиялык кам кѳрүшкѳн. Тотемизм менен магия эрте полеантроптордо калыптана баштаган деп божомолдоого болот.

Археологиялык казуулардан табылган тѳмѳнкү полеолитке тиешелүү сѳѳктѳрдө, таштарда такай кайталануучу оюктар, кесилип жасалган белилер, боек катары кезигет. Түз, ийри, сынык сызыктарды түшүрүү техникасы, чуңкурлардын бир түз сызыкка жайгаштырылышы - булар  булар графиканын пайда болгонун күбѳлѳйт. Алар кандайдыр бир маалыматты билдирип, алгачкы адамдарды байланыштырган ѳзгѳчѳ ыкма болушу мүмкүн. Франциянын түштүгүндѳ  Пеш де л Азе II  турагынан азырынча эң байыркы графика түшүрүлгѳн сызыктар түшүрүлгѳн. Ля Ферраси  үңкүрүндѳ табылган сѳѳктѳ да ошондой эле үчтѳн түшүрүлгѳн сызыктар кезигет. Буюмдардын жайгаштырылышы да үчтѳн кѳбѳйүп отурган цифраларды берет. Мисалы, 3,6,9… Сызыктардын мындай туура формада кайталанып жайгаштырылышы кандайдыр бир багытта ой жүгүртүүнүн пайда болгонун кѳрсѳтсѳ, алардын бирдей санда болушу эсеп жѳнүндѳ да түшүнүктөрү болгондугу жѳнүндѳ божомол айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Минералдык  боектордун издери да табылат. Европанын башка жерлеринен сѳѳктѳргѳ, таштарга  түшүрүлгѳн  чырым  табылат. Молдова I турагынан мамонттун

далысы табылган. Анда чуңкурчалар, сызыктар, чырым чогуу түшүрүлгѳн.

Ташты бѳлүү, курама куралдарды жасоо, отту сактоо ж.б. аракеттер кандайдыр бир жѳндѳмдүүлүктѳрду, түшүнүктѳрдү пайда кылган. Эмгектенүүнүн  натыйжасында иштин бирдей ыргагы, үндѳрдүн бирдей ыргакта чыгышы кѳңүлдү кѳтѳрүшү мүмкүн. Бул ѳз кезегинде жѳнѳкѳй эмгек ыргагынын, музыканын пайда болушун шарттаган болуш керек. Эмгек куралынын симметриялуу  формада туура жасалыщы да эстетикалык жактан кооздукка умтулууну билдирет.

Графиканын алгачкы үлгүлѳрү абстрактуу ой жүгүртүүнүн алгачкы кадамдары пайда болгонун кѳсѳтѳт. Аларды орнамент жасоонун алгачкы кадамдары деп да түшүнүүгѳ болот.

Палеантроптор кызыл, кара боекторду, тегерек, чырым түрүндѳгү формаларды кеңири пайдаланышкан. Турак жайлар, мүрзѳлѳр тегерек формада курулган. Тегерек, кызыл боек, чырым символдорду - бул Күн-оту жѳнүндѳгү түшүнүктѳр менен байланыштырылат. Чырым - кѳмүлгѳндѳрдүн багыты Чыгыш-Батыш, бул астрономиялык, биологиялык, географиялык түшүнүктѳрдүн алгачкы кѳрүнүшү болушу мүмкүн.  Ɵлгѳндѳргѳ  коюлган  гүлдѳрдүн составы медициналык, ботаникалык билимдер жѳнүндѳ кабар берет. Тѳмѳкү полеолитте кѳркѳм образдык чыгармачылык пайда боло баштаган. Бул чыгармачылык синкреттүү  формада болгон б.а.ыр, бий, ж.б. али ѳз алдынча ажырап, ѳзүнчѳ мааниге ээ боло элек эле.