Семинардык сабак №1

I - БӨЛҮМ.

Киришүү. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхын изилдөө булактары жана тарыхнаамасы

Тема №1

Аткаруунун түрү жана тапшырмалар

Компе-

тен-

циялар

б-ча тек-шерүү коддору

АЖКТ предмети. АЖКТ окуп үйрөнүү-

нүн мааниси

 

Максаты:

  • АЖКТ окуп үйрөнүүнүн маанисин талдоо;
  • АЖКТ мезгилдештирүү жана хронологиясын аныктоо;

  • АЖКТ мезгилдештирүү боюнча окумуштуулардын көз караштарын белгилөө;

ЖК-1,

КК-4

Аткаруунун түрү: Группа менен иштөө, дискуссия,реферат даярдоо,

«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу, "Кластер" түзүү, презентация жасоо

«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

1.      Студенттер индивидуалдуу түрдө иштешет,  берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

2.      Студенттер өздөрү тарабынан берилген суроолордун баарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Бул тапшырма  студенттердин талкууланып жаткан темага  тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга милдеттендирүү үчүн түзүлгөн.

3.      Студенттер колдон келишинче көбүрөөк суроолорду  колдонуулары керек.

4.      Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир студент талкуу үчүн суроосун сунуштайт.

 

Мисалы: Алгачкы адам баласы боюнча окумуштуулардын (бир окумуштуунун)көз карашы

Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат...?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

Кантип …  түшүндүрүңүз?

Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар?

… жөнүндө мен кандай тыянак чыгара алам?

… менен …. ортосунда кандай айырма бар?

… менен …. окшоштугу кайсы?

… кантип колдоно алам?

… күчтүү жана начар жактары кайсылар?

Кайсынысы эң жакшы … болуп саналат жана  эмнеликтен?

 

"Кластер"

Кластер түзүү – бул маалыматтар, идеялар  жана суроолор картасын түзүү жолу. Кластер түзүү когнитивдүү изилдөөгө негизделет.

Кластер түзүү эмнеси менен пайдалуу?

·   Кластер түзүү Сизге идеяларды издеп табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсыл бир  тартипке келгенге чейин курамдаштырууга  же курамдаштырылганды кайра бузууга  жардам берет.

·     Кластер түзүү бул кайсы бир фактордун  тегерегинде пикир топтоо технологиясы.

·      Кластер түзүү – бул кимдер бирөөнүн тажрыйбасын колдонуу жана ага  форма ыйгаруу техникасы. Жалпысынан бул изилдөө процесси.


Кластерге бөлүү методу

Кластерге бөлүү – бул үйрөнүүчүлөргө кайсыл бир тема боюнча эркин жана ачык ойлонууга жардам берген, ой-жүгүртүүнүн вариативдүүлүгүн, үйрөнүлүп жаткан түшүнүктүн (кубулуштун, окуянын) байланышын жана мамилелерин орнотуу  жөндөмүн өнүктүрүүчү педагогикалык метод. Кластерге бөлүү идеялар ортосундагы байланыштар туурасындагы ой жүгүртүүнү стимулдаштырууга мүмкүнчүлүк берген түзүлүштөрдүн гана бөлүшүн  талап кылат.

Бул ой жүгүртүүнүн сызыктык эмес формасы. Ал биздин мээнин кантип иштеши менен бекем байланышкан.

«Кластер» сөзү бир байлам, таңгак дегенди билдирет. Кластерге бөлүү жаңы ассоциацияларды  чакырат, колдо болгон билимдерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, белгилүү  тема боюнча жаңы түшүнүктөрдү ойлонуу процессине киргизет. Кластерди бөлүүнү белгилүү бир тема кылдаттык менен үйрөнүлгөнгө чейин колдонуу  максатка көбүрөөк ылайыктуу.

Кластерге бөлүү ой-жүгүртүүнүн стимулу катары колдонулат. Кластерди топтук түзүү топтун идеялары үчүн өзөк катары кызмат кылат. Кластерге бөлүү абдан жеңил жана эсте оңой сакталат.

Кластер түзүүнүн ырааттуулугу:

1.      Класттык досканын же кагаздын чоң барагына  негизги сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

2.      Сиздин пикириңизде  берилген тема менен байланышкан сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

3.      Түшүнүктөр менен идеялардын ортосунда  ылайыктуу байланышты орнотуңуз;

4.      Сиздин бардык идеяларыңыз түгөнгүчө же  убакыт бүткүчө идеялардын канча вариантын жаза алсаңыз, ошончону жазыңыз.

Кластер түзүүнүн негизги эрежелери акыл чабуулун өткөрүү эрежелери менен окшош:

1.    Оюңузга эмне  келсе,  ошонун баарын жазыңыз. Бул ойлордун сапатына катуу карабаңыз, аларды жөн гана жаза бериңиз.

2.     Орфографияга, жазуу  ишине  тоскоол болчу башка факторлорго  көңүл бурбаңыз.

3.     Бөлүнгөн убакыт бүтмөйүнчө жазууну токтотпоңуз.

4.     Мүмкүн болушунча көбүрөөк  байланыштарды түзүүгө аракеттениңиз. Идеялардын санын, алардын агымын жана алардын ортосундагы байланышты чектебеңиз.

Кластерге бөлүүнү биринчи жолу киргизип жатсаңыз, бүтүндөй топко тааныш  схеманы тандап алыңыз. Демонстрациялоо максаттарында Атамекен,  Багбанчылык өңдүү жана башка темалар колдонулушу мүмкүн.

 

Адабияттар:

1.      Эралиев С.Н. Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы  Бишкек, - 2014.

2.      Алексеев В.П., Першиц А.И. История первобытного общества: Учебник для вузов по специальности «История». 5-e изд. М., 1999.

3.      История первобытного общества: Эпоха первобытной родовой общины. М., 1986.