Лекция №31

Тема:Таптык коомдордогу эскинин калдыктары.

Капиталисттик жолду басып өтпөгөн элдерде алгачкы коомдун калдыктары сакталып калган. Бул калдыктардын көпчүлүгү негизинен тап пайда болуу мезгилиндеги структуралар, нормалар жана түшүнүктөр. Аларды эки топко болүүгө болот. Биринчиси – эски эрежелер жана топтор, ал эми экинчиси эски нормалар жана тушунуктор.

Эски структуралар жана топтор: уруулар жана алардын бирикмелери, туугандык структуралар, кошуналык жамаат, жашыруун коомдор, эркектердин жана курдаштардын бирикмелери.

Уруулардын калдыктары жана алардын бирикмелери тоо жериндеги дыйкан-малчыларда, кургакчыл зоналардагы көчмөн  жана жарым көчмөн малчыларда сакталып калган. Себеби аларда таптардын, мамлекеттин калыптанышы жай жүргөн. Бул калдыктар эки формада: биринде этностук уруулук топтор, алардын диалектилик-маданий өзгөчөлүктөрү, аздыр-көптүр экономикалык жана социалдык турмуш биримдиги  бар этносоциалдык уруулук структура, айрым бир бийлик уюмдары сакталган (күрттөр, пуштундар, бедуиндер), экинчисинде этностук уруулук топтордун калдыктары гана сакталган (Түштүк Сибирь элдери, казактар, кыргыздар, түркмөндөр, ногойлор, адыгейлер).

Туугандык  структуралардын  калдыктары таптардын пайда болуу мезгилиндеги патриархалдык уруктарга  окшош: бири-бирине жардамдашат, бири-бирин коргошот, санжырасы, маданияты бир. Уруктун бир гана болугу – патронимия – сакталып калган элдер андан көп. Патронимиялык уюмдар Кавказдагы, Орто Азиядагы, Түштүк Сибирдеги, Волга боюндагы, Четки Түндүкөгү, Белоруссиядагы, Украинадагы, Молдовадагы элдерден жолугат. Алгачкы жамааттык коом кечки энелик уруктун негизинде бузулууга дуушар болгон коомдор таптык коомго өткөндө матронимиялар сакталып калган (ашанти, яо – Тропикалык Африка, кхаси – Индия, минангкабау – Индонезия, наси – Туштук Кытай).

Алгачкы жамааттык коомдун кечки мезгилиндеги кошуналык жамааттын формасы өзгөрүп таптык коомдордо да сакталып калган. Ал жерге жеке менчиктин өнүгүшүнүн аяктабагандыгына, чогуу эмгектенүү муктаждыгына, салык төлөөдөгү колдошууга байланыштуу сакталып калган өндүрүштүк, чогуу тиричилик кылган социалдык топ. Ошол эле себептерден улам үй-бүлөлүк жамааттар да сакталып калган.

Жашыруун коомдордун, эркектер менен курдаштар бирикмелеринин калдыктары Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө, Жер Ортолук денизинин бойлорунда, орто кылымдардын алгачкы мезгилинде Европада, Орто Азияда жана Дагестанда, Түндүк жана Тропикалык Африкада, Мезоамерикада сакталып калган. Жашыруун коомдордун калдыктары Кытай менен Европада бейформал соттордун, тартип сактоо органдарынын ролун аткарган. Эркектердин бирикмелери, көбүнчө  жаштардын топтору аскердик отряд катары кызмат кылышкан. Айрым өлкөлөрдө  чарбалык функцияларды аткарышкан.

Тап пайда болор мезгилде жашыруун топтор жана эркектердин бирикмелери элдик кыймылдардын уюштуруучу борборлору болуп калды. Мисалы, Маздак (Иран), Муканна (Согдиана), карматтар (Тундук Индиядан Түндүк  Африкага чейин). Алар бош убакытты чогуу тамактануу, оюн-зоокторду өткөрүшкөн.

Туугандардын жана кошуналардын  арасында өз ара жардамдашуу, бирин-бири коргоо жана өз ара жоопкерчилик чон роль ойногон. Өз ара жоопкерчиликтин жана бирин-бири коргоонун эн маанилуу нормасы кан кууп өч алуу болгон. Анын калдыктарына өч алуучулар  менен жоопкерлердин чөйрөсүнүн тарышы, кун толоо менен алмаштыруу ж.б. мүнөздүү. Жогорку катмардагылар канга-кан принцибин кармаган, бирок өздөрү кун төлөө менен кутулган. Кундун өлчөмү  да катмарга жараша болгон.

Өз ара жардамдашуу, бирин-бири коргоо эми топтордун ортосундагы меймандостук менен толукталды. Конокторду тосуу жеке (үй-бүлөлөр, патронимия) жана расмий болгон (жергиликтүү бийлик тарабынан). Үстөмдүк кылуучу таптар жеке коноктоого тыюу салып, расмий конокторду тосууга мажбурлаган.

Жасалма  туугандашуу  эрежелери сакталып калган. Баланы төрөткөн аял, ага ат койгон киши, алгач чачын алган киши менен, христиандарда чокундургандар менен, мусулмандарда сүннөткө отургузгун киши менен, баланы тарбиялаган киши менен, уүйлөнгөндөр  өкүл ата, өкүл эне менен туугандашат. Таптык өзгөрүүгө учураган учурда алар патрон – клиентел мамилелеринен көрүнөт: сюзерендер вассалдарын «бала кылып алган».

Никелешүүдө жана үй-бүлөлүк турмушта эски  үрп-адат эрежелери көп кезигет: аялдардын укуксуздугу, калың  төлөө аркылуу үйлөнүү. Мусулман өлкөлөрүндө калың төлөө жөн эле сатып алуу болбогондой түрдө жөнгө салууга аракет кылышкан, б.а. калың ажырашып кеткен ж.б. учурларда пайдаланууга мүмкүн болушу үчүн колуктунун туугандарына эмес, өзүнө төлөнөт. Бирок ата-энесине «эне сутү», «тарбиялагандыгы үчүн» төлөө улана берген. Калың төлөө оор болгондуктан никенин күч күйөө, алмашуу, бел куда, бешик куда, ага-инилердин балдарын үйлөндүрүү, левират, сорорат сыяктуу формаларынын сакталып калышына алып келген. Ала качуу, көп аял алуу, ойноштук, мусулман шииттердин убактылуу никелешүүсү да калыңга байланыштуу сакталып келет.

 Капитализмге чейинки коомдордо ата  үйуй-бүлө мүчөлөрүнө, эне үй-бүлөдөгү кыз-келиндердин баарына башчылык кылган. Эркектер менен аялдардын, улуулар менен кичүүлөрдүн статусунда тең эместик сакталган. Келиндердин абалы бир кыйла төмөн болгон. Үй-бүлөдө эркектерге, улууларга сыйынуу бар эле. Патриархалдык этикет сакталган. Качуу салты да баш ийүүчүлүктү билдирип калган.

Эскинин калдыктары мыйзамдарда, моралда, диндерде да бир топ. Батышта да, Чыгышта да алгачкы мамлекеттердин мыйзамдарында алсыздарды, кедейлерди колдогон талаптар болгон, карызды кечкен жана карыз үчүн кулга айландырууну чектеген нормалар болгон. Шариат бардык катмарлардын теңдигин тааныйт. Алгачкы буддизмде менчиктен баш тартуу адептүүлүк жактан эн мыктылыкка жетүүнүн шарттарынын бири, христианчылыкта байлык айыпталат, исламда бардык адамдар кудай алдында тең, жакырлардын пайдасына салык киргизилген, сүткөрчулук айыпталат.

Иудаизм менен мусулманчылыкта инициациянын калдыгы сакталып калды. Христианчылыктагы чокундуруу да инициациянын калдыгы. Көп кудайга ишенген диндерде ата-бабаларга сыйынуу сакталып калган. Конфуцианстводо ал азыр да бар.

Буддизм-ламаизмде  шаманизмдин калдыктары бар: жиндерди кууп чыгуу, аларга каршы дубаларды окуу, нагуалисттик ишенимдер, магиялык ыкмалар, тотемдик түшүнүктөр.

Эскинин көп  калдыктары  биздин күндөргө чейин жетти. Мисалы, калың, ала качуу салты, көп аял алуучулук ж.б. Алардын көпчүлүгүн элдик салт катары карагандар бар. Маданий релятивистер аларды толук жарамдуу (калдык эмес) маданият  элементтери  катары карашат. Үчүнчүлөр аларды акыры суурулуп чыга турган  калдыктар  катары  карашат.  Муну тарых далилдеп жатат. Трайбализмдин  уруулук  тилектештик,  уруулардын  ортосундагы жаңжалдар, жол башчылардын таасири сыяктуу калдыктары жөнүндө  да ушуну айтууга болот.